Просмотр содержимого документа
«Жомок сабак кыргыз тил»
Илгери – илгери жараткандан кыргыз жаралгандан бери келаткан Сөз деген падыша болуптур. Ал Сырдык деген кыздуу болот.
Сырдык сөз: - Кокуй, ай, ботом, -деп чыгат.
Муг: Ага удаа Тууранды сөз пайда болот.
Тууранды сөз: - Тарс -турс, ош- кош, дук-дук, - деп доскага чыгат.
Муг: - Уул күтүп жүрүп, Зат атооч деген уулду болот. Cүйүнчү тарай электе Эр Этиш туулат. Алар эр жетип, падыша улуу Сөз аталып, ал миңдеген жылдар жашап келгенине байланыштуу кудай болуп калат да, тактыга Зат атооч отурат. Эр Этиш вазир болуп, бардык кыймыл-аракетти, ал-абалды башкарат. Аз өтпөй падышалык жардылана баштайт, кыйналышат. Ошондо Зат атооч Улуу сөзгө кайрылат.
Зат атооч: Оо, Улуу сөз! Биз өнүкпөй калдык! Жарды бойдон калабызбы? Мындан ары эмне кылабыз?
Сөз: Ээ, балам! Силерге сынчы керек! Баскан - турганыңды сындап, сыпаттап турбаса, жакшы- жаманыңды билбей маталасыңар. Сындаганды андан өзүн үйрөнүп ал!
Зат атооч: Аны кантип табам, улуу урматтуум?
Сөз: "Кандай?" деген суроого ким жооп берсе, ошол Сын атооч болот. Аны тапсаң уучуң кеңейип, колуң узарат!
Муг: Ошентип, Зат атооч Эр этишти ээрчитип Сын атоочту издеп жөнөйт.
Бир күнү жолдон асманды карап күбүрөгөн бирөө чыгат.
Сан атооч: - Бир - эки, - Бир - эки…
Эр этиш: -Кандай?
Сан атооч: - Беш!
Эр этиш: -О, Зат аке, ушул го?... Дагы суроо берип көрүңүзчү?...
Зат атооч: - Биз кандай экенбиз?
Сан атооч: - Силер экөөсүңөр.
зат атооч : - Асман кандай?
Сан атооч: - Асман бир, аалам да бир, жылдыз миллион!
Эр этиш: - О Зат аке, бул сынчы эмес эле, санчы Сан атооч турбайбы! Экөөбүз тең санды билбейбиз; жекелик, көптүк дегенден башка. Өлкөбүзгө ала кетели!
Зат атооч: - Мейли!
Муг: - Ошентип, Сан атоочту кошуп ала келатышса, алдыларынан дагы бирөө чыгат.
Ат атооч: -Мен-мен, сен-сен, ал-ал…
Зат атооч: - Кандай?
Ат атооч: - Мен-менмин, сен-сенсиң,тигил-Санчы, бул-Этиш! Мен баарыңардын ордуңарда жүрө аламын.
Зат атооч: - Оо, кокуй, бул Ат атооч турбайбы!Бул да керек, ала кетели!
Эр этиш: - Мейли биз менен болсун.
Муг: Андан нары баратышса, ай-талаада күбүрөнүп бирөө отурат. Алдында аттын куу башы…
Сын атооч: - Аттиңай, сынчылыгым сен билсеңчи…
Тушунда тулпарлыгын мен билсемчи…
Этиш: - Эй, бул эмнең?
сын атооч: - Бул Алпамыштын чаар аты экен!
Этиш: - Ээ, Зат аке, Сын атооч ушул окшойт.
- Суроо берип көрбөйсүзбү?
Зат атооч: - Кандай?
Сын атооч: - Жакшы.
Этиш: - О, Зат аке, дал өзү окшойт.
Зат атооч: - Анда дагы бир нече суроо берип көрөйүн. (Сын атоочко) Кана, кыйын экенсиң жооп берчи суроолорума?
Сын атооч: - Мен билгенди бул отурган балдар деле билет. Сураңыз!
Зат атооч: - Асман кандай?
Баары: - Көк, ачык, булуттуу…
зат атооч: - Жер кандай?
Баары: - Боз, күрөң, тоголок, кыртыштуу…
Зат атооч: - Тоо кандай?
Баары: - Бийик, жапыз, токойлуу…
Зат атооч: - Суу кандай?
Баары: - Таза, тунук…
Зат атооч: - Киши кандай?
Баaры: - Жаман, жакшы, .. ар кандай!
Зат атооч: - Эми өзүң айтчы сен кимсиң?
Сын атооч: - Сын атооч деген мен болом!
Жаман- жакшыга тең болом.
"КАНДАЙ?" десе жооп берем
Сын-сыпатка кен болом!
зат атооч: - Оо, Сынчым, Улуу сөз сага жиберди, бирге бололу деди.
Сын атооч: - Оо, Зат аке, сизге кантип теңелейин. Бирок ак кызмат кылып берейин. Анан менин Тактооч деген тууганым бар. Аны Эр этишке жан-жолдош кылып бер. Анын кыймыл-аракетин ар кандай кырдаалда сындап турсун.
Зат атооч: - Мейли. Биз менен жүргүлө!
Муг: - Мына ошентип, алар жолдуу кайтышты. Келатып жолдон төрт кызматчыга жолугушту.
Зат атооч: - Колуңардан эмне келет?
Байламта: - Мен сөздөрдү байланыштырам!
Жандооч: - Мен сөздөрдү жандайм.
Бөлүкчө: - Мен сөздөргө боёк кошом жана толуктайм.
Модалдык сөз: - Мен сөздөрдү кооздойм.
Зат атооч: - Азаматсыңар!
Этиш: - Баскыла биз менен Сөз өлкөсүнө!
Муг: - Мына ошентип, сөз түркүмү толукталып, сөз дүйнөсү байып, марып калган экен.
Сын атоочтун аркасы менен ар кандай сөздөр биригишет.
- Сын атооч болсо Зат атоочтун оң-терс, жаман-жакшы жактарын эч тартынбай айтып келет. Терс иш кылса "жаман" деп баш чайкады, оң иш кылса "жакшы" деп баш ийкеди.
- Мына сөз түркүмдөрү (таблицага көңүл бурам) ар биринин өзүнчө касиети бар.
Ал эми бул Сын атооч (таблица боюнча) өзүнөн тарагандар "Сапаттык" деп аталып, ''кандай'' деген суроого жооп бергенди үйрөнгөн зат атооч сөздөр "Катыштык" деп аталат: