СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жрт 24 жооптору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жрт 24 жооптору»

ЖРТ кыргыз тили №24

1. Асты сызылган сөздүн метонимиялык мааниде колдонулган учуру кайсы вариантта берилген?

А)Кой терисин жамынгандар көбөйдү

Б)Карасам, ал унаасынын тумшугунда отуруптур.

В)Айтматовду окуп келишибиз керек болчу.

Г)Азыркы аксакалдардан ар түрдүү жорук күтсө болот.

2. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы тең эч катасыз жазылган?

А)тиет, мөңгүлүү, түнкү

Б) сөзсүз, беядеп, аяйын

В)чашчы, иссиз, оюучу

Г)аеропорт, коңгуроо, чумкур

3. Эртең жолго чыгасың бүгүн эрте жатышың керек.

Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөн кийин кайсы тыныш белгиси коюлат?

А)үтүр б)кош чекит в)сызыкча г) тыныш белги коюлбайт

4. теш..., чык..., тынч...

Берилген сөздөргө кайсы варианттагы мүчөлөрдү катарынан уласак, ар бир сөздөн зат атооч жасаган болобуз?

А) –ма, -ыш, -лан б)-лык, - уу, -лык

В)-ыш, -ыш, -чы г)-ык, -ым, -лык

5. Ким тарабынан аткарылгандыгы белгисиз болгон кыймыл-аракеттерди камтыган сүйлөмдөр кайсылар?

I. Бул жерге жаңы үй салып коюшуптур.

II. Үйдүн ичиндеги эмеректер абдан кооз экен.

III.Бул үй жөнүндө баарына айтып берем.

А) I гана Б) II гана

В) I, II гана Г) I,II,III

6. “Айыл” деген сөзгө кайсы катардагы мүчөнү уласак, сын-сыпатты билдирген сөз чыгат?

А) –чы б) –чыла В)-лык г)-уу

7. Кайсы катардагы сөздөрдүн экөөндө тең дефис туура колдонулган?

А)XX –кылым,7-класс Б)нан-пан, инженер-механик

В)премьер-министр, №1-мектеп Г)кенже-лейтенант, Ауди-100

8. Кайсы катарларда сүйлөмдүн асты сызылган бөлүгү мезгилди билдирип турат?

I.Атам жумуштан келгенде, зоопаркка барабыз.

II.Кичине тезирээк болгонумда, кечикмек эмесмин.

III.Жыл жаңыргандан баштап эле, эч бош убактым болбой койду.

IV.Эртең күн ачык болсо, паркка барып келиш керек.

А)I,II гана б)II, II гана В)I,III гана г)I,III,IV гана

9. Аны ийге келтирүү кыйын.

Сүйлөмдөгү асты сызылган сөз айкашы кандай мааниде?

А)алдоо б)үйрөтүү в)ырдатуу г)көндүрүү

10. Берилген сүйлөм бөлүктөрүн кандай тартипте жайгаштырсак, эң туура сүйлөм түзгөн болобуз?

I.кийин кол тийбей калчудай

II.жумуштарымды бүтүрүп коюп

III. бир аз эс алып алайын

IV.көл жээгине барып

А)IV,I, II, III б)I, III, II, IV в)II, IV, III, I г)III, I, IV, II

11. Сен чыгарманын бул бөлүгүн окуп кел. Анан уландысын айтып берем.

Жогорудагы сүйлөмдөрдү бириктиргенде, кайсы сүйлөм эң туурасы болот?

А)Сен чыгарманын бул бөлүгүн окуп келериң менен, уландысын айтып берем.

Б)Сен чыгарманын бул бөлүгүн окуп келсең, уландысын айтып бермекмин.

В)Сен чыгарманын бул бөлүгүн окуп келгениңде, уландысын айтып бермекмин.

Г)Сен чыгарманын бул бөлүгүн окуп келсең да, уландысын айтып берем.

12. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы тең туура эмес жазылган?

А)Түндүк Америка, оштук, Жети-Өгүз, “Кымбат” дүкөнү

Б)түндүк америка, Оштук, Жети Өгүз, Кымбат дүкөнү

В)Түндүк америка, оштук, Жети Өгүз, “Кымбат” дүкөнү

Г)түндүк Америка, Оштук, Жети Өгүз, Кымбат дүкөнү

13. Бардыгы этиштен жасалган сөздөрдүн катары кайсы?

А)угуз, кечки, кыйынсың

Б)жаан, келгин, тайма

В)агар, качанаак, кубар

Г)ачылма, эртеле, тойгуз

14. Кайсы варианттагы сүйлөмдө тыныш белгиси туура эмес коюлган?

А)Шашсаң – жаңыласың

Б)Конференцияга негизи баары – мугалимдер да, окуучулар да келет.

В)”Мен ооруп жатам,” – деди Элнур.

Г)Акча түгөндү – иштеп башташ керек.

15. Кайсы катардагы сөздөрдүн экөө тең туура жазылган?

А)вариант, мурунку б)бүгүнкү, жазгы

В)аёо, чекчеет г)коркунучтуу, танкы

16. Сынакка даярдана албай калдым ... .

Жогорудагы сүйлөм кандай толукиалышы керек?

А)начар жазып коюшум мүмкүн Б)китебим жок болчу

В)баргым келген жок г)кечигип да баратам

17. Кайсы катардагы асты сызылган сөз адамды билдирет?

А)Бул ыйык ишке кол тийгизип койбосок болбойт.

Б)Бул келишимге кол коёрдон мурда жакшылап ойлон.

В)Мындай жумушту жалгыз бүтүрө албайм, кол керек.

Г) Майда-барат жумуштарга кол тийбейт экен.

18. Кайсы катардагы сүйлөмдөрдө асты сызылган сөздөр этиштик мааниде колдонулган?

I.Баарын баштап коюп, билмексең болуп отурасың.

II. Эртеңден баштап үй тапшырмаларын катуу текшеребиз.

III.Баласын күткөн апасы жол карай берип, көзү тешилмей болду.

IV. Бул жерде турганда пайда жок, үйгө карай баса берейин.

А)II,III Б)I, III В)I, IV Г)бардык

19. Кайсы сүйлөмдө – ганы мүчөсү мезгилди билдирип турат?

А)Мен бул жерге келгени, эт көрө элекмин.

Б)Аябай иштеп, жыгылганы калыптыр.

В)Мен айылга эс алганы баратам.

Г)Иштегени жакпасада да, сүйлөгөнү жаксын.

20. Эмнеге бул романдын атын Чагылган деп койдуңуз?

Сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

А)үтүр Б)тырмакча в)сызыкча г)бардыгы жетиштүү

21. Ат тезегин кургатпай барып келе кал!

Сүйлөмдөгү асты сызылган сөз айкашы кандай мааниге келет?

А)бекер отурбай б)ылдам

В)атты чарчатпай г)жай

22. Кайсы варианттагы сөз тизмегинин соңуна чекит коюлса, өз алдынча сүйлөм боло алат?

А)китеп окуп жаткан – досум

Б)китеп окуп жаткан досум

В)досум китеп окуп

Г)дос жөнүндө окуу

23. Кайсы катардагы асты сызылган сөз өзүнчө бир суроого жооп боло албайт?

А) Кичине ары жылып коюңузчу!

Б)Жипти тартып жиберсем, жарык күйүп калса болобу?

В)Мурун жашоо мынчалык татаал болбосо керек.

Г)Төрт жылдан бери бул жерде эмнелер гана болгон жок.

24. Асты сызылган сөздөрдүн кайсылары сүйлөмдө ээлик милдет аткарышат?

I. Билим – ийгилик ачкычы.

II. Мал багып деле жашаса болот.

III. Бул жерден телевизор көрүүгө болбойт.

IV.Көз айнек сага жакшы жарашып калат экен.

А) I,II Б)III, IV в)II, III Г)I,IV

25. Бул дүйнөдө бактылуу болуунун ачкычы – жөнөкөй жашоо. Анткени жер жүзүндөгү эң жөнөкөй, карапайым жашаган адамдар гана жашоодон ыракат алары анык. Алардын дайыма шаңдуу, көңүлдүү жүрүшүн байкоого болот.Колунда байлык жана менменсинүү болбогондуктан, алар эл көрсүн үчүн же байыш үчүн жан талашпастан, жыргап-куунап жашоону каалашат. Демек, бактылуу болуу байлыктан жана атактан деш толугу менен туура эмес.

Жогоруда кептин кайсы түрү берилген?

А)баяндоо

Б)Сүрөттөө

В)ой жүгүртүү

Г)элестетүү

26. Вулкан – конустук формадагы жанар тоо. Кратер – вулкандын чокусундагы чуңкур. Бул жерден лава, ысык газ жана күл атылып чыгат.

Жогорудагы текст кайсы стилде жазылган?

А)иш кагаздарынын стили

Б)көркөм стиль

В) илимий стиль

Г)публицистикалык стиль

27. Кайсы катардагы асты сызылган сөз кыргыз адабий тилине ылайык келбейт?

А)Ассалом алейкум, аба! Жакшыбысыз?

Б)Машинага тезирээк түшкүлө!

В)Биз илгери ал айылга көп барчубуз.

Г)Акчам түгөнүп калган болчу.

28. Туткунга түштү деп эле, жонунан ... ала берүү туура эмес.

А)Көп чекиттин ордуна кандай сөз келиши керек?

А) суу б)кайыш

В)май г)жан

29. Айтса жүрөккө, чапса билекке.

Бул сүйлөмдө кайсы тыныш белгиси зарыл?

А)Үтүр б)кош чекит

В)сызыкча г)тыныш белгиси зарыл эмес

30. Кайсы катардагы сөздөрдүн эки варианты тең туура?

А)чаап, чабып Б) аеропорт, аэропорт

В)көмүп, көөмп г)жердик, жерлик.

















1-в, 2-а,3-в,4-г, 5-а,6-в, 7-б, 8-в,9-г, 10-в,11-а, 12-г, 13-б, 14-б, 15-в, 16-б, 17-в, 18-б, 19-а, 20-б, 21-б, 22-а, 23-г, 24-г, 25-в, 26-в, 27-а, 28-б, 29-в, 30-г.