Мөңгүлөр азайып баратат
Соңку 20-30 жыл арасында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 25-30% кыскарганы жана азайып жаткандыгы айтылууда. Эксперттер мөңгүлөрдүн эриши бул аймактарга, суу таңсыктыгы менен бирге глобалдык (10) коркунучтарды алып келерин эскертишүудө. Бирок бул көйгөй дагы эле көңүл бурулуп, иликтенбей келет. Кыргызстан ичүүчү суунун кору боюнча дүйнөдөгү сейрек өлкөлөрдүн бири. Жергиликтүү жигердүү адамдар тобу Борбор Азияны суу менен камсыз (20 ) кылып турган Кыргызстан мөңгүлөрүн сактоого жапатырмак киришүу демилгесин көтөрүүдө. Алай районунун Акимбек Кыдыралиев кол сунса жеткидей көрүнгөн ак кар, көк музду асман мелжиген тоолордун кыйла (30) алыстаганын айтат. “Муну акыркы кездерде айылдын аксакалдары да белгилөөчү болду”, -дейт. Чындыгында, 20 жыл мурда эле, биз жайлоого чыккан мезгилде мөңгүлөр жайы-кышы турчу эле. Алайдагы Жошолу деген айылды эле алалы, суудан тушкөн (40) мөңгүдөн машиналар өтчү эле. А азыр ал муздар, мөңгүлөр жок. Сары-Таштын Памир тоолору тарабындагы мөңгүлөр билинип эле турат жылганы. Асман мелжиген кыргыз тоолорундагы сегиз минден ашуун мөгүлөр глобалдык жылуулуктан (50) улам азайып баратканын адистер да белгилеп келишет. Дуйнөдө акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгу ээрип кетсе, Кыргызстанда 25-30% жоголгон. Адистердин баамында аба ырайы эки градуска жылыган учурда Күнгөй Ала -Тоонун түштук (60) кырка тоо тарабында мөңгүлөрдун аянты 76%га, түндук тарабында 32%га азаят. Нарын дарыясынын куймаларындагы мөңгүлөр өзүнүн аянтын 50%га чейин жоготушу мүмкүн. Акыркы мониторингге караганда, жылына бир пайыздан ( 70) мөңгүлөр азайып атат. Демек, жүз жылдан кийин бул жок болуп кетиши мүмкүн. Биз муну эл аралык коомчулук менен бирге чечишибиз керек. Анткени мөңгүнү изилдеген илимий мекемелер, окумуштууларыбыз жокко эсе. Айрым изилдөөчүлөрдүн (80) айтымында, глобалдык жулуулуктун натыйжасында Борбор Азия чөлкөмүндө жаан-чачын көбөйүп, дарыялардын суусу арбып, селдер жүрүшу мүмкүн. Ошону менен бирге эле мөңгү суулары азаят. Экологиялык Мерцбахер атындагы “Мөңгү” корунун (90) жетекчиси Үрүстөм Кабылбековдун айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышы менен жоголушу эпидемиялык жактан да коркунучтарды алып келиши ыктымал. Тоолуу жер болуп, эпидемия тез өөрчүшү мүмкүн. Биринчиден, Борбор Азияда 55-60млн киши (100) биздин сууну ичип жатат. Мөңгүлөр ээрип кетсе, алып келинген суу менен багуу акылга сыйбаган чындык да . Суу – негизге байлык. Дүйнө жүзүнүн төрттөн үч бөлүгүн суу ээлейт. Ошондой болсо да акыркы учурда суу жетпеген (110) мамлекеттердин сан 60-65%га чейин жетти. Дүнөдө 5 миллиард киши таза сууга жетпей жашайт. Коңшу мамлекеттер миңдеген жерлерди иштетип, сууну эл аралык нормага ылайык колдонулбагандыктан Арал деңизине суу жетпей келет. (120) Андыктан деңиз жээгинен туз иретинде көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөргө таасир этүүдө. Экинчиден, кийинки учурларда токойлордун кыйылып жатканы да мөңгүлөрдүн эришине алып келүүдө. Себеби, бир гектар токой жыл ичинде 50 (130) тонна чаңды жутуп, өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар бийиктикке чыгып, шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө. Кээ бир мамлекеттер мөңгүлөрдү жасалма сактап келишет. Бул үчүн абадан күн ысыгын өткөрбөй турган (140) жылтырактарды мөңгүлөргө жабуу жолун колдонуп келишет. Демек, аракет кылса болот. Жерлерди жашылдандыруу, Борбрдук Азияны түгөл электирлештирүүгө киргизишибиз керек. Мындан сырткары электр энергиясынын ордуна (150) көгүлтүр отту колдонуу зарыл. “Көп түкүрсө көл болот” демекчи, баарыбыз жапатырмак аракет жасашыбыз керек. Анткени суу – биздин байлыгыбыз. Байлыгыбызды туура пайдаланалы. Улуулар: “Эмнени кор кылсаң, ошого зар болосуң” , - деп бекеринен айтпаса керек.
1.Төмөнкүлөрдүн кайсынысы 105-113-саптарындагы ойду толугураак чагылдырат?
а) Суу-негизги байлык. Ошондуктан туура пайдалануу керек. б) Таза суу дүйнө жүзүндө глобалдык көйгөйгө айланды. в) Жер бетинин төрттөн үч бөлүгүн суу ээлейт, бирок адамзат аны туура пайдалана албай жатат. г) Мөңгүлөрдүн ээрип кетүүсү чоң коркунучка алып келет.
2. 75-79 саптарда айтылган ой 12 – 14- саптарда берилген ойлорго карата
а) көйгөй жана анын тыянагы б) ой жана аны бышыктоо в) натыйжа жана анын себеби г) ой жана аны ырастоо
3. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы бул текстте берилген эмес.
а) изилдөөчүлөрдүн божомолдору б) мөңгүлөрдүн ээрип кетүусүнүн кесепети в) мөңгүлөрдү сактап калуунун ыкмалары г) мөңгүлөрдүн кантип пайда болуусу
4. 158-161- саптарда берилген ойду эмне деп аныктаса боло т?
а) улуулардын тажрыйбасы б) элдин ишеними в) улуулардын кыялы г) карыялардын билими
5. 82 – 104- сапдарда берилгендер 6- 11- саптарда берилген ойдун
а) уландысы б) күчөтүлүшү в) кайталанышы г) далили
6.Текст боюнча мөңгүлөрдүн азайып кетүусүнө эмне себеп? 1-туз иретиндеги чаңдар 2- жаан –чачындын азайышы 3- глобалдык жылуулук 4- бак –дарактардын кыйылуусу 5- сууну туура эмес пайдалануу
а) 1, 2, 3, 4, б) 1, 3, 4, 5 в) 2, 3, 4 г) 1, 2, 3, 4, 5
7. Текстте айтылгандар автордун
а) иликтөөсү б) эскерүүсү в) баяндоосу г) иш тажрыйбасы
8. Текст кайсыл стилге тиешелүү?
а) илимий стиль б) көркөм-публицистикалык в) публицистикалык г) илимий- популярдуу
9. 144-154 –саптарында берилген ойдун маанайы
а) кайрылуу б) сунуш в) өкүнүү г) жыйынтыктоо
10. Текст аркылуу автордун берейин деген ою эмне?
а) дүйнөлүк суу көйгөйун чечүү б) мөңгүлөрдүн ээрип кетүу себептерин аныктоо в) көйгөй жана анын алдын алууга чакыруу г) окумуштуу - изилдөөчүлөрдү ойготуу