Просмотр содержимого документа
«ЖРТке даярданууга алгачкы кадам»
Ийгилик ачкычы изденүүдө
Жалпы Республикалык тестке даярданабыз!
ЖРТтин максаты жана мазмуну
- o Жогорку билим алууга эң мыкты даярдыгы бар бүтүрүүчүлөрдү тандап алуу;
- o Тандап алуу жана кабыл алуу системасын түп тамырынан өзгөртүү аркылуу жогорку билимдин жалпыга бирдей болушун камсыздоо.
Тесттин максаты: Теориялык билимди текшерүү эмес, тескерисинче, алган теориялык билимин практикада кандай колдоно алат, жаш жеткинчектердин ой жүгүртүүсүнүн туура багыт алышын аныктоо.
Теориялык билим
Ой жүгүртүү
- Эгер Совет доорунда салыштырмалуу теориялык билимге басым жасалса, практикалык жагы экинчи орунда калып, окуучунун эске тутуу сезими гана өркүндөтүлгөн, башкача айтканда, алган маалыматты эске тутуп, ошол алган маалыматты сынакта айтып берсе, анын билими жогору бааланган
- Ал эми ой жүгүртүүнүн жогорку ыкмалары: анализ, синтез, баалоо сыяктуу түрлөрүн өркүндөтүүгө жана кырдаалдан чыгуу көндүмдөрүн калыптандырууга толук кандуу жетише алган эмеспиз.
Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы
- Бул бөлүмдө бүтүрүүчү кыргыз тилинин грамматикасынын эрежелерин кандай өздөштүрө алган жана эң негизги максаты реалдуу турмуштук жагдайларда колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалоо, мына ушул маселенин тегерегинде иштейбиз.
- Бул бөлүмдө тесттин суроолору тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы болгон лексика бөлүмүнөн башталат. Көп маанилүү сөздөрдөн баштап, синоним, антоним, омоним жана фразеологизмдер берилет.
- Берилген 30 суроонун 4 суроосу лексика бөлүмүнөн болот
- Окуучулардын тил байлыгы мол болуш үчүн активдүү колдонулган фразеологизмдерди үйрөнүү керек.
Мисалы: «Бербестин ашы, бышпас»- деген сүйлөмдө кандай адам жөнүндө сөз болуп жатат?
А. сараң Б. ач көз
В. Жалкоо Г. унутчаак
Тесттеги 30 суроонун 9 суроосу морфология бөлүмүнөн болот. Мисал келтире кетсек: Илимдин күчү, ............... укмуш экен го! Жогоруда берилген сүйлөмдөгү бош орунду кайсы сөз менен толуктасак, мааниси туура болот? А. Аттиң Б. Чиркин В. Кокуй Г. Атаганат
Эң татаал суроолор синтаксис бөлүмүнөн түзүлөт. Мисалы: Ал жылкычы. Асты сызылган сөздөн кийин кандай тыныш белгиси коюлат? А. үтүр Б. сызыкча В. көп чекит Г. коюлбайт.
Тил бир түрдүү калыпка салынган, жалпы эл аны так сактап, жаза жана айта ала турган үлгүдө колдонулушу керек экендигин окуучуларга түшүндүрүү зарыл. I. уучта, чачучтук, тынчтык, үч жашта II. уушта, чачуштук, тынштык, үш жашта, III. учтуу, ачты, күчтүү, качты IV. уштуу, ашты, күштүү, кашты Кайсы варианттагы сөздөр адабий нормага ылайык жазылган? А. I, II Б. III, IV В. I, III Г. II, IV
Аналогиялар (Окшоштуктар)
- Аналогия грек тилиндеги «analogos» деген сөздөн алынган,окшоштук деген маанини туюндурат.
Аналогияларды туура табуу төмөндөгу негиздерге келип таянат:
- Окуучунун логикалык ой жугүртүү деңгээли
- Окуучунун сөз байлыгы
Аналогиялык тестти иштөөдөгү кадамдар: 1. Жуп сөздөрдүн ортосундагы байланышты туура табуу; 2. Табылган байланышты варианттагы жуп сөздөрдөн табуу.