СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жугуштуу оорулар.pptx

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жугуштуу оорулар.pptx»

40 жалпы билим беруу орто мектеби  Мугалим: Аманбаева Гулкайыр

40 жалпы билим беруу орто мектеби Мугалим: Аманбаева Гулкайыр

Социалдык долбоор Жугуштуу оорулар

Социалдык долбоор

Жугуштуу оорулар

Долбоордун максаты: Жугуштуу оорулар жөнүндө кеңири түшүнүк Жугуштуу оорулардын түрлөрү Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана сактануу жолдору

Долбоордун максаты:

  • Жугуштуу оорулар жөнүндө кеңири түшүнүк
  • Жугуштуу оорулардын түрлөрү
  • Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана сактануу жолдору
Долбоордун актуалдуулугу Оору кайда болсо, жан ошол жерде!

Долбоордун актуалдуулугу

Оору кайда болсо, жан ошол жерде!

Жугуштуу оорулар деген эмне? 1.Оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия) пайда кылып, соо кишиге оорулуудан жана бактерия алып жүрүүчүлөрдөн жугуучу оорулар;  2. Жугуштуу оорулардын пайда болуу себептерин, өнүгүү механизмин, белгилерин изилдөөчү жана аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу медициналык дисциплина. Кишинин Жугуштуу ооруларга туруктуулугу жашына, чымырлыгына, тамак тануусуна, жашоо шартына жана башка байланыштуу. Чарчоо, витамин, белок жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, түрдүү операция, тамак-аштан, дары-дармектен, химиялык заттардан уулануу жана башка организмдин инфекцияга туруктуулугун төмөндөтүп, ооруга шарт түзөт.

Жугуштуу оорулар деген эмне?

  • 1.Оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия) пайда кылып, соо кишиге оорулуудан жана бактерия алып жүрүүчүлөрдөн жугуучу оорулар; 2. Жугуштуу оорулардын пайда болуу себептерин, өнүгүү механизмин, белгилерин изилдөөчү жана аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу медициналык дисциплина. Кишинин Жугуштуу ооруларга туруктуулугу жашына, чымырлыгына, тамак тануусуна, жашоо шартына жана башка байланыштуу. Чарчоо, витамин, белок жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, түрдүү операция, тамак-аштан, дары-дармектен, химиялык заттардан уулануу жана башка организмдин инфекцияга туруктуулугун төмөндөтүп, ооруга шарт түзөт.
 Жугуштуу оорулар ошондой жаш балдарда жана улгайган адамдарда кезигет. Оору козгогуч айлана-чөйрөдө түрдүү жолдор менен тарайт. аба аркылуу таралуучу жана ошондой (грипп, кызылча жана башка) адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө; тери жугуштуу оорулары оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо; баш келте, кене жана чиркей энцефалити кан соргуч курт-кумурскалар (бит, чиркей, машаа) аркылуу таралат.

Жугуштуу оорулар ошондой жаш балдарда жана улгайган адамдарда кезигет. Оору козгогуч айлана-чөйрөдө түрдүү жолдор менен тарайт.

  • аба аркылуу таралуучу жана ошондой (грипп, кызылча жана башка) адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө;
  • тери жугуштуу оорулары оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо;
  • баш келте, кене жана чиркей энцефалити кан соргуч курт-кумурскалар (бит, чиркей, машаа) аркылуу таралат.
Азыркы учурда жугуштуу оорулардын түрлөрү кеңири жайылууда Сасык тумоо Гепатит Коронавирус

Азыркы учурда жугуштуу оорулардын түрлөрү кеңири жайылууда

  • Сасык тумоо
  • Гепатит
  • Коронавирус
Сасык тумоо Сасык тумоо инфекциялык оорулардын эң коопту жана оор абалга алып келуучу, аба аркылуу тез жугуп таркап кетуучу ооруларга кирет, анткени бул оору менен ооруганда бронхиалдык системалар жабыркап, көп учурда өрчүшүп кетет. Шартка ылайык, сасык тумоо,организмди бутундой ууландыруу менен бирге, жогорку дем алуу органдарын жабыркатат. тез өрчүшүп кетүүсү менен сасык тумоо абдан кооптуу оорулардын катарына кирет, мисалы, өпкөнүн сезгенүүсү, ошондой эле сасык тумоо болгондо организмде көптөгөн башка оорулар козголот.

Сасык тумоо

  • Сасык тумоо инфекциялык оорулардын эң коопту жана оор абалга алып келуучу, аба аркылуу тез жугуп таркап кетуучу ооруларга кирет, анткени бул оору менен ооруганда бронхиалдык системалар жабыркап, көп учурда өрчүшүп кетет. Шартка ылайык, сасык тумоо,организмди бутундой ууландыруу менен бирге, жогорку дем алуу органдарын жабыркатат. тез өрчүшүп кетүүсү менен сасык тумоо абдан кооптуу оорулардын катарына кирет, мисалы, өпкөнүн сезгенүүсү, ошондой эле сасык тумоо болгондо организмде көптөгөн башка оорулар козголот.
Сасык тумоо эң башкы симптому - бул дененин температурасынын көтөрүлүшү (39-40градус), чыйрыгуу, муундардын оорушу, бут дененин алсыздыгы, баш ооруу, жарыктан корку сезиминин пайда болуусу, көз чункурларынын оорушу, дененин тердеши. Оорулуу адамдын табити төмөндөп, уйкусу бузулуп, оозу кургап, түш көрүп жатканда өзүнчө сүйлөнүшү мүмкүн.

Сасык тумоо эң башкы симптому -

  • бул дененин температурасынын көтөрүлүшү (39-40градус), чыйрыгуу, муундардын оорушу, бут дененин алсыздыгы, баш ооруу, жарыктан корку сезиминин пайда болуусу, көз чункурларынын оорушу, дененин тердеши. Оорулуу адамдын табити төмөндөп, уйкусу бузулуп, оозу кургап, түш көрүп жатканда өзүнчө сүйлөнүшү мүмкүн.
Сасык тумоонун пайда болуу себептери Көп учурда жугуу булагы ал оору менен жабыркаган адам болот, аба аркылуу, кол кармашканда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө сасык тумоо адамдан адамга жугат. Сасык тумоо оорусу кышкы мезгилде күчөп, эпидемия мүнөзүндө болот.

Сасык тумоонун пайда болуу себептери

  • Көп учурда жугуу булагы ал оору менен жабыркаган адам болот, аба аркылуу, кол кармашканда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө сасык тумоо адамдан адамга жугат. Сасык тумоо оорусу кышкы мезгилде күчөп, эпидемия мүнөзүндө болот.
Белгилери   • Оорунун алгачкы мезгилдеринде оорулуунун дене табы көтөрүлүп, алсырайт, тамакка болгон табити жоголот; • Эмчектеги бала ооруса эмбей калат; • Чоң кишилер шалдырап, жүрөгү айланып, кускусу келет; • Оорунун алгачкы үч күнүндө дене табы 37.3, 37.5 гана болуп, оору көп байкалбайт.

Белгилери

  • • Оорунун алгачкы мезгилдеринде оорулуунун дене табы көтөрүлүп, алсырайт, тамакка болгон табити жоголот;
  • • Эмчектеги бала ооруса эмбей калат;
  • • Чоң кишилер шалдырап, жүрөгү айланып, кускусу келет;
  • • Оорунун алгачкы үч күнүндө дене табы 37.3, 37.5 гана болуп, оору көп байкалбайт.
Оорунун биринчи симптомдорун сезгенде, төмөнкү чараларды көрүү керек: суюктукду коп ичуу керек,  малинадан же карагаттан компот жасап ысык түрдөө ичүү зарыл, мурунга интерферон суюктугун тамчылатып жылуу жуурканга оронуп, астынарга жылуу суу куюлган бөтөлкөлөрдү тердөө максатында салып алсаңар эң жакшы болот,  кайнатылган суусундуктардан көп ичуу, жана вируска каршы дарыларды ичип баштоо керек, ушундай шарттарды сактасаңар сасык тумоо оорусу оорчулуксуз 3-4 күндө тарап кетет.

Оорунун биринчи симптомдорун сезгенде, төмөнкү чараларды көрүү керек:

  • суюктукду коп ичуу керек,
  • малинадан же карагаттан компот жасап ысык түрдөө ичүү зарыл,
  • мурунга интерферон суюктугун тамчылатып жылуу жуурканга оронуп, астынарга жылуу суу куюлган бөтөлкөлөрдү тердөө максатында салып алсаңар эң жакшы болот,
  • кайнатылган суусундуктардан көп ичуу, жана вируска каршы дарыларды ичип баштоо керек,
  • ушундай шарттарды сактасаңар сасык тумоо оорусу оорчулуксуз 3-4 күндө тарап кетет.
Сактануу жолдору — Сасык тумоодон сактануунун эң жөнөкөй каражаты бул жүз-каптар (маска), бир жүз-капты 3 саат гана жүзүңүзгө тагып жүрүүгө болот. Же маска респиратор колдонуу керек, — Аймактык, шаардык ооруканалардан сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү, негизи сасык тумоого каршы 6 айда бир эмдөөдөн өтүп турсаңар сасык тумоодон алысыраак болосуздар. — Сасык тумоо болуп ооруп жаткан адам менен сүйлөшүүгө туура келсе 1 метрдик аралыкты сактаңыз жана чүчкүрүп же жөтөлгөндө 2 метрге алыс болуңуз. — Өздүк гигиенаны жана суукка урунуп калуудан сак болуңуз. Жука кийим менен сейилдебегиле, колуңарды самындап жуугула. — Кыштын абдан суук күндөрү шарфты маска кылып жүзүңөрдү жаап алгыла, кышкы муздак температурадагы аба менен дем алганда тамагыңарды тез эле оорутуп аласыз.

Сактануу жолдору

  • Сасык тумоодон сактануунун эң жөнөкөй каражаты бул жүз-каптар (маска), бир жүз-капты 3 саат гана жүзүңүзгө тагып жүрүүгө болот. Же маска респиратор колдонуу керек,
  • Аймактык, шаардык ооруканалардан сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү, негизи сасык тумоого каршы 6 айда бир эмдөөдөн өтүп турсаңар сасык тумоодон алысыраак болосуздар.
  • Сасык тумоо болуп ооруп жаткан адам менен сүйлөшүүгө туура келсе 1 метрдик аралыкты сактаңыз жана чүчкүрүп же жөтөлгөндө 2 метрге алыс болуңуз.
  • Өздүк гигиенаны жана суукка урунуп калуудан сак болуңуз. Жука кийим менен сейилдебегиле, колуңарды самындап жуугула.
  • Кыштын абдан суук күндөрү шарфты маска кылып жүзүңөрдү жаап алгыла, кышкы муздак температурадагы аба менен дем алганда тамагыңарды тез эле оорутуп аласыз.
Статистика Дүйнөдө бир жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп , анын ичинен 2 миллиону оорунун тереңдеп кетишинен улам көз жумат. Сасык тумоо менен ооруган аламдын шилекейинин 1 тамчысында 100 минден-1 миллионго чейин вирустук бөлүкчөлөр болот. Сырткы чөйрөдө  сасык тумоонун  вирусу өзүнүн активдүүлүгүн  72 саат бою  сактайт. Сасык тумоо менен  ооруган  адам айлана чөйрөгө  7-10 күн  бою  кооптуу. Тажрыйбада сасык тумоо менен ооруган 1 адам учакта баратып 4 саат ичинде жүргүнчүлөрдүн 72% на ооруну жуктурганы белгилүү болгон.

Статистика

  • Дүйнөдө бир жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп , анын ичинен 2 миллиону оорунун тереңдеп кетишинен улам көз жумат.
  • Сасык тумоо менен ооруган аламдын шилекейинин 1 тамчысында 100 минден-1 миллионго чейин вирустук бөлүкчөлөр болот.
  • Сырткы чөйрөдө  сасык тумоонун  вирусу өзүнүн активдүүлүгүн  72 саат бою  сактайт.
  • Сасык тумоо менен  ооруган  адам айлана чөйрөгө  7-10 күн  бою  кооптуу.
  • Тажрыйбада сасык тумоо менен ооруган 1 адам учакта баратып 4 саат ичинде жүргүнчүлөрдүн 72% на ооруну жуктурганы белгилүү болгон.
Чүй областы боюнча 2019- жылдын 9 ай ичинде саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылган бейтаптардын ичинен 12 бейтапка сасык тумоо оорусунун диагнозу коюулган, анын ичинен 8 учуру - 14 жашка чейинки балдар, Катталган 11938 учур өткүр респиратордук вирустук инфекциянын ичинен 14 жашка чейинки балдардын арасында 8164 учур, 68,4% ды түзүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөндөй сасык тумоо жана өткүр респиратордук вирусттук инфекциясы негизинен 14 жашка чейинки балдардын арасында көп катталууда.
  • Чүй областы боюнча 2019- жылдын 9 ай ичинде саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылган бейтаптардын ичинен 12 бейтапка сасык тумоо оорусунун диагнозу коюулган, анын ичинен 8 учуру - 14 жашка чейинки балдар,
  • Катталган 11938 учур өткүр респиратордук вирустук инфекциянын ичинен 14 жашка чейинки балдардын арасында 8164 учур, 68,4% ды түзүүдө.
  • Жогоруда көрсөтүлгөндөй сасык тумоо жана өткүр респиратордук вирусттук инфекциясы негизинен 14 жашка чейинки балдардын арасында көп катталууда.

Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда

Гепатит же сарык оорусу

  • боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт.
  • Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда "боткин" деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.
Оору кандай жол менен жугат? Гепатит илдети жугуу жолу боюнча эки чоң түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү турмуштук шартта эле жугат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Алардын көбү жаш балдар болот. Ал эми В, С, D түрлөрү болсо оорулуу адамдан соо адамга кан аркылуу жугат. Мисалы, баңги ийнелер, сакал алган устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр жана тиш жулуучу каражаттардан жугат.

Оору кандай жол менен жугат?

  • Гепатит илдети жугуу жолу боюнча эки чоң түргө бөлүнөт.
  • Гепатиттин А жана Е түрү турмуштук шартта эле жугат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Алардын көбү жаш балдар болот.
  • Ал эми В, С, D түрлөрү болсо оорулуу адамдан соо адамга кан аркылуу жугат.
  • Мисалы, баңги ийнелер, сакал алган устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр жана тиш жулуучу каражаттардан жугат.
Оорунун белгилери Гепатит оорусуна кабылган адамдын алы кетет; анализдери нормадан бузулат; заара, көздүн кареги да саргара баштайт.

Оорунун белгилери

  • Гепатит оорусуна кабылган адамдын
  • алы кетет;
  • анализдери нормадан бузулат;
  • заара, көздүн кареги да саргара баштайт.
Оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек? Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн: жашылча-жемишти сөзсүз жууп жеш керек; арыктан аккан таза эмес сууну ичпеш керек; үйдү, окуган, иштеген жерди таза кармоо керек; ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щетка, сүлгү, жаш балдардын идиш-аягы); ошондой эле убагында эмдөөдөн өтүү керек.

Оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек?

  • Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн:
  • жашылча-жемишти сөзсүз жууп жеш керек;
  • арыктан аккан таза эмес сууну ичпеш керек;
  • үйдү, окуган, иштеген жерди таза кармоо керек;
  • ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щетка, сүлгү, жаш балдардын идиш-аягы);
  • ошондой эле убагында эмдөөдөн өтүү керек.
Статистика 2019-жылы 6 айдын ичинде республика боюнча сарык оорусу менен ооруган 3032 адам катталган. Анын ичинде гепатиттин А түрү менен 2759 адам, Е түрү менен 1 адам, В түрү менен 169, С түрү менен 43 жана D түрү менен бир адам бар. Ал эми 59 оорулуу гепатиттин кайсы түрүнө кабылганы аныктала элек. Гепатиттин А түрүнө кабылган 2759 адамдын 90 пайызы жаш балдар. Алардын үчөө убагында туура диета кармабай, өмүрү менен кош айтышкан.

Статистика

  • 2019-жылы 6 айдын ичинде республика боюнча сарык оорусу менен ооруган 3032 адам катталган.
  • Анын ичинде гепатиттин А түрү менен 2759 адам, Е түрү менен 1 адам, В түрү менен 169, С түрү менен 43 жана D түрү менен бир адам бар. Ал эми 59 оорулуу гепатиттин кайсы түрүнө кабылганы аныктала элек. Гепатиттин А түрүнө кабылган 2759 адамдын 90 пайызы жаш балдар. Алардын үчөө убагында туура диета кармабай, өмүрү менен кош айтышкан.
Коронавирус деген эмне? Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго жана ичеги-карындын оорушуна алып келет. Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.

Коронавирус деген эмне?

  • Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.
  • Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.
Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.

Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган.

  • XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.
Жаңы типтеги 2019-nCoV коронавирусу Учурда актуалдуу болуп жаткан вирус дал ушул. Ал узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тарады. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. 5-январда ооругандардын саны 60ка жетип, алардын жетисинин абалы оор болгон. Ал эми 9-январь күнү гана кытайлык адистер оорунун козгогучун нуклеин кислотасы аркылуу аныктап, ал коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташты.

Жаңы типтеги 2019-nCoV коронавирусу

  • Учурда актуалдуу болуп жаткан вирус дал ушул. Ал узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тарады. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. 5-январда ооругандардын саны 60ка жетип, алардын жетисинин абалы оор болгон. Ал эми 9-январь күнү гана кытайлык адистер оорунун козгогучун нуклеин кислотасы аркылуу аныктап, ал коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташты.
Вирус эмнеден чыкты? Учурда кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Алар вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада анын генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.

Вирус эмнеден чыкты?

  • Учурда кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Алар вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада анын генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.
Илдеттин белгиси Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитети коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен. Ал арада Россиянын

Илдеттин белгиси

  • Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитети коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен.

Ал арада Россиянын "Вектор" илимий борборунун кызматкерлери коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы түрүн лаборатория шартында диагноздоо үчүн каражатты жети күндүн ичинде иштеп чыгышкан

Адамдан адамга жугат Кытайлык адистер коронавирустун жаңы тиби аба аркылуу адамдан адамга жугарын аныкташкан. Оорулуу адамдарды сураштыра келгенде алардын үй-бүлөсү вирустун очогу болгон Ухань шаарына барып келишкенин айтып беришкен. Ошондой эле бейтаптар менен иштешкен дарыгерлер да ооруга чалдыккан. Мындан улам адистер вирус жугуштуу деген бүтүмгө келишкен.

Адамдан адамга жугат

  • Кытайлык адистер коронавирустун жаңы тиби аба аркылуу адамдан адамга жугарын аныкташкан. Оорулуу адамдарды сураштыра келгенде алардын үй-бүлөсү вирустун очогу болгон Ухань шаарына барып келишкенин айтып беришкен. Ошондой эле бейтаптар менен иштешкен дарыгерлер да ооруга чалдыккан. Мындан улам адистер вирус жугуштуу деген бүтүмгө келишкен.
Дарттын дабасы табыла элек Учурда коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо жолу так аныктала элек. Россия оорунун вакцинасын даярдоого ниеттинип, ага жарым жыл кетиши мүмкүндүгүн жана бул арзан болбой турганын жар салды.

Дарттын дабасы табыла элек

  • Учурда коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо жолу так аныктала элек. Россия оорунун вакцинасын даярдоого ниеттинип, ага жарым жыл кетиши мүмкүндүгүн жана бул арзан болбой турганын жар салды.
Саякатчылардын кулагына күмүш сырга •  Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу; •  Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо; •  Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек; •  Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо; •  Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап); •  Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жуу; •  Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.

Саякатчылардын кулагына күмүш сырга

  • Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу;
  • Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо;
  • Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек;
  • Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо;
  • Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап);
  • Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жуу;
  • Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.
Жыйынтыктоо «Сактансаң сактаармын» демекчи ар кимибиз өзүбүзгө сак болуп, медицина кызматкерлери айткан эрежелерди так сактаңыздар! Эгерде өткүр респиратордук же жугуштуу оорулардын белгилерин байкап калсак, дароо оорунун алдын алуу чараларын көрүңүздөр! Эгерде кокустан ооруп калсак, сөзсүз түрдө медицина кызматкерлерине кайрылыңыздар! Создуктуруу же камарабастык өтүшүп кетүүгө алып келет да, башка кооптуу ооруларды козголтот!

Жыйынтыктоо

  • «Сактансаң сактаармын» демекчи ар кимибиз өзүбүзгө сак болуп, медицина кызматкерлери айткан эрежелерди так сактаңыздар!
  • Эгерде өткүр респиратордук же жугуштуу оорулардын белгилерин байкап калсак, дароо оорунун алдын алуу чараларын көрүңүздөр!
  • Эгерде кокустан ооруп калсак, сөзсүз түрдө медицина кызматкерлерине кайрылыңыздар!
  • Создуктуруу же камарабастык өтүшүп кетүүгө алып келет да, башка кооптуу ооруларды козголтот!
*Сасык тумоолоп калган адам кол берип учурашпоосу абзел, анткени кол микробдорду ташуучу роль ойнойт. Мен сасык тумоолоп калдым деп айтып кол сунбай баш ийкеп учурашуу керек. Аны менен сиз вирустардан качкан болосуз. *Таза абада чуркаңыз, басыңыз. Мындай учурда сиз сасык тумоо оорусуна туш болуу коркунучунан кутулган болосуз. *Үйүңүздөгү кичинекей эмеректерди дезинфекциялоону унутпаңыз. Эшиктин туткасы, телевизордун пульту, муздаткычтын эшиги, кол жуучу чорголор жана телефон, компьютер микробдордун уясы. *Туура тамактануу жана көнүгүүлөрдү жасоо: витаминдүү жашылча-жемиштерди көп колдонуңуз. Эртең менен турганда 10-15 мүнөт убактыңызды көнүгүүлөргө арнаңыз.
  • *Сасык тумоолоп калган адам кол берип учурашпоосу абзел, анткени кол микробдорду ташуучу роль ойнойт. Мен сасык тумоолоп калдым деп айтып кол сунбай баш ийкеп учурашуу керек. Аны менен сиз вирустардан качкан болосуз.
  • *Таза абада чуркаңыз, басыңыз. Мындай учурда сиз сасык тумоо оорусуна туш болуу коркунучунан кутулган болосуз.
  • *Үйүңүздөгү кичинекей эмеректерди дезинфекциялоону унутпаңыз. Эшиктин туткасы, телевизордун пульту, муздаткычтын эшиги, кол жуучу чорголор жана телефон, компьютер микробдордун уясы.
  • *Туура тамактануу жана көнүгүүлөрдү жасоо: витаминдүү жашылча-жемиштерди көп колдонуңуз. Эртең менен турганда 10-15 мүнөт убактыңызды көнүгүүлөргө арнаңыз.