СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жумуш жана өндүрүмдүүлүк

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жумуш жана өндүрүмдүүлүк маселелери

Просмотр содержимого документа
«Жумуш жана өндүрүмдүүлүк»

Жумуш жана өндүрүмдүүлүк маселелери


  1. Бир робот 1 саатта 12 тетик жасайт, ал эми экинчи робот 3 саатта 18 тетик жасайт. Экөө биригип 36 тетикти канча саатта жасай алат?

А) 3 саат

Б) 4 саат

В) 2 саат

Г) 5 саат

Д) 2,5 саат



  1. Эки жумушчу биргелешип бир эле жумушту 6 саатта бүтүрөт. Эгерде биринчи жумушчу өзү жалгыз бул жумушту 15 саатта бүтүрсө, анда экинчиси ушул эле жумушту өзү жалгыз канча саатта бүтүрө алат?

А) 12 саат

Б) 8 саат

В) 14 саат

Г) 16 саат

Д) 10 саат


  1. Биринчи түтүк аркылуу бассейн 10 саатта, ал эми экинчиси аркылуу 15 саатта толот. Эгерде бул эки түтүктү тең бир убакытта ачып койсок, анда бассейн канча саатта толмок?

А) 10

Б) 8

В) 7

Г) 5

Д) 6


  1. 12 жумушчу бир эле жумушту 8 күндө бүтүрсө, анда ушул эле жумушту 16 жумушчу канча күндө бүтүрөт?

А) 6

Б) 4

В) 5

Г) 7

Д) 9



  1. Эгерде 3 робот 2 саатта 18 тетик жасаса, анда ушундай эле 2 робот 3 саатта канча тетик жасай алат?

А) 12

Б) 16

В) 18

Г) 14

Д) 15



  1. Эки жумушчу биргелешип бир үйдү 8 саатта сырдап бүтүшөт. Эгерде биринчи жумушчу бул ишти өзү жалгыз 12 саатта бүтүрсө, экинчи жумушчу бул ишти өзү канча саатта бүтүрө алат?

А) 12

Б) 16

В) 18

Г) 20

Д) 24



  1. Актан 15 мүнөттө 6 маселе чыгарат, ал эми Адилет 10 мүнөттө 7 маселе чыгарат. Эгерде экөө биргелешип иштесе 20 мүнөттө канча маселе чыгарат?

А) 26

Б) 22

В) 13

Г) 28

Д) 32



  1. Биринчи наабайчы 1 саатта 24 нан жабат, ал эми экинчи наабайчы 3 саатта 36 нан жабат. Эгер бул экөө биргелешип иштесе 6 нанды канча мүнөттө жабат?

А) 15

Б) 30

В) 10

Г) 20

Д) 12


  1. Бүгүн Айнуранын туулган күнү. Аны туулган күнү менен куттуктап достору Асел менен Жазгүл смс жазышты. Эгерде Асел 1 мүнөттө 82 тамга, ал эми Жазгүл 1 мүнөттө 150 тамга тере алса, төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсылары туура?

I Айнура Аселдин куттуктоосун биринчи алат

II Айнура Жазгүлдүн куттуктоосун биринчи алат

III Аселдин эмгек өндүрүмдүүлүгү Айнуранын эмгек өндүрүмдүүлүгүнөн чоң

А) III гана

Б) II гана

В) I гана

Г) I жана II

Д) I жана III


  1. Бир үймөк чөп бир короо койго 30 күнгө жетет. Ушул эле чөп бир короо уйга 10 күнгө жетет. Эгерде бул чөптү бир убакта койлорго да, уйларга да берсек канча күнгө жетмек?

А) 15

Б) 8

В) 6

Г) 7,5

Д) 6,5


Жооптору:


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

В

Д

Д

А

В

Д

Б

В

Б

Г