Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева _________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө
Сабактын методу: эвристик
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Аӊгемелешүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Зордук-зомбулук, үй-бүлөдөгү зордук зомбулук, зордук-зомбулуктун түрлөрүн окуп үйрөнүшөт. | Зордук-зомбулук боюнча айтып бере алышса; Зордук зомбулуктун түрлөрү боюнча өз ойлорун бөлүшүп, топто талкуулай алышса; үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча айтып бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Зордук-зомбулуктун себептери, алдын алуу боюнча түшүнүгү өнүгөт. Өз укугун коргоого, башкалардын укугун сыйлоого, өз милдеттерин так аткарууга тарбияланышат. | Зордук-зомбулуктун себептерин жана алдын алууну топто талкуулай алышса; Окуучунун укуктары жана милдеттерин айтып бере алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Зордук-зомбулук;
Зордук-зомбулуктун түрлөрү;
Зордук зомбулуктун себептери жана алдын алууну;
Укук жана милдет;
Зордук-зомбулуктун балдардын келечегине тийгизген таасирин билишет.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Зордук-зомбулук, үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун мааниси боюнча маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Интернет булактарынан алган маалыматтары боюнча, күнүмдүк турмуштан ар кандай зомбулук жана анын түрлөрү боюнча маалымат бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 40 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:4-6 мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-23 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):9-11 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү:
Бири-бирине мимика жест менен жагымдуу маанай тартуулоо
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1.Балдардын кандай укуктары бар?
2.Бүгүнкү күндө балдардын укуктары корголуп жатабы?
3.Балдардын укуктары кайсы учурларда бузулат жана катип укуктарын коргоо керек?
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Үй- бүлө коомдун тиреги. Коом болсо ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнүн негизинде куралат.Үй-бүлөнүн биримдиги,ынтымагы-коомдун ынтымагы жана биримдиги болуп саналат
Үй-бүлөнүн жазылган да, жазылбаган да укук жана милдеттери бар
Бул милдеттерди так аткарган үй-бүлө мүчөлөрү коомдо дагы өз милдеттерин так аткарышат
Зордук-зомбулук – бирөөнүн үстүнөн башка бирөөлөрдүн үстөмдүк жүргүзүүсүнөн пайда болгон коомдук теңсиздик
Yй- бүлѳдѳгү зордук-зомбулуктун себептери
Yй- бүлѳдѳгү зордук-зомбулуктун себептеринин бири болуп зордук зомбулук кѳрсѳткѳн адамдын үй- бүлѳ жѳнүндѳгү стереотиптери. Мисалы: кичинекей кезинен эле бала уруш-талашты кѳрүп ѳсүп калса, психологиялык травма алып, социалдык жана жеке ѳздүк канаттандырбоо аны кичинекей кезиндеги ѳксүгүн толтурганга түрткү берет;
Жумушсуздук , социалдык жактан ѳзүн ашыкча сезүү, акчанын жоктугу, үстү-үстүнѳн келген кѳйгѳйлѳр адамды стресске алып келип, чегине жеткенде ѳзүнүн күчүн башкаларга кѳргѳзгүсү келет.
Дагы бир себеп-бул ичимдиктер. Алкаголь адамдын ѳзүн-ѳзү башкаруу контролунан чыгарып кылган иштеринин баарын акталуу менен жаап кетет.
Yй- бүлѳдѳгү зордук-зомбулуктун себептеринин бири болуп зордук зомбулук кѳрсѳткѳн адамдын үй- бүлѳ жѳнүндѳгү стереотиптери. Мисалы: кичинекей кезинен эле бала уруш-талашты кѳрүп ѳсүп калса, психологиялык травма алып, социалдык жана жеке ѳздүк канаттандырбоо аны кичинекей кезиндеги ѳксүгүн толтурганга түрткү берет;
- Зордук-зомбулукка туш болгон бала өмүр бою ичинде нааразычылык сезимдерин топтой берет. Аракка берилип, кылмыштуу дүйнөгө аралашып кеткен учурлар көп кездешет. Анткени алар мындай жүрүм-туруму менен коомдон өч алгысы келет. Аларда "эмнеге башкалардын балалыгы жакшы болгон, эмнеге меники зомбулукта өткөн?" деген сезим бар.
Ошентип алар коомдон өч алгысы келет, кылмышкерлер, аракечтер, баңгилер чоңойот. Эгерде турмуш курса ажырашуулар болушу мүмкүн. Анткени балдар бири-бири менен туура сүйлөшкөндү, мамиле түзгөндү билбей, алар үчүн уруп-сабоо, кыйкыруу, жаман сөз айтуу көнүмүш адат болуп, тынч жашоону элестете албай калышат. Ата-энесинин жаман адаттарынын баары кийин баланын жашоосунда кайталанып, чынжыр сыяктуу айланып турат.
Коомдогу көп бактысыз адамдардын катмарын балалык кезде зомбулук көргөндөр түзөт. Өзүнө-өзү ишенбеген, бактысыз, нааразы адамдар көбөйүп, психологиялык гана эмес, физиологиялык да оорулар пайда болот. Ал тургай онкологиялык оорулардын таржымалы да кээде зомбулукка барып такалат.
Канададан тышкары АКШда да 4 598 кишинин катышуусу менен бул жаатта атайын илимий тажрыйба болгон. АКШнын Федералдык саламаттыкты сактоо борбору узак мөөнөттүү атайын программа менен зомбулукка учураган кишилердин шилекейинен ДНК анализ алышып, алар чалдыккан ооруларды иликтеген. Бала кезде зомбулукка учурагандар көбүнчө жүрөк, өпкө, диабет жана Альцгеймер же карыганда акылдан адашууга чалдыгары аныкталган.
зомбулукка кабылган балдардын өмүрүндөгү бул жагымсыз окуяны дарылоо бир топ кыйын
Зордук-зомбулуктун түрлѳрү
Психологиялык зордук зомбулук
Психологиялык зордук зомбулук эӊ кѳп катталган зордук зомбулуктун түрү болуп саналат. Андан кѳбүнчѳ аялдар жана балдар жапа чегет. Психологиялык зордук зомбулукка: басынтуу, кемсинтүү, коркутуу (үркүтүү) ж.б кирет.
Жабыр тарткандар дайыма депрессия абалында болуп, тынчсызданып, түнт, ѳзүнѳ болгон ишенимин жоготуп, ѳзүн-ѳзү баалоосу тѳмѳнкү болот жана алар суицидке жакын болушат.
Физикалык зордук зомбулук
Физикалык зордук зомбулук деп, денесине тийгизген терс таасирдүү зордук д.а. Аларга уруу, сабоо, кыйноо ж.б кирет. Физикалык зордук зомбулуктун деӊгээли ар кандай болот. Ал денеге тийгизген кичинекей уруудан, ѳлүмгѳ чейин алып барган уруу, соккуулар. Бул формадагы зордук зомбулукту аныктоо оӊой себеби аны денедеги тактардан билип алса болот. Мындай зордук зомбулукту кѳп учурда эркек киши кѳрсѳтѳт.
Yй- бүлѳдѳгү зордук-зомбулуктун натыйжалары
Ѳлүм
Ден-соолугунан айрылуу
Психологиялык травма
Физикалык жактан дене мүчѳлѳрүнүн жок болуп калышы
Зордук зомбулук циклдик түрдѳ кайталанат. Кордук кѳргѳн бала кайра башкаларга кордук кѳргѳзүшү мүмкүн.
Yй- бүлѳдѳгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам
Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жогорку жаза - аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек дешет байкоочулар. Мунун эң башкы себеби, аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Экинчиден, аялдар арыз менен кайрылган чакта да укук коргоо органдары тарабынан бул маселе аягына чейин чыгарылбай калган учурлар бар. Ал эми маалыматы болгондору кризистик борборлорго кайрылат. Кыргызстанда бул багытта иш алып барган 10дой кризистик борбор бар. Алардын бири “Сезим” кризистик борбору.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун укуктары
– үй-бүлөдө зомбулук жасалгандыгынын фактысы же аны жасоо коркунучу туулгандыгы жөнүндө ички иштер органына, болбосо прокуратурага мамлекеттик, болбосо расмий тилдерде арыз берүүгө;
– медициналык мекемеге жеткирилүүгө жана алгачкы медициналык жардам алууга;
– өзүнүн каалоосу боюнча коопсуз жайга, болбосо социалдык тейлөөнүн аймактык атайын мекемесине жайгаштырылууга;
– өзүнүн коопсуздугунун корголушу, юридикалык жардам жана кеңеш алуу жөнүндө маалымат алууга;
– зомбулук жасаган адамдын жүрүм-турумун коомдук уяткарууга алуу максатында жашаган жери боюнча аксакалдар сотуна кайрылууга;
– зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн коргоо ордерин алууга, болбосо тийиштүү органдарга кайрылууга.
Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын милдеттери
– үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан арызды кабыл алууга жана каттоого;
– үй-бүлөлүк жаңжал чыккан жерге өзүнүн өкүлүнүн болуусун камсыз кылууга;
– тараптардан сурап билүүгө;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга зарыл кеңештерди берүүгө жана коргоо ордерлеринин берүү тартибин, болбосо үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуунун тартибин түшүндүрүүгө;
– зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканды медициналык мекемеге же коопсуз жайга, болбосо социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жеткирүүнү уюштурууга;
– үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу чараларын көрүүгө;
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди аткарууга;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга убактылуу коргоо ордерин, болбосо соттук коргоо ордерин берүү үчүн материалдарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн материалдарды даярдоого;
– аймактык социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте ыркы жок үй-бүлөлөр менен дайыма профилактикалык иш жүргүзүүгө.
Статистика
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондордун 95% аялдар жана балдар. Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп көзү-башы көгөрүп жүргөн аялдар миңдеп саналат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Зордук-зомбулуктун себептери кандай?
Зордук-зомбулуктун кантип алдын алсак болот?
Үйгѳ тапшырма:
Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө темасында эссе жазып келүү
Баалоо:
Критерийлер менен баалоо топто жана жеке
“5”- Өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан жаӊы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча, экиден , топто иштеше алса , алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
“4”-жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса
“3”- жогорудагылардын экөөнө катыша албаса
“2”-таптакыр эле аракети жок болсо