СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класстарда математиканы окутуунунун практикуму

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
ОГПИ Колледж. Бк-17к-8

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эки айылдан бирдей убакта бири-бирин көздөй эки жөө жүргүнчү чыкты. Биринчи жөө жүргүнчү 5км/саат, ал эми экинчиси 4км/саат ылдамдык менен жүрүшөт.Эгер айылдардын арасындагы аралык 36кмге барабар болсо, канча сааттан кийин алар кезигишет?

Варианты ответов
  • 5 сааттан кийин
  • 4 сааттан кийин
  • 6 сааттан кийин
Вопрос 2

Эки айылдан бири-бирин көздөй эки атчан адам чыгышты.Алардын бирөөсүнүн ылдамдыгы 13км/саат жана алар 4 сааттан кийин кезигишкен. Эгер айылдардын арасындагы аралык 100км ге барабар болсо, экинчи атчан адамдын ылдамдыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • 12км/саат
  • 48км/саат
  • 13км/саат
Вопрос 3

Эки жөө жүргүнчү А пунктунан бирдей убакта карама-каршы багытты көздөй чыгышты. Үч сааттан кийин алардын арасындагы аралык 33км ге барабар болду. Жөө жүргүнчүнүн бирөөсүнүн ылдамдыгы 6км/саатка барабар болсо, экинчисин ылдамдыгын тапкыла.

Варианты ответов
  • 4км/саат
  • 3км/саат
  • 5км/саат
Вопрос 4

Эки станциялардын арасындагы аралык 40кмге барабар. Бул станциялардан бир убакта бир багытты көздөй жүк ташуучу поезд жана тез жардам поезддери чыгышты. Эгер тез жардам поездинин ылдамдыгы 80км/саатка барабар болсо, канча сааттан кийин ылдамдыгы 60км/саатка барабар болгон жүк ташуучу поездден ашып өтөт?

Варианты ответов
  • 3 саат
  • 2 саат
  • 5 саат
Вопрос 5

Моторлуу кайыктын агым боюнча ылдамдыгы 12км/саат, эгер агымдын ылдамдыгы 2км/саатка барабар болсо, кайыктын өздүк ылдамдыгын тапкыла.

 

Варианты ответов
  • 10км/саат
  • 12км/саат
  • 13км/саат
Вопрос 6

Болот күнүнө китептин 5 бетин окуп чыгат. Эгерде китеп 235 беттен турган болсо, жалпы китепти окуп чыгууга канча күн сарпталат?

Варианты ответов
  • 50
  • 48
  • 47
Вопрос 7

Катчы 168 беттен турган кол жазманы печаттап жазып чыгуу керек эле. Эгерде катчы күнүнө 8 беттен кол жазманы терип жазса, кол жазманы жазууга канча күн керектелет?

Варианты ответов
  • 21 күн
  • 25 күн
  • 22 күн
Вопрос 8

Эки  же андан көп амал менен чыгарылган маселе кандай аталат?

Варианты ответов
  • Практикалык
  • Жөнөкөй маселе
  • Алгебралык маселе
  • Курама маселе
Вопрос 9

Математикалык маселелердин чыгарылышын текшеруунун жолдору.

Варианты ответов
  • Алгебралык, арифметикалык, практикалык, графиктик.
  • Толук аныкталган, толук эмес аныкталган, ашыгы менен аныкталган
  • Мазмунун өздөштүрүү, чыгарууну изилдөө, планын аткаруу, текшерүү
  • Тескери маселе түзүү,чамалоо (прикидка), маселени бир нече жолдор менен чыгаруу, маселеде берилген катышты берилгендер менен туура келтирүү
Вопрос 10

Л (литр)  кайсы чондуктун бирдиги?

Варианты ответов
  • Узундук
  • Көлөм
  • Аянт
  • Масса
Вопрос 11

21416*23 төмөнкүлөрдөн толук эмес көбөйтүндүнү ата.

Варианты ответов
  • 21416•23
  • 64248
  • 428320
  • 492561
Вопрос 12

Жагы 8 см болгон квадраттын аянтын төмөнкүлөрдөн тап  16см2

Варианты ответов
  • 64см2

  • 64см

  • 16см2

  • 60см2

Вопрос 13

Сандарды жазуу түрүндө бөлүү кайсы разряддан башталат

Варианты ответов
  • Бирдик
  • Жогорку
  • Айырмасы жок
  • Миңдик
Вопрос 14

Башталгыч  класстарда кыймылды аныктоочу чоңдуктар.

Варианты ответов
  • Баасы, саны, наркы
  • аянт, масса,
  • Аралык, убакыт, ылдамдык.
  • S=а•b
Вопрос 15

Дүкөнчү текчеге 55 сомдук 4 китеп, 30 сомдук 2 китеп койду. Текчеге канча сомдук китеп коюлду? Маселени чыгаруунун туюнтмасын төмөнкү жооптордон көрсөт.

Варианты ответов
  • (55 +4 )+ ( 30 + 2 )
  • 55 * 30 + 4 *2
  • 55*4 + 30*2
  • ( 55*4)*( 30*2)
Вопрос 16

Маселени чыгаруунун туюнтмасын түз:  Маратка апасы 320 сомго костюм, 170 сомго ботинка сатып берди. Апасынын айлыгы 585 сом болсо, анда анын дагы канча акчасы калды?

Варианты ответов
  • 585 – (320+170)
  • 320+170+585
  • (320+170) – 585
  • 585:320 – 170
Вопрос 17

Туюнтмадагы амалдарды аткаруу тартибин белгиле: 

1340 : 4 – 16 * 3 + 1001                       

Варианты ответов
  • Бөлүү, көбөйтүү, кошуу, кемитүү
  • Бөлүү, көбөйтүү, кемитүү, кошуу
  • Көбөйтүү, бөлүү, кошуу, кемитүү
  • Көбөйтүү, кошуу, кемитүү
Вопрос 18

Маселени чыгаргыла: Машина саатына 90 км ылдамдыкта жүрөт. 210 минутада канча жол жүрөт?

Варианты ответов
  • 250км
  • 315км
  • 350км
  • 375км
Вопрос 19

Тик бурчтуктун аянты 96 см2, бир жагы 12 см. Экинчи жагын аныкта

Варианты ответов
  • 8
  • 12
  • 8см2

  • 84см

Вопрос 20

Белгисиз кемитүүчүнү табуу үчүн

Варианты ответов
  • Кемүүчүгө айырманы кошуу керек
  • Кемүүчүдөн айырманы кемитүү керек
  • Айырмадан кемүүчүнү кемитүү керек
  • Кемүүчүнү айырмага бөлүү керек
Сохранить у себя: