СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ЖРТ Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы боюнча тест

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
ЖРТ боюнча тест 20 суроо аткаруу үчүн 30 минута

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кайсы вариантта каалоо-тилектин белгиси бар?

Варианты ответов
  • Бүгүн мен иштемек эмесмин.
  • Ушул сынакты жакшы тапшырсак экен.
  • Ал кече сабакты абдан кызыгуу менен укту.
  • Достор, киного кеттик!
Вопрос 2

Кайсы варинаттагы сөздөр туура ташымалданган?

Варианты ответов
  • туу-ра, кий-ин, ра-йон
  • жал-гыз, комп-лект, то-коч
  • пар-та, кай-мак, гал-стук
  • дек-абрь, тар-уу, бал-ык
Вопрос 3

Айбек, Бермет, Улан студенттер. Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөн кийин кайсы тыныш белгиси коюлат? 

Варианты ответов
  • үтүр
  • кош чекит
  • сызыкча
  • тыныш белгиси коюлбайт
Вопрос 4

Кайсы варианттагы белгиленген сөз заттын түсүн билдирип турат?

Варианты ответов
  • Ал бул даражага ак эмгеги менен жеткен.
  • Көөнү ак адамдар менен гана болгонду каалайм.
  • Ал ак жеринен эле жумуштан бошотулду.
  • Окуучулардын баары ак көйнөк кийип келишти.
Вопрос 5

Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы эч катасыз жазылган?

Варианты ответов
  • түнкү,келээр, отургус
  • мурунку, жашаар, тургуз
  • таңкы, кетер. тарынчаак
  • көтөрүнкү, табар, ыйлаак
Вопрос 6

"корс" деген сөзгө кайсы катардагы мүчөнү уласак, тууранды сөздөн кыймыл-аракетти билдирген сөз келип чыгат?

Варианты ответов
  • -ын
  • -ылда
  • -ында
  • -ынт
Вопрос 7

Бардыгы туура ташымалданган сөздөрдүн катары кайсы? 

Варианты ответов
  • жар-лык, ка-бар, тарс-ылда
  • галс-тук, програм-ма, а-па
  • ча-пан, тайгал-ак, то-лук
  • мый-зам, же-ңиш, де-кабрь
Вопрос 8

Ал азыр ашка аралашып калды. Сүйлөмдөгү асты сызылган туюнтма эмнени билдирип турат?

Варианты ответов
  • чоңоюп калгандыкты
  • казан-аякка аралашкандыкты
  • оорудан айыккандыкты
  • тамакты жактырбагандыкты
Вопрос 9

Бүгүн чыга албайм жумушум абдан көп. Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөн кийин кайсы тыныш белги коюлат?

Варианты ответов
  • үтүр
  • кош чекит
  • сызыкча
  • тыныш белгиси коюлбайт
Вопрос 10

Суу..., тик..., чын..., намыс... Берилген сөздөргө кайсы варианттагы мүчөлөрдү катарынан уласак, ар бир сөздөн ар башка жаңы сөз жасаган болобуз?

Варианты ответов
  • -к, -ла, -чыл, -көй
  • -лык, -ыш, -чыл,-нын
  • -чы, -ыш, -ла, -луу
  • -ла, -ды, -лык, -лан
Вопрос 11

"Тээжик" деген сөзгө кайсы катардагы мүчөнү уласак, сын атоочтон кыймыл-аракетти билдирген сөз келип чыгат?

Варианты ответов
  • -гыз
  • -дыр
  • -лан
  • -ыш
Вопрос 12

Мен сабакка кеч калдым: ...  . Жогорудагы сүйлөм кандай толукталыш керек?

Варианты ответов
  • автобус кеч келди
  • мугалимден тил уктум
  • сабакка кирбейм
  • үйгө да кеч бардым
Вопрос 13

Акматтын эстүү баласы атасына акарат кылып, бой көтөрүптүр. Сүйлөмдө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

Варианты ответов
  • үтүр
  • сызыкча
  • тырмакча
  • бардыгы жетиштүү
Вопрос 14

Андай жылкы мүнөз немелер менен жашаш кыйын. Сүйлөмдөгү асты сызылган туюнтма кимдерди билдирет?

Варианты ответов
  • жөө күлүктөрдү
  • батымы жок адамдарды
  • жүдөө адамдарды
  • каардуу адамдарды
Вопрос 15

Кайсы катардагы сөздөрдүн бир варианты туура эмес жазылган?

Варианты ответов
  • тээп, тебип
  • бара жатат, баратат
  • түрдүү, түрлүү
  • алып бер, алпер
Вопрос 16

Кайсы катардагы сөздөрдүн экөөндө тең дефис туура колдонулган?

Варианты ответов
  • ХХI-кылым, 7-8 киши
  • Мерседес -500, врач-терапевт
  • премьер-министр, №130-мектеп
  • улук-лейтенант, 5-класс
Вопрос 17

Ал мурдун балта кеспеген неме экен. Сүйлөмдөгү асты сызылган сөз айкашы адамга тиешелүү кандай сапатты билдирет?

Варианты ответов
  • күчтүүлүктү
  • бышыктыкты
  • жүдөөлүктү
  • кенебестикти
Вопрос 18

Бардыгы сын атоочтон жасалган сөздөрдүн катары кайсы? 

Варианты ответов
  • угуз, талаштыр, кыйынсын
  • акылдуулук, тазар, жашылдан
  • агар, татаалдаштыр. кубар
  • сологой, эртелет. тойгуз
Вопрос 19

Кайсы катардагы сөздөрдүн экөө тең туура жазылган?

Варианты ответов
  • билимбес, жыяр
  • уккус, боёо
  • тырнак, керебет
  • көмөч. идеялдуу
Вопрос 20

Төмөндөгү мисалдардын кайсынысында болжолдоо белгиси бар?

Варианты ответов
  • Нөшөрлөгөн жаандан улам жүздөгөн үйлөрдү суу каптады.
  • Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  • Биз учурда бул эки багыт менен иш алып баруудабыз.
  • болжолдоо белгиси жок
Сохранить у себя: