СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Пиза тест, "Боз үй"

Список вопросов теста

Вопрос 1

« Боз үй» көчмөн архитектурасынын жана элдик көркөм кол
өнөрчүлүктүн туу чокусу.Боз үй негизинен жыгач конструкциядан
турат: боз үйдүн планы боюнча «кереге»- тегерек форма берген
бүктөлүүчү тор дубалдын бир нече бөлүгүнөн чогулган алкак. «Кереге»
өзүнчө звенолордон- «канат» турат, анын үстүнө боз үйдүн «уук»
мамыларына куполу – «тундук» көтөрүлөт.

1-тапшырма.
Эгер 6 канат боз үйдү тигүү үчүн 90 баш уук мамы керек деп эсептесек,
8 канат боз үйдү тигүү үчүн канча уук мамы керек болот?

Варианты ответов
  • 180
  • 150
  • 120
  • 100
Вопрос 2

2- тапшырма.

Боз үйдүн куполасы түндүк- кесилген конусту, ал эми төмөнкү бөлүгү
цилиндрди элестетет.
Боз үйдүн жалпы бийиктиги 3,5 м, дубалдын бийиктиги
Н= 2м. Боз уйдун негизинин радиусу R = 4 м.
Цилиндрдин каптал (боковой) бетинин аянтынын формуласын
колдонуп, боз үйдүн төмөнкү бөлүгүнүн каптал бетинин аянтын
эсептегиле.
π ≈ 3.14 деп алгыла.

S= 2πRH

Вопрос 3

3-тапшырма

Боз үйдүн канатынын бөлүмдөрү канчалык көп болсо, боз үй ошончолук чоң болот.

Варианты ответов
  • жалган
  • чын
Вопрос 4

4-тапшырма

Боз үйдүн канатынын бөлүмдөрү канчалык көп болсо, кереге менен түндүктү  туташтырган ууктар аз болот.

Варианты ответов
  • жалган
  • чын
Вопрос 5

5-тапшырма

Боз үйдүн канатынын бөлүмдөрү канчалык көп болсо, боз үй ошончолук бийик болот.

 

Варианты ответов
  • чын
  • жалган
Вопрос 6

6-тапшырма

Боз үйдүн канатынын бөлүмдөрү канчалык көп болсо, боз үйдүн кийизден жасалган жабуусунун аянты кичине болот.

Варианты ответов
  • чын
  • жалган
Вопрос 7

"Боз үй" көчмөн архитектурасынын жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн туу чокусу. Боз үй негизинен жыгач  конструкциядан жана толугу менен табигый кийизден жасалган жабуудан турат. Даяр боз үйдү туристтик фирмалар 450 доллардан 300 миң сомго чейинки баада сатып алышат.

Көпчүлүк "боз үйдү" көлөмүнө жараша күнүнө 5 миң сомдон 12 миң сомго чейин ижарага алышат. Боз үйлөрдүн негизинин диаметри 6 метрге чейин болот.

7-тапшырма

"Боз үй"-жыгач тирөөчтөрдү жүндөн жасалган кийиз менен жабуудан турган үй.

Варианты ответов
  • чын
  • жалган
Вопрос 8

"Боз үй" көчмөн архитектурасынын жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн туу чокусу. Боз үй негизинен жыгач  конструкциядан жана толугу менен табигый кийизден жасалган жабуудан турат. Даяр боз үйдү туристтик фирмалар 450 доллардан 300 миң сомго чейинки баада сатып алышат.

Көпчүлүк "боз үйдү" көлөмүнө жараша күнүнө 5 миң сомдон 12 миң сомго чейин ижарага алышат. Боз үйлөрдүн негизинин диаметри 6 метрге чейин болот.

8-тапшырма

"Боз үйлөр" 550 доллардан 22 миң сомго чейин бааланат.

Варианты ответов
  • чын
  • жалган
Вопрос 9

"Боз үй" көчмөн архитектурасынын жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн туу чокусу. Боз үй негизинен жыгач  конструкциядан жана толугу менен табигый кийизден жасалган жабуудан турат. Даяр боз үйдү туристтик фирмалар 450 доллардан 300 миң сомго чейинки баада сатып алышат.

Көпчүлүк "боз үйдү" көлөмүнө жараша күнүнө 5 миң сомдон 12 миң сомго чейин ижарага алышат. Боз үйлөрдүн негизинин диаметри 6 метрге чейин болот.

9-тапшырма

"Боз үй" суткасына 12 миң сомго ижарага берилет.

Варианты ответов
  • чын
  • жалган
Вопрос 10

"Боз үй" көчмөн архитектурасынын жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн туу чокусу. Боз үй негизинен жыгач  конструкциядан жана толугу менен табигый кийизден жасалган жабуудан турат. Даяр боз үйдү туристтик фирмалар 450 доллардан 300 миң сомго чейинки баада сатып алышат.

Көпчүлүк "боз үйдү" көлөмүнө жараша күнүнө 5 миң сомдон 12 миң сомго чейин ижарага алышат. Боз үйлөрдүн негизинин диаметри 6 метрге чейин болот.

10-тапшырма

Эң кичинекей боз үйдүн негизинин диаметри 5 метрди түзөт.

Варианты ответов
  • чын
  • жалган
Сохранить у себя: