СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мустафа Кемаль

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Мустафа Кемал (Ататүрк) Ататүрк – чыгаан саясий жана аскер ишмер, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана тунгуч президенти болгон Ататүрк деген фамилия 1934-жылы Түркиянын Улуттук Жогорку Кеңеши тарабынан ыйгарылган. Ал окуучу кезинен баштап эле «Жаш түрктөр» аттуу кыймылга катышып, кийинчерээк «Биригүү жана прогресс» комитетине мүчө болот. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында Чанаккалени коргоодо көрүнүктүү роль ойноп, 1915-жылы Паша (генерал) деген наам алган. Чет өлкөлүк баскынчыларга каршы «Боштондук согушун» уюштурат. 1919-жылы Станбулдан Анадолуга келип, Эрзурум менен Сиваста «Укук коргоо» коомунун конгрестерин өткөрөт. Бул жыйындарда Ататүрк, жалпы улутту коргоо демилгесин көтөрүп чыгып, бул жөнүндө атайын чечим кабыл алдырткан. Сивасттагы конгресс шайлаган «Өкүлчүлүк комитети» Ататүрктүн төрагалыгы астында душман басып албаган Анадолу аймагында кадимкидей өкмөт милдетин аткарып турган. Антанта өлкөлөрү Станбулду басып алып, ал жерде Улуттук Жогорку Кеңеш таркатылгандан кийин Ататүрк Анкарада жаңы парламент жыйынын чакырып, 1920-жылы жаңы түзүлгөн Улуттук Жогорку Кеңеш аны төрагалыкка шайлайт. Ошондой эле Ататүрк Армия жетекчиси катары Сакария дарыясынын жээгиндеги 22 күнгө созулган салгылашууда Грек армиясынын куралдуу күчтөрүн биротоло талкалап, Анадолу аймагын душмандардан толук бошоткон. Натыйжада Улуттук Кеңеш ага «маршал» наамын жана «Гази» титулун ыйгарган. Ататүрк Түркиянын өнүккөн, көз каранды эмес мамлекет болушу үчүн албан эмгек жумшаган. Султандык жана Халифаттык башкарууну жыгып, республика түзүлүшүн жарыялаган. Мамлекетти башкаруу ишинде, агартуу, маданият, экономика ж.б. тармактарда көрүнүктүү реформаларды жүргүзгөн. Ал эң улуу саясатчы катары тарыхта калды.

Список вопросов теста

Вопрос 1

1. Мустафа Кемал деген ким экен?

 

Варианты ответов
  • А) кыймылдын жетекчиси
  • Б) Түркиянын биринчи Президенти
  • В) Улуттук Жогорку Кеңештин мүчөсү
  • Г) Конгресстин уюштуруучусу
Вопрос 2

2. Паша (генерал) наамына качан татыктуу болгон?

 

Варианты ответов
  • А) биринчи дүйнөлүк согушта,Станбулду кордогоо
  • Б) биринчи дүйнөлүк согушта, Анадолуну коргоодо
  • В) биринчи дүйнөлүк согушта,Чанаккалени коргоодо
  • Г) биринчи дүйнөлүк согушта,Сакарияны коргоодо
Вопрос 3

3. Ататүрк кайсы жыйында жалпы улутту коргоо демилгесин көтөрүп чыккан?

А) «Укук коргоо» конгрессинде

Б) «Өкүлчүлүк» комитетинде

В) «Биригүү жана прогресс» комитетинде

Г) «Жаш түрктөр» кыймылында

Варианты ответов
  • А) «Укук коргоо» конгрессинде
  • Б) «Өкүлчүлүк» комитетинде
  • В) «Биригүү жана прогресс» комитетинде
  • Г) «Жаш түрктөр» кыймылында
Вопрос 4

4. Кайсыл уюм өкмөттү башкаруу абалында турган?

 

Варианты ответов
  • А) Улуттук Жогорку Кеңеш
  • Б) «Өкүлчүлүк комитети»
  • В) Султандык башкаруу
  • Г) Халифаттык башкаруу
Вопрос 5

5. Ага Ататүрк деген фамилия качан ким тарабынан берилген?

А) 1919-жылы Сивастагы конгрессте 

Б) 1920-жылы Улуттук Жогорку Конгрессте

В) 1934-жылы Улуттук Жогорку Кеңеште

Г) 1915-жылы Биринчи дүйнөлүк согушта.

Варианты ответов
  • А) 1919-жылы Сивастагы конгресте
  • Б) 1920-жылы Улуттук Жогорку Конгрессте
  • В) 1934-жылы Улуттук Жогорку Кеңеште
  • Г) 1915-жылы Биринчи дүйнөлүк согушта.
Вопрос 6

6. Ататүрк Атанта өлкөлөрү Стамбулду басып алганда кандай иш жүргүзгөн?

 

 

 

 

Варианты ответов
  • А) Эрзурумда конгресс өткөргөн.
  • Б) Анкарада жаңы парламент жыйынын чакырган.
  • В) Анадолуда кыймылдарды уюштурган
  • Г) Анталияда жыйын өткөргөн
Вопрос 7

7. Ал Сакария согушунда кандай эрдиктерди көрсөткөн?

 

  

 

 

Варианты ответов
  • А) Грек армиясын жеңип, Анадолуну бошоткон
  • Б) Француз армиясын жеңип, Стамбулду бошоткон
  • В) Англия армиясын жеңип, Анкараны бошоткон
  • Г) Орус армиясын жеңип, Крымды бошоткон
Вопрос 8

8. Республикадагы түзүлүштү орнотууда ал кандай иштерди жүргүзгөн?

       

 

 

Г) агартуу ишин алга жылдырган

Варианты ответов
  • А) Экономиканы чыңдаган
  • Б) маданият тармагын өнүктүргөн
  • В) бардык тармактарда реформаларды жүргүзгөн
  • Г) агартуу ишин алга жылдырган
Вопрос 9

9. Сакария аймагындагы согушта каармандыгы үчүн кандай наамга татыктуу болгон?

 

 

 

 

Варианты ответов
  • А) «Маршал» наамына жана «Гази» титулуна
  • Б) чыгаан саясий жана аскер ишмери деген наамга
  • В) Паша (генерал) наамына
  • Г) Ататүрк деген наамга
Вопрос 10

30. Ататүрк Түркиянын .............. өлкө болушу үчүн ........... эмгек жумшаган.

  

             

Варианты ответов
  • А) көз каранды эмес, аз
  • Б) эгемен, зор
  • В) күнкорсуз, мол
  • Г) эркин, албан
Сохранить у себя: