СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окурмандык сабаттуулук боюнча PISAга багытталган тест 8-КЛАСС

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Берилген текстти окуп чыккыла.

Список вопросов теста

Вопрос 1

ЭЛГЕ АРНАЛГАН ӨМҮР

Кыргыз элинин чыгаан уулу, мамлекеттик ишмер Масалиев Абсамат Масалиевич коомдун теңчилдик, адилеттик принцибинде тарбияланган жана таалим алган. Бала чагынан чыйрак, эмгекчил, өтө адилет мүнөзгө ээ болгондугу, кийинки эмгек ишмердүүлүгүндө өз принцибинен тайбаганы менен тарыхта атын калтырды. Ал эмгек жолун 1956-жылы Москвадагы тоо-кен институтун бүтүргөндөн кийин Кызыл-Кыя көмүр башкармасынын “Комсомол” шахтысында жетекчилик кылуу менен баштаган. Тоо-кен өнөр жай тармагынын ишин өтө кылдат түшүнүп, ушул тармактын өнүгүшүнө мыкты адис катары салымын кошкон.

Абсамат Масалиев партиялык кызматтарда иштеген мезгилде Кыргызстанда 150 жаңы өнөр жай ишканалары курулуп, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу, электрондук, электротехникалык, прибор куруу, курулуш индустриясы тармактары өнүккөн. Кыргызстан сурьма, сымапты өндүрүүдө маанилүү орунду ээлеген. Кыргызстандын электр энергиясы Нарын дарыясында курулган Үч-Коргон, Токтогул ГЭСтеринин эсебинен көтөрүлүп, жылына 11 миллиард кВт саат электр энергиясы иштелип чыгып турган. Айыл чарба машиналарын чыгаруучу Фрунзе жана оор машина чыгаруучу Ленин атындагы заводдор техникалык жактан реконструкцияланып, өндүрүштүн кубаттуулугу жогорулаган. Мисалга алсак, 1985-жылы 32 миң чөп таңгактоочу машина чыгарылган жана бул машинаны дүйнөнүн элүүдөн ашык мамлекеттери сатып алып турган.

Айыл чарбасын көтөрүүнүн 10 жылдык комплекстүү программаларын турмушка ашыруу үчүн улуттук кирешеден акча каражаттары, 1966-1975-жылдары 2 миллиард 586 миллион сом, 1976- 1985-жылдары 4 миллиард 33 миллион сом суммадагы капиталдык салым жумшалган. 1985-жылы Кыргызстанда ар бир чарбага орто эсеп менен 72 трактор, 36 жүк ташуучу машина, 20 комбайн туура келип, айыл чарбасы 1965-жылга салыштырмалуу беш эсеге өскөн. Жаңы сугат системалары, сууну сактоо, үнөмдүү пайдаланууга ылайыкташтырылган ири курулуштар ишке киргизилген. 224 миң га айдоо жерге, 1789 миң га жайыттарга суу чыгарылган. Республикада 1965-1985-жылдары жалпыга милдеттүү он жылдык орто билимге өтүү иши ийгиликтүү ишке ашкан жана мектептерде окуучуларга өндүрүштүн негиздери боюнча билим берүү, массалык кесип ээлерин даярдоо иши жакшы жолго коюлган. 1990-жылы кесиптик-техникалык окуу жайлардын саны 118ге жетип, ал жерде 56 адистик боюнча 57 миң окуучу окуган. Жогорку окуу жайларын орто эсеп менен жылына 9,5 миң, атайын орто окуу жайларын 13,6 миң адистер бүтүрүп чыккан. Ушул эле жылдары академиянын окумуштуулары тарабынан республиканын эл чарбасына 1 миллион 305 миң сомдук пайда келтирилген жана 60 илимий ачылыштарды жасашкан. Айыл чарбасында малдын, дыйканчылыктын түшүмдүүлүгүн арттыруу багытында илимий натыйжалуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Республиканын айыл-кыштактарында 500дөн ашык адистештирилген товардык чарбалар, мамлекеттик асыл-тукум заводдор, үрөнчүлүк чарбалар, чарба аралык ишканалар иштеген. 1989- жылы 23-сентябрда кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Кайра куруу кезиндеги оор кырдаалда да Абсамат Масалиевич адамдарга чын дилден жасаган таза мамилеси, улуу-кичүүгө бирдей кичи пейилдүүлүгү, мамлекеттик иште адилеттүүлүгү, сабырдуулугу, кызматтык орчундуу маселелерди чечүүдө бирге иштешкендердин пикир-сунуштарын эске алуусу, шашпай терең ойлонуу менен чечүүсү  ал кишинин тазалыгын, эң оболу мамлекеттик мүлккө кол салбаганын, бирөөнүн акысын жебей, дайыма жардам көрсөткөндүгүн айгинелеп турат. Адам баласында сейрек кездешүүчү мындай сапаттар элибизге, айрыкча, кызматтагы кишилерге, жалпы эле кийинки муундарга сабак болуусу абзел. Коомдогу тазалыкты, тактыкты, элдердин достугун, кадрлардын туура тандалуусун, алардын өлкөнү сүйүүсүн, ак дилден кызмат кылуусун камсыз кылган адамдардын ишке келүүсү өлкөнүн өнүп-өсүүсүнө өбөлгө түзөт. 

Тапшырмаларга жооп бергиле.

1-тапшырма. Туура жообун белгилегиле.

Абсамат Масалиев ишмердүүлүгүндө кандай принципти аркалаган?

Варианты ответов
  • А) текеберчилик
  • Б) адилеттүүлүк
  • В) чыйрактык
  • Г) тайбастык
Сохранить у себя: