© 2024, Абдиев Дамирбек Мухтарбекович 583
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Канаттуулар
Сууда сүзүүчү канаттуулар үчүн океан, деңиздердин жана көл, дарыялардын нефть менен каптап калышы өтө чоң коркунуч жаратат.
Суроо: Эгерде сууда сүзүүчү канаттуулардын канаттары нефть же мазут болуп калса, анда...
Өз оюңду жаз
Канаттуулар Эгерде канаттуунун денесинин жарымынан көп бөлүгү нефть менен капталып калган болсо, аны куткаруу мүмкүн эмес. Эгер булгануу андан азыраак болсо, канаттууну туура тазалап, жууп, өмүрүн сактап калууга болот. Мындай кантаттууну сульфиндүү кастор майы бар чакага жарым минут салып, андан соң жылуу суу менен жууп, кургатышат. Бирок, мындай тазалоодон соң канаттууларды эркиндикке 6 жумага чейин же кээде кийинки түлөгөнүнө чейин коё бербей кармашат.
Суроо: Эмне себептен канаттууларды тазалап туруп эле, ошол замат эркиндикке коё бербейт?
Уулу заттар адегенде азык чынжырынын төмөңкү деңгээлдерине келет жана алар аз дозада өсүмдүктөр жана өсүмдүк жечү жаныбарлар үчүн уулуу болбошу мүмкүн.
Эмне себептен айыл чарба зыянкечтерине каршы күрөшүү үчүн уулуу химикаттарды колдонгон учурда өсүмдүктөр же чөп жечү жаныбарлар эмес, канаттуулар көбүрөөк өлүшөт?.
Канаттуулар Тыйынчычкандар шаардагы парктар менен бакчалардагы өтө жагымдуу, кооз жаныбар. Бул кичинекей жаныбар курт-кумурскалар менен азыктануучу канаттуулардын бирден- бир чоң душманы болушу мүмкүн. Тыйынчычкандар көпчүлүгү жасалма уяларга же чоңураак өлчөмдөгү жасалма чымчыктын үйлөрүнө жайгашып алышат, эгер анда канаттуунун жумурткалары же балапандары болсо жеп салышат.
Суроо,Парктарда жана бакчаларда уялоочу канаттууларды тыйынчычкандардан кантип сактоого болот?
Балыктардын керемет дүйнөсү Деңиз жээгиндеги (литоралдык) балыктар- экстремалдуу шарттардагы жашоо Литораль – суу тартылганда кургап калуучу деңиз түбүнүн жээк аймактары. Бул жердеги организмдер бир топ катаал шарттарда жашашат. Суу куйган маалда литораль -деңиздин бир бөлүгү. Ал эми суу тартылган маалда суу бир аз гана көлчүктөрдө, таштардын, аскалардын астында же грунт менен аралашып ылайды пайда кылып калат. Мындай литоралдарда жашаган балыктардын ушул жердеги жашоого мүмкүндүк берүүчү, бир топ жекече ыңгайланышуулары бар. Бардык литоралдык балыктар чоң эмес өлчөмдө болушат, алардын денесинин узундуктары 30 см ден ашпайт. Денесинин формасы жалпак же ичке жылан сымал болот.
Суроо.: Текстте көрсөтүлгөндөй балыктардын денесинин өлчөмү жана формасы мындай катаал шарттарда кандай роль ойнойт?
Балыктардын керемет дүйнөсү Литоралдык балыктардын ыңгайланышууларынын дагы бири бул сүзгүч тарсылдактарынын жоктугу же алардын өтө кичирейип кетиши. Ошондуктан балыктардын денеси суудан оор.
Суроо.Балыктардын сүзгүч тарсылдагынын жок болушу литоралдарда суу кирген жана тартылган убактарда эмне роль ойнойт?
Балыктардын керемет дүйнөсү Литоралдык балыктардын териси дагы мындай катаал шартка ыңгайланышкан.
Суроо.: Литоралдык балыктардын териси мындай катаал шарттарга карата кандай ыңгайланышкан?
Бардык туура жоопторду тандагыла:
Балыктардын керемет дүйнөсү Көптөгөн литоралдык балыктардын терисинде кан тамырлары жыш (көп санда) жайгашкан, кулкун жана оозунда ткань каптоосу болот. Ал эми кай бир түрлөрүндө атайын бакалоор үстүндөгү органдары-кулкун жагында өтө кабатталган көңдөй камералуу органдары менен айырмаланышат.
Суроо.: Балыктын терисинде кан тамырларынын жыш болушу-бул ыңгайланышуу балык үчүн кайсы көйгөйдү чечүүгө жардам берет?
Балыктардын керемет дүйнөсү Бакалоорлор эреже боюнча абага чыкканда жабышып, шалдайып калат, анткени алар суу астында дем алууга ыңгайланышкан. Ал эми жээк балыктарынын бакалоорлорунун өзгөчө түзүлүшү аркылуу бул көйгөй чечилген.
Суроо.Литоралдык балыктардын бакалоорлору кандай түзүлүштө болот?
Канаттуулар Канат тек гана канаттууларда бар. Канат кылдаттык менен кам көрүүнү талап кылат, ошондуктан канаттуулар убактысынын 9% канаттарын тазалоого, жуунууга коротушат. Ылдам учуучу чымчыктартаранчылар жана чабалекейлер жайкысын сууга түшүшөт. Ал эми башкалары болсо майда сууларга чөмүлүшүп, же шүүдүрүмгө же жаандын суусуна канаттарын нымдап алышат, ошентсе да алар кургак боюнча калышат.
Эмне себептен канаттуулардын канаттары суу болбойт?
© 2024, Абдиев Дамирбек Мухтарбекович 583