СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Денеме

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Денеме окаыддылпопвы

Список вопросов теста

Вопрос 1

 

  • Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Илимдин башы - ..........................

Варианты ответов
  • Китеп
  • Билим
  • Ата-эне
  • Адеп
Вопрос 2

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Сөз менен түшүндүрүлгүс сүйүүнү жана мээримдүүлүктү айтып бер десеңиз, мен, “..........................” деп жооп берет элем.

Варианты ответов
  • ЭНЕ
  • БАЛА
  • АТА
  • ДОС
Вопрос 3

Дал келтиргиле.

Улуу даанышмандар

Айтылган улуу сөздөр

 

    А)  Эзоп

  1. Жаман дос- баланын тарбиясын бузат.
  1. М.Хаадими
  1. Эмгектене билүү – адам үчүн түгөнгүс байлык.
  1. Газзали
  1. Айбандын акылы жок болгондугу үчүн тарбияланбайт.

 

Варианты ответов
  • А- 3, B-1, C- 2
  • А- 1, B-3, C- 2.
  • А-3, B-2, C-1.
  • А- 2, B- 3, C- 1.
Вопрос 4

 

Бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат- деген сөздөн эмнени түшүндүңүз?

Варианты ответов
  • уста менен шакирттин ортосундагы мамилени
  • китептеги жазылган эрежелер жана теорияларды
  • табияттын балага кам көрүүсүн
  • акылдын, интелектин чексиздигин
Вопрос 5

Бир күнү Улукман Акимден сураптыр:

          -Сен даанышмандыкты кимден үйрөндүн?

          -Карылардан. Алар айланасын көрө албаган сыяктуу көп кагылбайт, тоскоолдуктарга учурайт, жыгылат.

Бул окуя ким жөнүндө?

Варианты ответов
  • Мугалим
  • Казы
  • Ырчы
  • Падыша
Вопрос 6

Кабыл алуу стилдеринин өзгөчөлүктөрү.

Туура келген жоопту белгилегиле.

Варианты ответов
  • Жетиштүү өлчөмдө уктагандыгына карабай эрте менен төшөктөн чарчаңкы жана уйкуга тойбогон абалда болот, башы ооруганын жана оозу кургаганын айтышат, түнкү уйкусу бөлүнөт, жаман түштөрдү көп көрөт.
  • Айлана-чөйрөнү көрүү аркылуу таанып билет, сүйлөшүү жана кыймыл аракет кылууга караганда көзөмөл жүргүзүүнү жактырат, сүрөттөр менен иштөөнү жактырат.
  • Алардын иреттүүлүккө жана тазалыкка болгон кызыгуусу артат. Бул дыкаттыгы, жүрүш-турушу менен өрнөк болот.
  • Турмушта эң күчтүү жана эң баалуу нерсе ден соолук экенин аңдайт, алар бактылуу экенин, ары сый-урмат көргөн кишилер экенин түшүнүп жетишет.
Вопрос 7

Ашыкчасын белгиле.

 

  1. Адамга жана курчап турган дүйнөгө болгон сүйүү;
  2. Ар-намыстуулук жана тартиптүүлүк;
  3. Кечире билүү жана кек сактабоо;
  4. Проблемаларды чече билүү;
Варианты ответов
  • I жооп ашыкча
  • II жооп ашыкча
  • III жооп ашыкча
  • IV жооп ашыкча
Вопрос 8

Төмөнкү билгичтиктер эмне үчүн керек?

  • Аксанатайлык менен карасанатайлыкты айырмалай билүү;
  • Проблемаларды чече билүү;
  • Өз тандоосунун натыйжасын алдын ала көрө билүү.
Варианты ответов
  • Сезимди тарбиялоо
  • Акылды тарбиялоо
  • Эмгек тарбиясы
  • Жан дүйнөнү тарбиялоо
Вопрос 9

К. Чуйковский айткандай: “жомоктун максаты- балада адамгерчиликти тарбиялоо”. Мына ушундан улам атактуу жазуучубуз Ч. Айтматов өзүнүн “.......................” повестинде пайдаланган “Бугу Эне” жомогу эске келет.

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Варианты ответов
  • Эрте келген турналар
  • Делбирим
  • Ак кеме
  • Биринчи мугалим
Вопрос 10

“Китеп окууну жакшы көрбөгөн адам, ой жүгүртүүнү да жакшы көрбөйт”.

Бул сөз кимдин сөзү?

Варианты ответов
  • Демокрит
  • Ахмет Шериф
  • Эрнест Ренан
  • Дидро
Вопрос 11

Ар бир курактын айырмачылыгы.

5 жаштан 7 жашка чейинки курактагы 2 жаш айырмачылык да өсүүдөгү абдан чоң аралык. Ошондуктан 5 жана 7 жаштагы балдар үчүн ..................ар башка. Кичинекей балага эмне окуп берүү керектигин ойлонуп отурбаш үчүн, жыл сайын ар бир жашка ылайыктуу хрестоматия ( чыгармалар жыйнактарын) сатып алып же китепканадан алып туруу сунушталат.

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Варианты ответов
  • адабият
  • жомок китептер
  • повесттер
  • дидактикалык чыгармалар
Вопрос 12
  1. Айтылган ойлор туурабы?

 

  1. Баа берүү- жалаң интелектке караганда көбүрөөк даражада ак ниеттүүлүктүн жана аракетчилдиктин натыйжасы.
  2. Ак ниеттүүлүк- көбүрөөк даражада иштеги ийгиликке кепилдик берген өзгөчөлүк.
Варианты ответов
  • Бир гана “i” жообу туура
  • Бир гана “ii” жообу туура
  • Эки жооп тең туура
  • Эки жооп тең туура эмес
Вопрос 13
  1. Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту тапкыла.

П.О.Рурк “...................................сейрек гана мушташышат. Бирок ................водороддук бомбаларды сейрек гана түзүшөт”.

Варианты ответов
  • акылдуу адамдар / макоо адамдар
  • коркок адамдар / билимдүү адамдар
  • тарбиялуу адамдар / акылдуу адамдар
  • мээримдүү адамдар / тартиптүү адамдар
Вопрос 14
  1. Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

Чарльз Дахит өзүнүн эмгегинде мындай деп жазат: “ Ондогон изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, .................................. – жеке ийгиликти камсыз кылган эң маанилүү адат... .....................окуучулар сабактардан эң жогорку бааларды алышат жана сынагы алда канча катуу болгон ЖОЖдорго тапшырышат. Алар сабактарга чанда гана келбей калышат, телевизорду азыраак тиктеп, үй тапшырмаларына көбүрөөк убакыт жумшашат.”

Варианты ответов
  • ата-энеси тарабынан өткөн гендин күчтүүлүгү
  • тарбиянын мыктылыгы
  • эрктин күчтүүлүгү
  • баланын адептүүлүгү
Вопрос 15

“Асан азамат себеби, ал Адилетке караганда тапшырманы жакшы аткарып келди”

Бул мактоо жооптордун кайсынысына мүнөздүү

Варианты ответов
  • аткарган ишти чеги менен мактоо
  • сүйүктүүлөрдү гана мактоо
  • жөндөмү үчүн мактоо
  • салыштыруу аркылуу мактоо
Вопрос 16

Мугалим: “Сен жат жазууда бир да ката кетирген жоксуң! Сенин тубаса талантың бар. Бардык сабактардан жакшы окуйсуң!”-деп мактады.

Мугалим бул созү менен кандай катачылыкка жол берди?

Варианты ответов
  • ал бул сөздөрдү айтып жатып буйрук иретинде кайрылды
  • берилген тапшырманы жана маселени аткарууга жумшаган күч-аракетин мактагандын ордуна, баланын табигат тарабынан берилген жогорку интелекти жана жөндөмүн мактады
  • окуучу жат жазууну туура эмес жазса деле баланын өзүн сыйлоо сезимин жогорулатсын деген максатта аша чапкандык менен мактады
  • Эч кандай катачылыкка жол берген жок
Вопрос 17

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгилегиле.

.................................-чыгып келаткан күнгө окшойт, жарыгын чачкан сайын караңгылыкты жок кылат.

................................-өтмүштүн үйрөткүчү, келечектин куруучусу.

............................... жана дарак мөмөсүнөн билинет.   (Украин макалы)

Варианты ответов
  • Китеп
  • бала (наристе)
  • мугалим
  • бакыт
Вопрос 18

Канча жаштагы балдар бир күндө экрандын маңдайында 60-70 мүнөт отурса болот.

Варианты ответов
  • 0-3 жаштагылар
  • 3-6 жаштагылар
  • 6-9 жаштагылар
  • 9-12 жаштагылар
Вопрос 19

Балдар үчүн колдонулган буйруктар:

Биз көбүнчө кылышы керек болгон нерсени эмес, кылбашы керек болгон нерсени айтабыз. “Чуркаба, секирбе, иниңди урба, андай тамак жебе, керилип баспа” сыяктуу бир топ терс буйруктар бар. Алардын ордуна оң буйруктарды колдонсок, балабыздын сөз угушуна жардамчы болот. Мисалы: “чуркаба” дегендин ордуна, “акырын бас”, “бакырба” дебестен “акырын сүйлө”, “андай жебе” дегендин ордуна “азыраак тиштеп же”, “иниңди түртпө” дегендин ордуна .............................десек, сөзүбүз так жана жол көрсөтүүчү мүнөздө болчудай.

Көп чекиттин ордуна туура келген жоопту белгиле.

Варианты ответов
  • бир тууганыңа жардамдаш
  • бир тууганың сенден кичине, ошондуктан аны сыйла
  • бир тууганыңдын колун кармап бас
  • бир тууганыңа жакшы мамиле жаса
Вопрос 20

Физикада бир эреже бар: бир нерсе, бир убакыттын ичинде эки жерде болбойт. Башыңыз жаман ойлор менен алек болгондо, жакшы ойлорго орун жок. Жакшы ойлор менен алектенсе, жаман ойлорго орун жок.”-деген сөздү ким айткан?

Варианты ответов
  • Демокрит
  • Эрнест Ренан
  • Ахмет Шериф
  • Азирети Али
Сохранить у себя: