СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Магнит индукциясынын күч сызыктарына перпендикуляр жайгашкан тогу бар түз өткөргүчкө F = 0,75 мН күч таасир этет. Өткөргүчтөгү токтун күчү I = 0,5 А. Эгерде магнит талаасынын индукциясы В = 30 мТл болсо, анда өткөргүчтүн узундугун тапкыла. Жообун см менен бергиле.
Индукциясы 0,4 Тл болгон бир тектүү магнит талаасында ток күчү 20 А, узундугу 30 см болгон өткөргүч магнит талаасына 300 бурч менен жайгашкан. Өткөргүчтү талаага перпендикуляр багыт боюнча 25 см аралыкка жылдыргандагы аткарылган жумушту тапкыла.
Эгерде бөлүкчөнүн баштапкы ылдамдыгы магнит талаасынын индукциясынын күч сызыктарына перпендикуляр болсо, заряддалган бөлүкчө бир тектүү магнит талаасында кандай кыймылдайт?
Магнит индукциясынын, магнит агымынын жана индукциянын электр кыймылдаткыч күчүнүн СИ системасындагы бирдигин тапкыла?
Бир тектүү магнит талаасында электрон айлана боюнча кыймылдайт. Эгерде магнит талаасынын индукциясын 2 эсеге чоңойтсок, анда электрон кыймылда болгон айлананын радиусу кандай өзгөрөт?
Эгерде катушканын индуктивдүүлүгүн 2 эсеге чоңойтуп, ал эми катушка аркылуу өткөн токтун күчүн 2 эсеге азайтсак, анда анын магнит талаасынын энергиясы кандай өзгөрөт?
Электрон бир тектүү магнит талаасына перпендикуляр багытта учуп кирип айлана боюнча кыймылдап калды. Эгерде электрондун импульсун 2 эсе чоңойтсок, анда магнит талаасы тарабынан электронго таасир эткен күч кандай өзгөрөт?
Индукциясы 0,2 Тл болгон бир тектүү магнит талаасына анын күч сызыктарына перпендикуляр багытта электрон учуп кирип радиусу 1 см ге барабар айлана боюнча кыймылдап калды. Магнит талаасы тарабынан электронго таасир эткен күчтү тапкыла. Жообун пН менен бергиле.
Электрон менен протон бир тектүү магнит талаасына анын күч сызыктарына перпендикуляр багытта бирдей ылдамдык менен учуп киришип айлана боюнча кыймылдап калышты. Магнит талаасында протондун айлануу мезгили электрондун айлануу мезгилинен канча эсе чоң?
. Магнит агымынын, индукциянын электр кыймылдаткыч күчүнүн жана индуктивдүүлүктүн СИ системасындагы бирдиктерин тапкыла? а) б) в) г) д)
© 2020, Турдумамбетова Гулмира Мырзакуловна 313