СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Магнит талаасы ― электромагниттик талаанын бир формасы. Кыймылдагы электр зарядына жана магнит моментине ээ нерсеге аракет этүүчү материянын өзгөчө түрүн түзүүчү күч талаасы болуп эсептелет.
Магнит талаасынын булактары ― магниттелген заттар, тогу бар өткөргүчтөр жана кыймылдагы заряддуу бөлүкчөлөр. Магнит талаасы. терминин 1845-жылы 1-жолу англиялык физик М. Фарадей киргизген. Магнит талаасы заряддуу микробөлүкчөлөрдүн (электрон, протон, ион) кыймылынын натыйжасында пайда болуп, алардын өздүк магниттик моментине байланыштуу. Кыймылсыз заряддардын тегерегинде электр талаасы пайда болот. Өзгөрмө электр талаасы да (жылыш токтору) магнит талаасынын булагы болуп эсептелет. Магнит талаасы кыймылсыз заряддарга таасир этпейт. Магнит талаасы магнит индукциясынын вектору В жана магнит талаасынын чыңалышы Н менен мүнөздөлөт. Өзгөрмө магнит талаасы электр талаасынын жана өз кезегинде Магнит талаасынын өзгөрүшүнөн электр талаасы пайда болот. Магнит талаасы күч сызыктар менен мүнөздөлөт. Талаанын ар бир чекитинде магнит индукциясынын вектору күч сызыкка жүргүзүлгөн жаныма боюнча багытталат. Электр талаасынын күч сызыктарынан айырмаланып, магнит күч сызыктары туюк болот. Магнит талаасынын күч сызыктары ушул талаада аракет этүүчү күчтүн багытын көрсөтөт.
суроо:
1) Магниттин кандай түрү бар?
Магнит талаасы кандай зарядка таасир этпейт?
Магниттелген заттар магнит талаасынын эмнеси?
магнит талаасы менен электр талаасынын айырмасын көрсөт?
микробөлүкчөлөр кайсылар?
© 2025, Темиралыева Гүлдана Темиралыевна 132