СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Окурмандык сабаттуулук боюнча ПИЗА га багытталган тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

Бут кийим жана ден соолук I Кроссовканын биринчи прототиби 17-кылымдын аягында пайда болгон. Адамдар "парус сыяктуу туфли"деп аташкан. Бул абдан жөнөкөй, ал эмес, оң жана сол бутка да бөлүнгөн эмес. 1892-жылы эле америкалык “Резина” компаниясы негизи резиналанган кездемеден ыңгайлуу бут кийимдерди тигип "кеды"деп атаган. Ал эми 1917-жылга чейин сатыктагы "сникерлер" (англисче «билинбей басуу”) ушунчалык ыңгайлуу бут кийим болгондуктан, аны менен бирөөнүн жанына байкалбастан тымызын келип калганга мүмкүн эле. 1917-жылы “Converse” компаниясы баскетбол, тенниске кийилүүчү бут кийимди тиккен. NBAнын ошол учурдагы жылдызы Чак Тейлорго кеды жагып калат. Ал дайыма кеды кийип, жарнамаларга катышып, компанияны атактуулукка жана ийгиликке алып келет. Компания ыраазычылык иретинде өзүнүн логотибине Тейлордун кол тамгасын кошот, ал болсо ушул күнгө чейин сакталып калган. Ошол эле учурда германиялык эки бир тууган Дасслерлер бут кийим ишканасын ачып, эски дөңгөлөктөрдөн жана согуш калдыктарынан кроссовкаларды жасашкан. Кийинчерээк алар өзүнчө “Adidas” жана “Puma” компанияларын тузүшкөн. 50-жылдарга чейин кроссовкаларды бир гана спортчулардын гана кийгенге мүмкүнчүлүгү болгон. Согуштан кийинки каатчылыкта булгаары бут кийимге акчанын татыштыгынан, ошол кездеги аздектүү Джеймс Дин «Себепсиз козголоңчу»(«Бунтарь без причины») тасмасына кроссовка менен чыккан. Ошондон тартып бул бут кийим атактуулугу артып, белгилүү болгон. Ошол эле мезгилде кардарларынын олуттуу азайганына байланыштуу булгары бут кийимдерди өндүрүүчүлөрдүн кроссовкаларды алгачкы каралаган аракеттер башталган. Кроссовкалардын балдардын бутуна зыяндуулугу, таманды бузары тууралуу укмуштуу окуяларды ойлоп чыгара башташкан. Бирок ал тездик менен атактуу боло баштаган анын багытына жолтоо боло алган эмес. Чынын айтканда, ошондогу кардарлардын жактыруусуна арзыган өндүрүүчүлөр азыркы кезде дүйнөлүк бизнестин алдыңкылары болушту. II Кандай жакшы болбосун, буттун таманы да тердегендиктен, кроссовкалар жагымсыз жыттануусу мүмкүн. Бирок, жагымсыз жыттын себеби бут эмес, кездемеде жана бут кийимде пайда болгон микроорганизмдердин ишмердүүлүгү болуп саналат, ал эми буттун тердеши бир нече себептерден болушу мүмкүн. Кроссовкаларды көпкө кийүү, сактоо шарттары: * кроссовкаларга туура кам көрүү: кургак кармоо, ным тийгизбөө, дайыма тазалап туруу, байпак кийүү * кроссовкалардын сапаты жакшы, синтетикалык эмес материалдардан болушу; * ачуу тамактарды көп колдонбоо (бул тердин көбөйүшүнө өбөлгө түзүшөт); * Көйгөй бут кийимде эмес болсо, бутту бат-бат таза жуу, кургак кармоо, грибок ооруларын дарылоо, ден соолукту текшерүүчү адиске кайрылуу керек. Абалды оңдоодон мурун жыттын себептерин аныктоо маанилүү. Бүгүнкү күндө жагымсыз жыттан арылууга жардам берген каражаттар арбын, бирок далилденген элдик ыкмалар да бар. Алар жагымсыз жытты козгогон бактерияларды жок кылат.  Баштыкка салынган кроссовканы муздаткычтын тоңдургучуна салып коюлат.  Кечинде кроссовкага 1 аш кашык сода же бир ууч кофе данын салып коюу керек.  Жытты кетирүү үчүн кебезди уксуска нымдап, бут кийимдин ички бетин сүртүү керек. Эгер элдик каражаттар жардам бербесе, атайын каражаттарды колдонуу керек. Кийинки мезгилде чыккан атайын каражаттардын таасирдүүлүгү жакшы.  Формидрон. Бул антисептик, медициналык дары. Ал жагымсыз жытты жок кылат, буттун кычышканын басат. Кроссовканын ички бетин эритме менен сүртүп, бир-эки күн бою герметикалык баштыкка салып кою керек. Бут кийим кийгенге чейин желдетилиши керек.  Дезоранттар. Жетишерлик натыйжалуу каражат, ал молекулалардын деңгээлинде күрөшөт.  Хлоргексин. (0,05% эритиндисин алуу керек) Муну менен бут кийимдин ичи-тышын , батеги менен кошо сүртүп, целлофан баштыкка 4 саатай салып коюу керек.  Батектер. Алардын күнүмдүгү, активдештирилген көмүр менен, грибокторго каршы күрөшүүчү, табигый материалдардан жасалгандары жакшы жардам берет. 

Тапшырмаларды аткаргыла. Туура жоопторду тегеректеп белгилегиле.

1-тапшырма. Алгачкы кроссовка кандай аталган? Жообун жазгыла.

 

Варианты ответов
  • Парус сыяктуу туфли
  • Резина
  • Кеды
  • Сникерлер
Вопрос 2

Элдик ыкмаларды автор кандай максатта берген?

Варианты ответов
  • бут кийимди таза кармоо үчүн
  • бут кийимди кургатуу үчүн
  • элдик ыкмаларды жарнамалоо максатта
  • жагымсыз жыттан арылуу үчүн
Вопрос 3

Берилген ырастоолор тексттин маалыматында камтылгандыгын аныктагыла. Ар бир ырастоо үчүн "ооба" же "жок" дегенди белгиле.

Сникерлер адамдар үчүн ыӊгайлуу жана дабышсыз болгон.

Варианты ответов
  • ооба
  • жок
Вопрос 4

Тасмага тартылууда кийилген бут кийим “кеды” болгон.

Варианты ответов
  • ооба
  • жок
Вопрос 5

Дасслерлер бут кийимди кездемеден жасашкан.

Варианты ответов
  • ооба
  • жок
Вопрос 6

Согушка чейин кроссовкаларды спортчулар гана кийишкен

Варианты ответов
  • ооба
  • жок
Вопрос 7

Бут кийимге дезодорант колдонуу – элдик ыкма.

Варианты ответов
  • ооба
  • жок
Вопрос 8

Бут кийимди музаткычта тоңдуруу – медициналык ыкма.

Варианты ответов
  • ооба
  • жок
Вопрос 9

Бут кийимди көпкө кийүү, сактоо талаптары эмнеге өзгөчө белгилеп көрсөтүлгөн?

Варианты ответов
  • Сатып алган кроссовкалардын сапатын аныктоо үчүн
  • Кроссовкаларга туура кам көрүүгө көңүлдү буруу үчүн
  • Буттар жана бут кийим жыпар жыттанып турушу үчүн
  • кроссовканын пайда болуу тарыхын унутпай жүрүү үчүн
Вопрос 10

Формидрондун башка каражаттардан өзгөчөлүгү кайсы?

Варианты ответов
  • буттун чорун кетирет
  • кычышканды басат
  • нымдуулукту сиӊирип алат
  • бут кийимди тез кургатат
Вопрос 11

“Converse” компаниясы логотибине эмне себептен Чак Тейлордун кол тамгасын калтырган?  

Варианты ответов
  • жарнамага катышып турсун деп
  • ыраазылык билдирүү катары
  • дайыма кийип жүрсүн деп
  • кадыр-баркын өcтүрүү үчүн
Вопрос 12

1-тексттин мазмунун эмне түзгөн?

Варианты ответов
  • Джеймс Диндин жашоосу
  • Кроссовкаларга кам көрүү
  • Компаниялардын тагдыры
  • Кроссовканын тарыхы
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!