СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мамлекеттик экзамен (5)

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Математиканы окутуу методикасы

Список вопросов теста

Вопрос 1

Сюжеттик маселелерди чыгарууда кайсы принцип колдонулууга тийиш?

Варианты ответов
  • Удаалаштык
  • Системалуулук
  • Көрсөтмөлүүлүк
  • Илимийлүүлүк
Вопрос 2

Алгебралык материалдарга таандык эмес түшүнүк кайсы?

Варианты ответов
  • Туюнтма
  • Теңдеме
  • Барабарсыздык
  • Чийме
Вопрос 3

Курама маселелер эмнелерден куралат?

Варианты ответов
  • Теңдемелерден
  • Жөнөкөй маселелерден
  • Туюнтмалардан
  • Салыштыруу белгилеринен
Вопрос 4

Маселенин текстине семантикалык анализ жүргүзүү болуп кайсы иш – аракет эсептелбейт?

Варианты ответов
  • маселенин текстин окуу
  • талдоо
  • берилгендер менен белгисизди аныктоо
  • маселенин текстин жаттоо
Вопрос 5

Теңдеменин тамырын тап: 5x+3=13

Варианты ответов
  • 2
  • 10
  • 3
  • 5
Вопрос 6

Сынык сызык эмнелерден түзүлөт?

Варианты ответов
  • Түз сызыктардан
  • Кесиндилерден
  • Үч бурчтуктардан
  • Ийри сызыктардан
Вопрос 7

Палетка кандай максатта колдонулат?

Варианты ответов
  • Туура эмес фигуралардын периметрин табуу
  • Туура фигуралардын аянтын табуу
  • Туура фигуралардын периметрин табуу
  • Туура эмес фигуралардын аянтын табуу
Вопрос 8

Көп орундуу сандардын окулушундагы өзгөчөлүк эмнеде?

Варианты ответов
  • Разрядка бөлүп окууда
  • Класска бөлүп окууда
  • Сандарды тандап окууда
  • Өзгөчөлүк жок
Вопрос 9

Кайсы учурда көп орундуу сандардын айрым класстары окулбай калат?

Варианты ответов
  • Аталбаган класста жалаң 1 болгондо
  • Аталбаган класста жалаң 5 болгондо
  • Аталбаган класста жалаң 9 болгондо
  • Аталбаган класста жалаң 0 болгондо
Вопрос 10

Тексттин аталышына байланыштуу негизги түшүнүктөрдү удаалаш ажыратуу менен маселени окуу процесси кантип аталат?

Варианты ответов
  • Сыналуучу анализ
  • Семантикалык анализ
  • Тандалма анализ
  • Байкоочу анализ
Вопрос 11

Көз менен көрүп, кармоого мүмкүн болбогон, аныктоого курал болбогон чоңдук кайсы?

Варианты ответов
  • Масса
  • Узундук
  • Убакыт
  • Ылдамдык
Вопрос 12

Геометриялык тапшырмалардын кандай түрү болбойт?

Варианты ответов
  • Ченөөгө карата
  • Эсептөөгө карата
  • Таанууга карата
  • Каалоого карата
Вопрос 13

80:a+4  туюнтмасынын a=5 болгондогу маанисин эсепте

Варианты ответов
  • 16
  • 18
  • 20
  • 80
Вопрос 14

Дамир даанасы 4сомдон 5 калем жана 3сомдон 7 калемсап сатып алды. Дамир канча сом сарп кылды?

Варианты ответов
  • 18
  • 41
  • 7
  • 12
Вопрос 15

Турист 5 км/саат ылдамдык 4 саат жөө жана жеңил машина менен 5 саат жүрдү. Баары 320 км жолду басып өттү. Жеңил машинанын орточо ылдамдыгын тап.

Варианты ответов
  • 57 км/саат
  • 75 км/саат
  • 60 км/саат
  • 55 км/саат
Вопрос 16

a:11-7  туюнтмасынын a=99  болгондогу маанисин эсепте

Варианты ответов
  • 11
  • 16
  • 2
  • 0
Вопрос 17

2∙a жана 2+a  туюнтмалары a нын кайсы маанисинде барабар болушат?

Варианты ответов
  • 1
  • 0
  • 2
  • Эч бир маанисинде
Вопрос 18

Жактары 3см жана 4см болгон тик бурчтуктун аянтынын 6дан 1үлүшүн эсепте. Ал канча сантиметр квадрат экен?

Варианты ответов
  • 12〖см〗^2
  • 2〖см〗^2
  • 6〖см〗^2
  • 4〖см〗^2
Вопрос 19

Биздин шаарда 10мектеп бар, ал эми бул жылы жаңы мектептер курулуп баары 12 мектеп болуп калды. Бул жылы канча жаңы мектеп курулду?

Варианты ответов
  • 12
  • 22
  • 2
  • 4
Вопрос 20

Узундуктары 2см;3см;4см;2см болгон 4муундан турган сынык сызыктын узундугун тап

Варианты ответов
  • 8см
  • 9см
  • 4см
  • 11см
Вопрос 21

Амалдардын жазылуу символикасы жана жыйынтыгын аныктоо менен тааныштыруудан мурда бала кандай иш-аракет аткарбай турган-дыгын жооптордун арасынан аныкта

Варианты ответов
  • предметтик жыйындыларды моделдештирүүнү
  • мугалимдин оозунан укканды туура элестетип түшүнүүнү
  • предметтик иш – аракеттердин жыйынтыгы сыяктуу процесстерди колу менен көрсөтүүнү
  • кошуу белгисин коюп амалды эсептөөнү
Вопрос 22

туюнтмалардын арасынан биринчи кошулуучу 3кө барабар болгон туюнтмаларды тап: 3+2, 6+3, 8+1, 3+5, 3+4, 7+3, 9+3 тапшырмасы эмнеге карата берилген?

Варианты ответов
  • Кошуу амалынын компоненттеринин аталыштарын окуучуларда калыптандыруу үчүн
  • Кошуу амалынын касиеттерин окуучуларда калыптандыруу үчүн
  • Кошуу амалынын кандай жазылаарын окуучуларда калыптандыруу үчүн
  • Кошуу амалынын эрежелерин окуучуларда калыптандыруу үчүн
Вопрос 23

Предметтердин мейкиндикте жайгашышына карата 1-класстын окуу китебинде берилген тапшырма кандай түрдө болушу мүмкүн?

Варианты ответов
  • Даракта канча чымчык конуп тургандыгын аныктагыла. (даракта чымчыктар тартылган сүрөт бар)
  • Кайсы мөмөлөр формасы жана түсү боюнча окшош?
  • Төмөнкү буюмдардын эмнеден жасалгандыгын аныктап (нан, сызгыч, шапка ун, жыгач, жүн сүрөттөрү тартылган)
  • Кайсы сан 3 менен 5тин арасында жайгашкан?
Вопрос 24

Көптүктүн сандык мүнөздөлүшүн аныктоого карата 1-класстын окуу китебинде берилген тапшырма кандай түрдө болушу мүмкүн?

Варианты ответов
  • Даракта канча чымчык конуп тургандыгын аныктагыла. (даракта чымчыктар тартылган сүрөт бар)
  • Кайсы мөмөлөр формасы жана түсү боюнча окшош?
  • Төмөнкү буюмдардын эмнеден жасалгандыгын аныктап (нан, сызгыч, шапка ун, жыгач, жүн сүрөттөрү тартылган)
  • Кайсы сан 3 менен 5тин арасында жайгашкан?
Сохранить у себя: