СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика 7-класс

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
1- чейрекке карата тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

"Физика" термини гректин кайсы сөзүнөн  алынган?

Варианты ответов
  • Ат-табиа
  • Фюзис
  • Физикос
  • Капилос
Вопрос 2

Кайсы окумуштуунун  эмгектеринен биринчи ирет  "физика" терминин кездештирүүгө болот?

Варианты ответов
  • М.В. Ломоносов
  • Г. Галилей
  • аль-Хорезми
  • Аристотель
Вопрос 3

Физика илими  эмнени  окуп  -үйрөтөт?

Варианты ответов
  • Жандуу жаратылыштагы кубулуштарды
  • Жансыз жаратылыштагы кубулуштарды
  • Жарык, жылуулук ,механикалык,электрдик,магниттик кубулуштарды
  • Айлана-чөйрөдөгү ар кандай өзгөрүүлөрдү
Вопрос 4

Төмөнкү  келтирилгендердин кайсынысында  тажрыйба  жасалып жатат  деп биле  алабыз?

Варианты ответов
  • Адам көлдүн жээгинде, алыстап бараткан кемени карап отурат
  • Адам көлгө кагаз ,канат жана таш таштап алардын кайсынысы чөгүп кеткенин карап отурат
  • Көлдүн ичине түшүп кеткен тыйынды алып чыгып жатат
  • Туура жооп жок
Вопрос 5

Берилген жооптордун ичинен  кайсынысы  физикалык чоңдук  боло  албайт?

Варианты ответов
  • Масса
  • Узундук
  • Убакыт
  • Секунд
Вопрос 6

0,2 км  жана  5000 мм ди метр (м)  менен туюндуруп  жазгыла.

Варианты ответов
  • 20 м жана 5 м
  • 200 м жана 50 м
  • 2000 м жана 0,5 м
  • 200м жана 5м
Вопрос 7

Берилген  0,5  саатты  секундага  айландыруу  менен кандай маанини  алууга  болот?

Варианты ответов
  • 500с
  • 30 с
  • 3600 с
  • 1800 с
Вопрос 8

Чоңдуктарды  өлчөөгө  арналган  куралдарга  кайсы  касиет мүнөздүү?

Варианты ответов
  • Кайсы заттан жасалганы
  • Шкаласынын баасы
  • Бетиндеги цифралар
  • Колдонуу областы
Вопрос 9

Механикалык кыймыл   ...   деп  аталат

Варианты ответов
  • Нерсенин абалынын өзгөрүшү
  • Бир нерсенин экинчи бир нерсеге салыштырмалуу абалынын өзгөрүшү
  • Нерсенин тынч абалынын бузулушу
  • Жерге салыштырмалуу нерсенин абалынын өзгөрүшү
Вопрос 10

Нерсе кыймылдаганда  артында калган  из ... деп  аталат

Варианты ответов
  • Жол
  • Сызык
  • Траектория
  • которулуш
Вопрос 11

Ылдамдык - ... көрсөтүүчү  физикалык  чоңдук.

Варианты ответов
  • Нерсенин басып өткөн жолун
  • Нерсе кандай кыймылдай турганын
  • Убакыт бирдиги ичинде өттүлгөн жолду
  • Которулуш бирдиги ичиндеги өткөн убакытты
Вопрос 12

Трактор  5,2 м/с  ылдамдык  менен  жүрөт.Бул ылдамдыкты   см  менен  туюнткула.

Варианты ответов
  • 520
  • 52
  • 5200
  • 0,52
Вопрос 13

Дене тарбия норматив  тапшырып жаткан  Асан  100м  аралыкты 30 с да басып өттү.Анын  ылдамдыгы  эмнеге  барабар  болгон?

Варианты ответов
  • 5,55
  • 4,44
  • 3,33
  • 2,22
Вопрос 14

Нерсе  убакыттын  бирдей  аралыгында  ар  түрдүү жолду  басып өтсө  , анда  анын  кыймылы ... болот.

Варианты ответов
  • Бир калыпта эмес
  • Бир калыпта
  • Туруктуу тартипте
  • Баш аламан тартипте
Вопрос 15

Ылдамдануу  кайсы учурда  пайда  болот?

Варианты ответов
  • Кыймыл тез болгондо
  • Ылдамдык өзгөргөндө
  • Убакыттын өтүшү менен
  • Узак жол жүргөндө
Вопрос 16

Баштапкы ылдамдыгы  15 м/с  га барабар  болгон  автомобиль  10 с  ичинде  ылдамдыгын  30 м/с га өзгөрттү. Ылдамдануусун  тапкыла.

Варианты ответов
  • 2
  • 0,3
  • 1,5
  • 7
Вопрос 17

Убакыттын  өтүшү  менен ылдамдыгын  жогорулатып  туруучу  кыймыл ...деп  аталат.

Варианты ответов
  • Акырындатылган кыймыл
  • Ылдамдатылган кыймыл
  • Бир калыптагы кыймыл
  • Кирпик каккычактагы кыймыл
Вопрос 18

Нерсенин бир  толук  айланууга  кеткен  убактысын  .. деп  атайбыз.

Варианты ответов
  • Айлануу мезгили
  • Айлануу жыштыгы
  • Айлануу ылдамдыгы
  • Айлананын узундугу
Вопрос 19

Айлануу  жыштыгы  деген  чоңдукту кандай түшүнөсүнөр?

Варианты ответов
  • Бир толук айланууга кеткен убакыт
  • 1 с ичиндеги айлануулардын саны
  • 1 с ичиндеги айланууга кеткен убакыт
  • Берилген убакыттагы айлануулардын саны
Вопрос 20

Айлануу  мезгили  0,4 с болгон  түзүлүштүн айлануу  жыштыгы  кандай  мааниге  ээ  болот.

Варианты ответов
  • 2,5 Гц
  • 3 Гц
  • 3,5 Гц
  • 4 Гц
Сохранить у себя: