© 2025, Эркинбекова Гулнура Эркинбековна 80
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Баскетбол - профессионалдар арасында да, көчөдөгү
оюн-зоокту сүйүүчүлөрдүн арасында да эң
популярдуу спорт оюндарынын бири.
Топту атайын жабдылган залда ойноого дайыма эле
мүмкүнчүлүк боло бербейт, эгер каалоо болсо, үй
шартында колдо болгон материалдардан эле топ
ойноочу жабдыктарды жасап алууга болот.
Баскетбол шакегинин стандарттуу өлчөмү -
диаметри 45 см болушу керек, ал эми калыңдыгы 1,6
см ден 2 см ге чейин болушу керек.
Айлананын узундугунун формуласы:
С= π2r, π = 3,14 r- радиус
Шакек жасоо үчүн, кайсы металл таяк
болот?
Баскетбол тору шакекченин айланасында бири-
биринен бирдей аралыкта 12 жерден бекитилет.
Чокусу айлананын борборунда жаткан,
биринчи жана үчүнчү бекитүүнүн
ортосундагы бурчтун мааниси эмнеге
барабар?
Баскетбол – бул топ менен ойнолуучу командалык
оюн, анын максаты - атаандашынын торуна мүмкүн
болушунча көбүрөөк топ салуу. Жеңиш коп упай
топтогон командага берилет
Ыргытуу боюнча упайлардын түрлөрү:
1 упай - айып сызыгында туруп ар бир так ыргытуу
үчүн;
2 упай - орто сызыктан же дистанцияга жакын жерден
ыргытуу үчүн (жаанын ичинде);
3 упай - үч упайлуу сызыктын артынан ыргытуу үчүн.
Нурбек агасына оюнга келип, анын
командасына дем берип турам деп убада
берген, бирок ал кечигип калып, оюнду толук
көрө алган жок. Команда ал оюнда 95 упай
топтоду, анын 9у айыптык ыргытуудан,
калгандары 2 жана 3 упайлык болгон.
Ошентип, Нурбек кеч келсе дагы, эгерде оюн
учурунда бардыгы болуп 45 топ ыргытылган
болсо, анда канча жолу 3-упайлык топ
салынганын эсептеп чыкты. Ал канча деп
эсептеди?
Баскетбол командасы 12ден 22ге чейин оюнчудан
турушу мүмкүн.
Бирок ар кандай мелдештерге катышуу үчүн 12 гана
оюнчу катталат.
Нурбектин агасы ойногон команда 9 адамдан турат.
Оюнчулардын орточо жашы 15 жашты түзөт.
Нурбекти жана анын курбусун команданын
курамына кошушту, алар 12 жашка чыгышты,
бул командага кошулган. Жаңы команданын
оюнчуларынын орточо жашы өзгөрдүбү?
Туура жоопту тандагыла:
© 2025, Эркинбекова Гулнура Эркинбековна 80