© 2025, Эркинбекова Гулнура Эркинбековна 72
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Текстти окуп чыгып, бир туура жоопту тандоо
тапшырмасын аткаргыла.
Эгерде Жеңиш чокусунун бийитиги 7439 метр болсо,анда Жеңиш
чокусу Эверест чокусунан канча пайызга төмөн?
Жообун бүтүнгө чейин тегеректегиле.
Дүйнөдөгү эң бийик тоо- Эверест,анын бийиктиги тектоникалык
активдүүлүктөн улам өзгөрүп турат.2020-жылы Непал жана Кытай өлкөлөрү
Эвересттин бийиктиги болжол менен 8849 метр түзөрүн расмий түрдө
билдиришкен,бул мурда расмий түрдө эсептелгенден 1метрге
жогору.Кыргызстандын аймагында Жер шарындагы эң түндүк “жети миңдик”
Тянь-Шандын эң бийик жери бар.Ал 1946-жылы экинчи дүйнөлүк согуштагы
жеңиштин урматына Жеңиш чокусу деп аталган.Бул тоо дүйнөдөгү эң бийик
чокулардын арасында 78-орунда турат. Жеңиш чокусу Ысык–Көл облусунун
Кытай менен чектеш Какшаал кырка тоосунда жайгашкан.Чоку Звездочка
мөңгүсүн көздөй чыгып,3км узундуктагы тик дубалды түзөт.
2022-жылдын аягында Кыргызстанда 100 эле адам жашаса,алардын 38и
жашы жете элек өспүрүмдөр,54ү 18 жаштан 60 жашка чейинкилер
болмок.8 гана тургун 60 жылдык мааракесин белгилемек.2022-жылдын
аягында Кыргызстанда 60 жаштан өткөн канча адам бар?
Жообун бүтүнгө чейин тегеректегиле.
БУУнун калк бөлүмү жарыялаган акыркы маалыматтарга ылайык ,
2022-жылдын аягында Кыргызстандын калкынын саны 6 799 321
адамды түзгөн.
Оӊ жактагы текстти окуп чыгып, тапшырманы аткаргыла.
2022-жылдын аягында Кыргызстандын калкынын саны 6799321 адамды
түзгөн жана жаш курактары боюнча төмөндөгүдөй группаларга
бөлүнгөн:
2022-жылдын аягындагы Кыргызстандын демографиялык жүктөм
коэффициентин эсептегиле.
Жообун бүтүнгө чейин тегеректегиле.
Өлкөдөгү демографиялык жүктөм коэффициентти эсептөөдө, калктын
иштебеген бөлүгүнүн (көз каранды бөлүгү) калктын эмгекке жарамдуу
бөлүгүнө болгон катышын 100% га көбөйтүп эсептешет.
Эмгекке жарамдуу калктын категориясына кирбеген калк (калктын көз
каранды бөлүгү) деп15жашка чейинки жана 64 жаштан жогорку
калктын санын түшүнүшөт.Эмгекке жарамдуу калк деп (өндүргүч
калктын бөлүгү) 15 жаштан 65 жашка чейинкилерди эсептешет.
Демографиялык жүктөм коэффициенти мамлекеттин социалдык
саясатына каржылык чыгымдарды түздөн-түз чагылдырат.
Мисалы,бул коэффициент жогоруласа,жумшалган чыгашалар да
көбөйөт б.а.билим берүү жайларын курууга,социалдык
коргоого,саламаттыкты сактоого,пенсиялык төлөмдөргө ж.б
© 2025, Эркинбекова Гулнура Эркинбековна 72