СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окурмандык сабаттуулук боюнча ПИЗАга багытталган тест 7-класс

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
КЫРГЫЗСТАН — МЕНИН МЕКЕНИМ Биздин мекенибиз — Кыргызстан. Ошондуктан биз ата журтубуз менен сыймыктануубуз, аны сүйүүбүз жана анын эгемендүүлүгүн сактообуз керек. Кыргызстан биз сыймыктанууга татыктуу өлкө — Ата мекен. Ага талбай камкордук көрүүгө, көздүн карегиндей сактоого татыктуу мамлекет. Бүткүл Орто Азия сыяктуу эле Кыргызстандын аймагы адамзат цивилизациясынын эң байыркы очокторунан болуп эсептелет. Археологиялык изилдөөлөрдө далилденгендей байыркы таш кылымынан бери жашап келген "кытай тарыхынын атасы" Сыма Цзяндын "Тарыхый каттар" деген эмгегинде, кытайдын жылнаамаларында кыргыздардын байыркы этнос экенине күбө болгон жазма булактары б.з.ч. 99-жылы жазылып бүткөн. Ал эми жазма эстеликтеричи? Кыргыз эли колдонгон жазууларычы? Орхон-Енисей жазуулары, Саймалуу Таш, түрк жазуулары ж.б. кыргыз эли колдонгон жазуулар, сүрөттөр эмне деген рухий байлык — керемет! Цивилизациянын жогорку деңгээлинен кабар берген дагы толуп жаткан маалыматтар бар. Бурана, Өзгөн мунаралары, уникалдуу кербен сарайы Таш-Рабат эң мыкты архитектуралык чеберчилик өнөрдү далилдеп турат. Боз үй — кыргыздын турак жайы, элибиздин улуттук мүлкү. Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал эми “Манас” эпосу — эл турмушунан алган орду, мааниси боюнча дүйнөдө теңдеши жок жалпы элдик эстелик-мурас. Ысык-Көл, Сары-Челек, Соң-Көлүбүз, Арстанбап, Сулайман-Тоо, Ала-Тоо, Тулпар-Ташыбыз, тоолорубуз, токойлорубуз, жерибиз ар турдүү кендерге бай. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ак-Суу, Жылгалаң деген курортторубуз дартка дабаа, илдетке шыпаа.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кыргызстан  - биздин ...

Варианты ответов
  • сүйүүбүз
  • эгемендүүлүгүбүз
  • мекенибиз
  • журтубуз
Вопрос 2

"Ата мекен" деген сөздүн мааниси кайсы варианттагы сөзгө жакын?

Варианты ответов
  • замандаш
  • мекендеш
  • өлкө
  • ата журт
Вопрос 3

Мекенге кызмат кылуунун маанисин билдирген сөздөрдү белгиле. 

Варианты ответов
  • үлгүлүү болуу, туура жүрүү
  • камкордук көрүү, көздүн карегиндей сактоо
  • тазалыкты сактоо, ден соолукка кам көрүү
  • иштөө, сыймыктануу
Вопрос 4

Сенин оюңча археологиялык изилдөөлөр эмнени далилдейт?

Варианты ответов
  • Орто Азияны, Кыргызстанды
  • Сыма Цзяндын жазганын
  • жылнаамалар жазылганын
  • Кыргыздар таш доорунан бери жашаганын
Вопрос 5

Биздин заманга чейин 99-жылдагы жазма булактар эмне жөнүңдө деп ойлойсуң?

Варианты ответов
  • Кытайдын тарыхчысы жөнүндө
  • Кыргыздар байыркы эл экендиги жөнүндө
  • Орхон-Енисей жазуулары жөнүндө
  • түрк жана уйгур жазуусу жөнүндө
Вопрос 6

Архитектуралык чеберчиликти далилдеген кыргыздын эмнелери бар?

Варианты ответов
  • Ала-Тоо, Тулпар-Таш, Ысык-Көл
  • Жалал-Абад, Ак-Суу, Жыргалаң, Ысык-Ата
  • Бурана, Өзгөн мунаралары, Таш-Рабат, боз үй
  • токойлор, тоолор, кен байлыктар
Вопрос 7

Акыркы саптагы "дартка дабаа, илдетке шыпаа" деген сүйлөмдүн мааниси кандай?

Варианты ответов
  • Курорттордо эс алышат
  • Кереметтүү байлык
  • Руханий байлык
  • Ар түрдүү ооруларды айыктырат
Вопрос 8

Бул текст ким жана эмне жөнүндө?

Варианты ответов
  • Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы жөнүндө
  • "Манас" эпосу жөнүндө
  • Археология жөнүндө
  • ооруларды айыктыруучу курорттор жөнүндө
Вопрос 9

Текстке ылайыктуу башка тема танда.

Варианты ответов
  • Кыргызстандыктар
  • Кыргызстан - биздин мекенибиз
  • Орхон-Енисей жазуулары
  • Орто Азия элдери
Вопрос 10

Боз үй  - бул . . .

Варианты ответов
  • - кыргыздын турак жайы
  • - улуттук музыкалык аспабы.
  • уктоочу бөлмө
  • руханий байлык
Вопрос 11

"Манас" эпосу кандай мурас?

Варианты ответов
  • материалдык эстелик-мурас
  • дүйнөдө теңдешкис эстелик-мурас
  • айтылып бүтпөс эстелик-мурас
  • китептеги эстелик-мурас
Вопрос 12

Кыргызстан эмнеге бай өлкө?

Варианты ответов
  • калың токойлорго
  • бийик тоолорго
  • ар түрдүү кендерге
  • тарыхый эстеликтерге
Вопрос 13

Кайсы курорттор дартка дабаа, илдетке шыпаа?

Варианты ответов
  • Жыргалаң, Ак-Суу
  • Жалал-Абад, Сулайман-Тоо
  • Жети-Өгүз, Ала-Тоо
  • Арстанбап, Ысык-Көл
Вопрос 14

Орхон-Енисей жазуулары, Саймалуу Таш, түрк жазуулары кандай байлыктын түрүнө кирет?

Варианты ответов
  • маданий байлык
  • рухий байлык
  • материалдык байлык
  • ар түрдүү байлык
Вопрос 15

Бул текст силер үчүн кандай максатта колдонулган?

Варианты ответов
  • Курортту, эс алуучу жайларды изилдөөнү
  • Ала-Тоону, Сулайман-Тоону көрүүнү
  • Ысык-Көлдү, Соң-Көлдү, Таш-Рабатты билүүнү
  • Мекенди сүйүүнү, аны таанууну, билүүнү
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!