СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Т.Сыдыкбековдун « Тоо балдары » аттуу романы боюнча тест.

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Т.Сыдыкбековдун « Тоо балдары » аттуу романынан алынган үзүндүнү кунт коюп окуп чыккыла жана ага карата берилген суроолорго кыска, так жооп бергиле.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Омор аке

Омордун үйүн көздөй бурулган кезде, Сабыр тымызын жылмайды. Анткени Омордун кыял-жоругун эсине түшүргөн адам эрксизден күлө турган. Ал — оюндагысын кишиге бербеген бир мүнөздүү өжөр, эр көкүрөк, кайраттуу, күпүлдөп сүйлөгөн адам. Баланы айрыкча жакшы көрөт. Бирок эркелетпейт. Ойноп жүргөн балдарды өзүнө чакырат. Бир жолу анын колуна түшкөн бала оолак качат. Омор жашыраак кезинде өзүнөн качкан баланы тартактап кубалоодон да тартынчу эмес. Аны көргөндө айрыкча Сабыр артына кылчайбай кача турган. Ал Омор жакындап келатканын, анын тери шымынын кең багелектеринин күдүр-күдүр эткен доошунан сезчү. Кээде коркуп баратып Сабыр шашканынан мүдүрүлүп жыгылчу. Анда Омор: «А кудагыйдын баласы, колума түштүңбү? Качасың, э! Мен киммин, ыя!» — деп баланы ыйлата берчү. Сабырдын энеси, кээде ачууланып: «Ой, береги куу баш баланын жүрөгүн түшүрүп салмак болду», — десе, Сабырдын эжеси: «Кой, апа. Сакалдуу кишини куу баш дебе, шагы сынып калат», — деп энени тыючу.  — Сынса сынсын. Анын шагы сынат эле деп баламдын жүрөгүн түшүртөйүнбү. Ой, Омор, коё бер алдагы баланы. Эмне, сенин сүтүңдү төктүбү?  — Э, балаңды эркелетип жатам. Бала дегенди бешиктен бели чыга элек кезинен жаагынан кайыш алып үйрөтсө, эч нерсе тоотпос өрт өсөт!      Омор бир жылы айылчылап келген чоочун аялдын баласын ошентип эркелетсе, сырын билбеген бала коркуп кетип талып калган. Сакалдуу кишилер: «Таштасаңчы адатыңды, бирөөнүн баласынын жүрөгүн түшүрүп, -дешип, Оморду жемелешкенден кийин, кубалаганын коё баштады. Балким, Омор ал адатын таштабас беле? Жашы элүүдөн өтүп калганда, өзү балалуу болду. Ошондон баштап бирөөнүн баласын катуу эркелеткенди да коюп кетти. Омордун кийинки эрмеги окуган балдарды көрсө:  — Эй, кудагыйымдын балдары! Менин жаныма келип койчу! — дечү. Окуган балдарга Омор кадимки чоң кишиге кылган мамилени иштеп: «Э, өкмөттөр, келгиле! — деп козголуп коюп, катарынан орун көрсөтөт. Кээде Сабырды да чакырып: „Те-ек, ыйлаак. Көзү чоң, коён жүрөк. Эми окуп жүрөт. Качан өкмөт болуп жаныңа тапанчанын боосун салпылдатасың, ыя?“ — Сабыр тымызын гана күлүп койчу:  — Окугандын баары эле тапанча тагынмак беле? Койчунуку — таяк менен көнөчөк; жылкычыныкы — кыл аркан менен укурук; эгинчиники — чалгы менен орок; мага окшогон көк чекелердики — көк союл менен жомок. А союлга окуунун эмне кереги бар? -дечу. Анын кырктан ашып калган аялы доктурга көрүнүп жүрүп бала төрөдү… „…Эй, атаңдын көрүнө!“ — деди Омор кубангандан. — Дөбөдө олтуруп кудай менен сабашканча, байбичем  мурунтан эле доктурга барса болмок экен го». Омор уулунун атын Орусбек койгон.
1 суроо   Чыгарманын  темасы кандай?

Вопрос 2

Эмне үчүн чыгарма “ Тоо балдары “ деп аталат?

Вопрос 3

Текст кайсы стилде жазылган, анын ошол стилде жазылганын кантип далилдейсиңер?

Вопрос 4

Текстте кимдер, эмнелер бар?Алардын баары биригип келип эмнени түзөт?

Вопрос 5

Омор аке балдар менен тамашалашкан жоругун биротоло таштоого кандай окуя себепкер болуп, таасир этти?

Вопрос 6

Омордун баланын  окуп , билим алуусу  жөнүндөгү түшүнүгү кандай ?

Вопрос 7

Омордун сырткы көрүнүшү,  балдарга  жасаган мамилеси кандай?

Вопрос 8

Бул бөлүмдөгү жаңы менен эскинин күрөшүн  көрсөткүлө?

Вопрос 9

Чыгарманын башкы каармандары ким?

Вопрос 10

Жүрөгү түшүү; бешиктен бели чыга элек , кункор болуу, жаагынан кайыш алуу  туруктуу сөз айкаштары эмне деген маанилерди туюндурат?

Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!