СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых 10-класс

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Дүйнө тарыхы

Список вопросов теста

Вопрос 1

Тарыхта Хаммурапинин атагы калды, ал...

Варианты ответов
  • байыркы заманда эң улуу саякатчы болгон
  • бүткүл Вавилон хандыгы үчүн бирдей мыйзамды киргизген
  • Урада атактуу храмды курган
Вопрос 2

 Египетте жана Эки дарыя аралыгында биринчи  мамлекеттер пайда болду, анткени ал жерде...

Варианты ответов
  • дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк эң тез өнүккөн
  • климат эң мыкты болгон
  • ошол кездеги эң акылдуу адамдар көп болгон
Вопрос 3

Байыркы Кытай чарбасындагы башка бир да өлкөдө болбогон тармак -бул..

Варианты ответов
  • кант камышын өстүрүү
  • жибек куртун өстүрүү
  • күрүч өстүрүү
Вопрос 4

 Улуу Кытай сепилин... үчүн курушкан

Варианты ответов
  • кытайларды согушчан көчмөндөрдөн коргоо
  • кытайлар өлкөдөн сырткары кетүүсүн тыюу
  • кытайдын чек арасын белгилөө
Вопрос 5

Олимп тоосу байыркы гректер үчүн ... жер болгон

Варианты ответов
  • олимпиадалык оюндар өткөрүлчү
  • кудайлар жашаган
  • музыкант жана акындар жыл сайын мелдеш өткөрүшчү
Вопрос 6

Афинанын жараны - бул...

Варианты ответов
  • Афинада туулуп, мамлекеттин алдында милдеттүү жана укуктуу адам
  • Афина жашоочусу сатып алган кул
  • Афинага келип бир жылдан ашык жашаган грек
Вопрос 7

Арабдар жогорку маданияттуу болушкан. Анткени: 

Варианты ответов
  • басып алган өлкөлөрдүн бүт калкын мажбурлап сабаттуулукка окуткан
  • араб көпөстөрү ар кайсы жерлерден китептерди сатып алышчу
  • басып алган элдин маданиятын өздөштүрүшкөн жана аны кайра иштеп чыгышкан
Вопрос 8

XVI к. Осмон империясы начарлай баштаган, анткени:

Варианты ответов
  • Жер ортолук деңизинин өлкөлөрү түбөлүк тынчтык келишимин түзүшкөн
  • Түркиянын европалык коңшулары жана багынган элдердин түрктөргө каршылыгы күч алган
  • империянын башында тынчтыкты жактаган султандар турган
Вопрос 9

Батыш ЕвроЕвропада Университеттер - бул:

Варианты ответов
  • королдордун салык жыйноо борбору
  • орто кылымдарда келечекти алдын ала айтуучулардын съезди
  • XI к. пайда болгон Европадагы алгачкы жогорку мектептер
Вопрос 10

Европа менен Азиянын кайсы аймагында (мурунку СССР) кул ээлөөчүлүк мамлекеттер түзүлгөн?

Варианты ответов
  • Кара деңиздин бою, Кавказ, Орто Азияда
  • Киев Русу, Сибир, Ыраакы Чыгышта
  • Кавказ, Түндүк Кара деңиздин бою, Европада
Вопрос 11

Байыркы дүйнөдө “Жети керемет” болгон Вавилондо анын кайсынысы жайгашкандыгын аныкта

Варианты ответов
  • Александр маягы
  • Тадж-Махал күмбөзү
  • Семирамиданын асма багы
Вопрос 12

Байыркы Грециядагы демократия бул-...

Варианты ответов
  • Байлар жана кедейлердин өлкөнү башкарууга бирдей катышуусу
  • Эгей деңизинин жээгиндеги аскердик бөлүк
  • Башка өлкөдөгү грек элчилиги
Вопрос 13

Тарыхты изилдөөдө эки негизги багыт пайда болгон: материалисттик жана идеалисттик. Материалисттик багыттын өзгөчөлүгүн бөлүп көрсөткүлө.

Варианты ответов
  • тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүн адамдардын аң-сезими аныктайт;
  • экономикалык түзүлүш, коомдогу процесстер жана кубулуштар адамдардын ортосундагы мамилелерди аныктайт
  • жаратылышка караганда аң-сезим маанилүү деп эсептешет
Вопрос 14

Тарых илимдин башка тармактары философия, социология, психология, экономика, ал тур-гай физика, математика, химия сыяктуу табигый илимдер менен тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок тарых илими жогорудагы илимдерден эмнеси менен айырмаланат

Варианты ответов
  • көп мезгилди камтыгандыгы менен
  • коомдун өнүгүүсүнүн ар кыл жактарын бир тутумда карап, коомдук турмуштун бардык жактарын бири-бири менен байланышта талдайт
  • кызыктуу окуялар көп болгондугу менен
Вопрос 15

Окумуштуулар орто таш кылымын эмне деп аташат?

Варианты ответов
  • палеолит
  • неолит
  • мезолит
Вопрос 16

476-жыл тарыхтагы эң белгилүү даталардын бири. Бул датанын тарыхый мааниси кандай?

Варианты ответов
  • Батыш Рим империясы кулаган
  • Кул ээлөөчүлүк түзүлүш аяктаган
  • Батыш жана Чыгыш Рим империясы бириккен
Вопрос 17

Байыркы Индияда б.з.ч. I миң жылдыкта каста деп эмнени аташкан?

Варианты ответов
  • Адамдардын өз укуктары жана милдеттери менен айырмаланган чоң жабык топтору
  • жашоонун эң башкы мааниси жөнүндөгү философиялык ой жүгүртүүлөрдү камтыган тарыхый чыгармалар
  • Индия кудайлары менен башкаруучулары-на арналган архитектуралык курулуштар
Вопрос 18

Римдеги Спартактын көтөрүлүшү мамлекеттин кайсы кемчилигин ачык далилдеген?

Варианты ответов
  • дагы жаңы жерлерди басып алуу керектигин
  • кулдарга жакшы мамиле кылуу керектигин
  • мамлекет кул ээлөөчүлөрдүн кызыкчылыгын камсыз кыла албастыгын
Вопрос 19

Бул шаар дүйнөнүн эки бөлүгүнүн  ортосуна жайгашкандыктан, үч улуу империянын борбору болууга жетишкен. Аны атагыла.

Варианты ответов
  • Вена
  • Анкара
  • Стамбул
Вопрос 20

Орто Азияда XII-XIII кк. жашаган дүйнөгө белгилүү окумуштууларды белгиле

Варианты ответов
  • Ал-Хорезми, Низами, Жусуп Баласагын, Ал-Буруни
  • Ал-Буруни, Ибн-Сина, Жусуп Баласагын, Ал-Хорезми
  • Ал-Бурини, Ширакаци, Ибн-Сина, Руставели
Сохранить у себя: