СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест 9-класс. II чейрек. II вариант

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Физика предмети боюнча 9-класстын окуучуларынын билимдерин текшерүү.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Материалдык чекиттин кыймылы x = 15+0,4t  теңдемеси боюнча берилген. Ылдамдануу ... ?

Варианты ответов
  • \(15\ \frac{м}{с^2}\)

  • \(0,4\ \frac{м}{с^2}\)

  • \(5\ \frac{м}{с^2}\)

  • \(2\ \frac{м}{с^2}\)

Вопрос 2

10 м/с ылдамдыкта бара жаткан троллейбус тормоздогондон 5 секунда өткөндөн кийин токтоду. Эгерде ал тормоздоо учурунда бир калыпта акырындатылган кыймылда болсо, анда токтогонго чейин канча жол жүргөн?

Варианты ответов
  • \(2\ м\)

  • \(5\ м\)

  • \(10\ м\)

  • \(25\ м\)

Вопрос 3

Тынч турган абалынан 0,6 м/с2 ылдамдануу менен кыймылга келген автомобиль 30 м аралыкты канча убакытта басып өтөт?

Варианты ответов
  • 55 с
  • 15 с
  • 10 с
  • 5 с
Вопрос 4

Материалдык чекиттин кыймыл теңдемеси x = 100t+0,8t2 көрүнүшүндө берилген. Баштапкы ылдамдык ... ?

Варианты ответов
  • 0,4 \(\frac{м}{с}\)

  • 0,8 \(\frac{м}{с}\)

  • 60 \(\frac{м}{с}\)

  • 100 \(\frac{м}{с}\)

Вопрос 5

Кыймылдаткычынын тартылуу күчү 90 кН болсо, анда массасы 60 т болгон реактивдүү учак  күүлөнүү учурунда кандай ылдамдануу менен кыймылдаган?

 
 
 
 
 
       
Варианты ответов
  • \(1,5\ \frac{м}{с^2}\)

  • \(0,3\ \frac{м}{с^2}\)

  • \(2,4\ \frac{м}{с^2}\)

  • \(1,6\ \frac{м}{с^2}\)

Вопрос 6

Эгерде нерсеге 0,2 с ичинде 15 Н күч колдонулса, анын импульсу кандай өзгөрөт?

Варианты ответов
  • \(кг\cdot\frac{м}{с}\)

  • 75 \(кг\cdot\frac{м}{с}\)

  • 15 \(кг\cdot\frac{м}{с}\)

  • 30 \(кг\cdot\frac{м}{с}\)

Вопрос 7

Массасы 200 г балыкты вертикалдуу өйдө көтөргөндө катуулугу 0,4 кН/м болгон балык кармоочу жип (леска) канчага созулат (узарат)?

Варианты ответов
  • 1 м
  • 5 мм
  • 5 см
  • 10 см
Вопрос 8

Маятник өчпөөчү гармоникалык термелүү жасайт. ................ турактуу болуп саналат.

Варианты ответов
  • Жылышуусу
  • Амплитудасы
  • Ылдамдыгы
  • Ылдамдануусу
Вопрос 9

Газдагы үндүн ылдамдыгы 340 м/с. Мындай чөйрөдө 200 Гц жыштыктагы мембрананын термелүүсү, толкун узундугу ........ болгон үн толкунун пайда кылат.

Варианты ответов
  • 0,39 м
  • 0,58 м
  • 3,4 м
  • 1,7 м
Вопрос 10

Термелүүнүн сүрөттө көрсөтүлгөн (I жана II)  графиктери бири-биринен  эмнеси боюнча айырмаланат?

Варианты ответов
  • Мезгилдери боюнча
  • Амплитудалары боюнча
  • Жыштыктары боюнча
  • Тондун бийиктиги боюнча
Вопрос 11

Адамдар салюттун жарылганын көргөндөн 2 секунда өткөндөн кийин анын үнүн угушкан. Үндүн абадагы ылдамдыгы 340 м/с. Фейерверк жарылган жерге чейинки аралык …..... .

Варианты ответов
  • 85 м
  • 150 м
  • 170 м
  • 680 м
Вопрос 12

Кылдуу музыкалык аспаптардын жыгач тулкусу ........... ролун аткарат.

Варианты ответов
  • диффузордун
  • чагылдыргычтын
  • резонатордун
  • футлярдын
Вопрос 13

Электромагниттик толкундун узундугу 300 м. Бул толкундун термелүү мезгили…?

Варианты ответов
  • \(1,5\cdot10^{-6}с\)

  • \(15\cdot10^{-6}с\)

  • \(13,5\cdot10^6с\)

  • \(10^{-6}с\)

Сохранить у себя: