СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Адамдар ар дайым кедей болуудан, жетишпеген турмуш жагдайы менен өмүр сүрүүдөн коркушат. Эмесе, бай боломун десеңиз төмөндөгү жети адаттан кутулуңуз.
1. Кейип-кепчүү
Кедей адамдардын көпчүлүгү кейип-кепчий берерин билесизби? Өз тагдырына өзү наалып, «менин маңдайыма байып кетүү жазылган эмес” деп айтуудан эч тажашпайт. Талыкпас эмгек эч качан сизди ач калтырбаарын унутпаңыз.
2. Сараң болуу
Ар дайым арзандаган затка жүгүрүү, акция убакытын күтүп, акчасын ашыкча чыгарбоо. Ошондой эле балдардан да акча аяп, сапаттуу билим берүүсүн чектөө. Сараңдыктын саздак жолу сизди кедейликтин кең жолуна түшүрөт.
3. Жактырбаган иш менен алектенүү
Өз кесибиңизди сүйөсүзбү? Эгер ал сизге жакпаса өмүрдөгү эң чоң тоскоолдук ошол болот. Күн көрүү үчүн гана айласыз аракеттенген ишиңизди коюп, жан дүйнөңүз каалаган кесип менен алектениңиз.
4. Жумуштун натыйжасы акчада гана эмес
Чөнтөгүнө акча түшсө, мактанып жүргөн адам, узак убакыт бактылуу боло алат деп ойлойсузбу? Кирешени башка баалуулуктар менен өлчөгөн адам кедейликтен оолак болот.
5. Акчаны орунсуз жумшоо
Табыштуу адамдар ар дайым акчанын жумшаган ордун жакшы билет, максатсыз каржы чыгымдоо - жөн гана өз чөнтөгүн ойлогусу келгендердин иши.
6. Тез пайда табуу
Алеки саатта чоң пайда көрөмүн деген кедейлерге тийиштүү касиет. Эртең колуңузга түшкөн акчаны ойлобоңуз, беш жылдан кийин кандай деңгээлге учураарыңызды ойлоңуз.
7. Башкалар менен өзүн салыштыруу
«Өмүр кыйындап кетти», «күн көрүү мүмкүн болбой калды» деп кимдер көп айтаарын билесизби? Кедейчиликтин алдында турган адамдар. Баары сизге байланыштуу. Өзүңүздү колго алыңыз.
Өзүңүздү өзгө менен салыштыруудан оолак болуңуз, «ал менден акылдуураак, эртең барып, жакшы жумушка кирип кете алат, ал эми мен…» деген сыяктуу төмөн ойлорго жол бербеңиз.
Булак: zaman.kg
© 2020, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 258