СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз элинин илгертен бери келе жаткан улуттун уюткусун кармаган салттарыбыздын бири - тушоо кесүү салты. Тушоо кесүү, тушоо кыркуу, тушоо той – батыраак бассын деген ниет менен там-туң баскан, бир жашка чыккан баланын бутуна байланган жипти (ак менен кара жүндөн эшилген жип) кесүү ырымы. Наристенин бутуна тушоо катары байланган ак менен кара түстөгү жиптин да өз мааниси бар. Кыргызда турмуш деген бир кылка болбойт, кандай болгон күндө дагы барга да, жокко да бирдей карап, ак-караны бирге алып жүр дегенди түшүндүрөт. Тушоо кесүүдө анын мындан аркы жолу шыдыр болсун, ар дайым барган жеринде жакшылык жылоолосун, артка тарта турган эч кандай тушоо болбосун деген маани жатат.
Баланын тушоосун кесүү үчүн баланын ата-энеси айылдагы элди бала-бакырасы менен чакырып, той өткөрөт. Чогулган элдин алдында айылдын ардактуу карыясы тушоосу кесиле турган баланын буттарын ала жип менен тушайт да, чогулган балдарды 40–50мдей аралыктан чуркатып жарыштырат. Биринчи келген балага биринчи, калгандарына кийинки байге берилет. Биринчи келген бала тушоону (байланган жипти) кайчы, бычак же маки менен кесет. Андан кийин ошол биринчи келген адам ымыркайды колдон алып тушоосу кесилгенден кийинки алгачкы кадамдарын тең бөлүшө жетелеп басат. Демек, дал ушул тушоо кесүү тоюнун түпкү маанисинде ошол бардык атаандаштарын артка калтырып, жеңүүчү болгон адам менен ымыркайдын жан дүйнөсү жанашып, бардык кемчиликтери түздөлүп кетсин. Так ошол күлүк бала сыяктуу мындан аркы жашоосунда дагы, элден артта калбай башын сыймыктуу көтөрүп, ар дайым алдыда жүрсүн деген ой жатат. Тушоо кесилген соң тойго келген наристенин атасы жактан келген эң улуу адам же болбосо айыл аксакалы бата берүүгө тийиш.
© 2020, Абдрахманова Асель Алияскаровна 1851