СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аялдар-аалам туткасы.

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Бейиш-энелердин таман астында"-деп айтылат Хадисте.Мына аялзааданын анык бейнеси.Аял,эне деген аруу,асыл жанга берилген баа.Чындыгында энеден ыйык.энеден бийик эмне бар бул ааламда? Энелер жөнүндө сөз болгондо акын-жазуучуларыбыздын ырларында,поэмаларында жазылып бүтпөгөн дастаны,ал эми айтылуу олуялардын айтып өткөн накыл сөздөрүн эске албай койо албайбыз.

"Оо Аял зат!

Сен ыйыксың дүйнөдө

Назиктигиң биз теңейбиз гүлдөргө,

Жанып турат эч өчпөстөн балбылдап.

Бакыт шамы сен бар үчүн үйлөрдө"

Ырас,аалам туткасы,үйдүн-куту,түбөлүктүүлүктүн данакери-аялдар.Жер ааламга күндүн нуру жашоо берген сыңары,муундан-муунду,урпактан-урпакты улантуучу адам баласын аял-эне жарык дүйнөгө келтирип,жашоо берет,өмүр берет.Анан дагы адамзат пендесине бир өмүргө азык болор жан дүйнө баалуулуктарын дене боюнан сызылып чыккан эне сүтү,эне тили,алдей айткан бешик ыры менен жеткирет.Энелердин улуулугу да,сулуулугу да,ыйыктыгы да мына ушунда!

Чындыгында эне үчун биз канча жашка чыксак да бала болуп саналабыз.Карааныбызга кагылып,ар дайым биздин аман-сообузду Кудайдан тилеп отурат,.Эне тилегинин түпкүлүгү-бул ааламда,дүйнөдө ар дайым тынчтык болсо экен деген тилекке келип такалат экен.Ар бир эне өзүнүн уул-кыздарынын аманбыгын,алардын жаркын турмушта,тынчтык жашоосун тилейт эмеспи.Эгерде дүйнө жүзүндөгү бардык энелердин ушундай тилегин бир мазмунга бириктире келгенде-ааламдм тынчтык болсо экен,эч качан согуш болбосо экен деген тилек келип чыгат тура.Бекеринен "Бейиш-энелердин таман астыда"-деп айтылбаса керек.Бизди тогуз ай боюнда көтөрүп,омурткасы сыздап аны тогуз ай колунан түшүрбөй көтөрүп алдейлеп, андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн,Энелердин эркине эч бир күч теңтайлаша албас,мээримине эч бир жылуулукту салыштырууга болбос.Андыктан биздин жан дүйнөбүздү дайыма толлуктап,мээримиңиздерди төгүп,тынчтыктын,бакыттын символундай болуп ар дайым арабызда аман жүрүңүздөр-Энелер!

19.08.2020 08:45