СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Талкуулануучу суроолор
- конструкцияны баяндоо
- өлчөмдөрүн ж-а кошумчаларын тандоо
- конструкцияны эсептөө
Кийимдердин конструкциясынын чиймелерин тургузуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонушат.Алардын ичинен эң көп таралгандар - ЕМКО СЭВ,ЦОТШЛ,ЦНИИШП,Мюллер и сын усулдары.
Конструкцияны тургузуу үчүн аны алдын ала эсептөөлөр жүргүзүлөт.Эсептөөлөрдү аткаруу үчүн баштапкы берүүлөр болуп типтүү фигуралардын өлчөмдөрү жана аларга кошулуучу кошумчалар эсептелет.Каралып жаткан ыкалардын бири-биринен айрымасы – баштапкы берүүлөрдү ар түрдүү колдонуусу,базалык конструкцияны түзүү ыраат-туулугу, конструкцияны алдын – ала эсептөөлөрү.
ЦОТШЛ менен Мюллер и сын көбүнчө жекече буйрутма менен кийим даярдоодо колдонулуп келет.
Моделдин чиймесин тургузуу үчүн ЦНИИШПтин кийимди конструк-циялоонун бирдиктүү ыкмасын тандайбыз.Бул системанын негизинде антропологиялык берүүлөр менен конструкциялоонун эсептик-графикалык ыкмасы жатат.
Пальтонун конструкциясын түзүүнүн алдында ага баяндоо жүргүзөбүз
Буюмдун аталышы: пальто
Буюмдун арналышы: күнүмдүк кийилүүчү кийим
Силуэти: кынама
Сезону: жаз-күз кийилүүчү
Размери: 162 – 92 – 98, 1- толуктук, II-рост
Негизги материалы: аралаш буладан даярдалган түктүү материал
Пальто учадан, өңүрдөн, жакадан,жеңден,чөнтөктөн ж-а ичиликтен турат.
Учасы эки бөлүктөн туруп,ортосунан тигиш түшкөн.Ийинден түшкөн кесилген рельеф таноолор салынган.Таноонун ийин сызыгындагы эни 2-3 см алынат
Өңүр эки бөлүктөн туруп,алды ачык, беш топчулуктуу. Борттун эни 4 – 5 см алынат.Ийинден түшкөн кеилген релеф таноолор салынган.Рельеф таноонун ийин сызыгындагы эни көкүрөк курчамына көз каранды.
Эгерде:
Сг=42 - 46 болсо,анда таноонун эни = 5см; Сг= 48 – 52 болсо, анда таноонун эни = 6см; Сг = 54төн жогору болсо, анда таноонун эни 7 – 8 см
Жакасы жарым жаткырылган жака,үстүнкү жана астыңкы жакадан турат.Жаканы эни 12-14см алынышы мүмкүн.
Жеңдери эки тигиштүү. Жеңдин учу 3 см кайрылып,ичилик менен бириктирилип иштетилет.
Чөнтөктөрү капкалдырыктуу тилик чөнтөк салынат.Алар капкалдырыктан, кыюдан, көрүнүштөн жана мешковинадан турат
Ичилик учадан,өңүрдөн,жеңдерден ж-а подборттон турат.
Пальтонун этеги ачык иштетилип, 5-6см бүгүлөт
Моделди конструкциялоодо керектелүүчү баштапкы берүүлөрдүн эң маанилүүсү болуп келбеттин өлчөмдөрү эсептелет. Массалык өндүрүштө типтик келбеттердин өлчөмдөрү колдонулат.Ал эми жекече буйрутма менен кийим даярдоодо келбетти өлчөп алынат.
Эркин дем алууну жана кыймыл аракетти камсыз кылуу үчүн берилүүчү өлчөмдөрдү кошумчалар деп айтышат. Кошумчалар эки топко бөлүнөт: -техникалык; - көркөмдүк.
Техникалык кошумчалар организмдин нормалдуу функцияны камсыз кылышы үчүн кызмат кылат.Ар бир техникалык кошумча үч негизги бөлүкчөнүн – уча, жең оюгу жана өңүрдүн ортосунда бөлүштүрүлөт.Декоративдик кошумчалар кийимдин модалык сөлөкөтүнө шайкеш келген белгилүү форма берүү жана моделди көркөм көрсөтүү үчүн берилет.
Техникалык кошумчалар курчамдарга көбүрөөк берилет.Алардын чоңдугу кийимдин сөлөкөтүнө,түрүнө көз каранды.Кошумчалардын чоңдугу балдардын, аялдардын жана эркектердин кийимдерине жараша ар түрдүү тандалат. Алар көптөгөн изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган. Участоктор боюнча кошумчалар жең оюгунун тереңдигин эске алуу менен бөлүштүрүлөт.
Техникалык кошумчалардын чоңдугу киймдин түрүнө, формасына,силуэтине келбеттин арык-толуктугуна көз каранды.Сырт кийимдер үчүн кошумча тандоодо жылуулоочу ичиликтердин калыңдыгы эске алынышы керек. Декоративдик кошумчалар моделге жараша, берилген эскизди алуу үчүн тандалат. Аялдардын ичиликтүү пальтосу үчүн техникалык кошумчалар кийим даярдоонун техникалык шарттарында берилген. Кошумчалардын так тандалышы ошондой эле так конструкцияны алууга шарт түзөт.Иштелип жаткан модель үчүн тандалган кошумча өлчөмдөр 2- таблицада берилди.