СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакы-рып алып: — Балам, мени сыйласаң— ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок,— деди. Баласы капаланып: — Ата, эгер мени адам кылам десең — уурулук ке-сипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, — деди. Ууру аябай ачууланды: — Атанын жолун жолдобойт деген эмне?. Атанын тилин албайт имиш!. Менин сөзүм эки эмес, айтканым-дан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоош-байдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасдң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол! Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айт-кан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы чоң кубанды. Өгүздү союп алышты. — Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшелү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели,— деди бала. Атасы макул таап, экөө таразага түштү. Арадан бир-эки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түштү; атасы мурункудан эки-үч кадак арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, беш-алты кадак се-мирген экен. Бул ишке атасы аң-тан, калып, баласынан жөн сурады. — Таң кала турган эч нерсе жок,— деди баласы. — Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат. Ошондо атасы баласына: — Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго түшкөнүң жакшы болуптур, — деди.
© 2020, Минбаева Кансулуу Гыламовна 469