СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алты шляпалуу ойлонуу ыкмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Бүткүл дүйнөдө өнүгүүнүн жаңы жолдорун түзүүгө мүмкүндүк берген чыгармачыл,

конструктивдүү ой жүгүртүүгө болгон абдан зор керектөө сезилип турат» Эдвард де Боно

Эдвард мырзанын ойлонуу ыкмаларындагы негизги таяныч философия - адамга табият тарабынан тартууланган чыгармачылык ойлонууну жандандыруу, жаратуучулук, куруучулук (бузуучулук эмес) жана позитивдүүлүк.

20-кылымдын чыгаан аалымы А. Тоффлер: «Менин муунумдагылардын эң чоң жетишкендиги - адам баласы ой жүгүртүүсүн өзгөртүү менен жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртсө боло тургандыгын түшүнгөндүгүндө», - деп, өтө таамай белгилеген. Ал эми медиктер ооруга чалдыккандардын 75-80 пайызы адамдын жандүйнөсү, маанайы менен түздөн-түз байланышта деген тыянакка келишти. Альберт Эйнштейн аттуу «тентек» кыял күчүнүн (ойдун) фактылардан алда канча маанилүү экендигин улуу ачылыштарынын негизинде тастыктады. Дүйнөдө адам ресурсун максималдуу чыңдоо, өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатат. Эл катары куру иллюзиялардан арылып, өзүбүзгө реалдуу баа берүү мезгилдин курч талабы болуп саналат. Ал эми улуттун өзүн таануусу ар бир атуулдун өзүн таануусу аркылуу ишке ашат. Эдвард де Бононун алты шляпалуу ойлонуу ыкмасын баштан-аяк окуп чыгыңыз. Толук түшүнгөн соң, ар бир кадамды ирети менен аткарып, суроолорго толук жооп берсеңиз, өзүңүз бул мезгилге чейин байкабаган жактарыңызды ачууга мүмкүнчүлүк аласыз. Ал өзүңүздү кайсы багытта өнүктүрүшүңүз керек экендигин аныктоого жардам берет. Сиздин жандүйнөңүзгө шляпа дегенге караганда калпак, тебетей, тумак, малакай жакын болсо, алардын бирин тандап алсаңыз да болот. Негизгиси – сиздин кыял-күчүңүздү аң-сезимд үү түрдө башкара алгандыгыңыз маанилүү. Бул ыкма менен тааныш болсоңуз, анда билгениңизди башкалар менен бөлүшүңүз, аларга да жардамы тийсин. Алты шляпалуу ойлонуу ыкмасы универсалдуу. Аны ар бир адам өз алдынча тигил же бул маселени талдоого алууда жана коллективдүү түрдө маанилүү чечимди кабыл алууда колдонсо болот. Кандай гана маселе болбосун, бул ыкмага салып ийине жеткире талкуулап, ырастап алууга болот. Мугалимдердин окуучулар менен иштөөсү үчүн да өтө ыңгайлуу. Үйбүлөлүк маселеден тартып ири ишкананын деңгээлиндеги маселелерге чейин талкуулоого ылайык келет. Эмесе, Едвард де Бононун алты шляпалуу ойлонуу ыкмасына көңүлүңүздү бурабыз. Сиз белгил үү түстөгү шляпаны кийип жатып, аны менен салыштырылган ой жүгүртүү тибин тандайсыз. Шляпаларды чечүү менен бирге ойду да акылдын күчү менен максаттуу түрдө алмаштыруу зарыл болуп саналат. Алты шляпа - ой жүгүртүүнүн алты башка жолу деп айтууга болот. Кийинки кадамыбыз алты шляпалуу ой жүгүртүүнүн жардамы менен «өзүмдү-өзүм тааныймынбы?» деген суроону талдоо болмокчу. Калем - акылдын тили. Ошондуктан, ар бир суроого жазуу жүзүндө жооп бериңиз. Эгерде көңүл коюп иштеген болсоңуз, 1-2 саат убактыңызды алат. Азыркы аткарып жаткан көнүгүүнү өзүңүздү таануудагы өтө маанилүү кадам деп түшүнүңүз образдуу шляпаларды кийиңиз. (Бул ойлонуу ыкмасынан максималдуу таасир алыш үчүн, түстүү кагаздан конус формасындагы алты түстөгү шляпа жасап алсаңыз да болот.)

Ак шляпа:

«Мен канча жаштамын?» «Мен өзүмдү канчалык деңгээлде тааныйм?» «Адам өзүн-өзү таанууга болобу?» «өзүн-өзү таануунун кандай жолдору бар?» «Мен деги эле кандай адаммын?» «Айланамдагылар мени кандай адам деп таанышат?» «өзүмдү толук кандуу таануу үчүн, мага кандай маалыматтар жетишпейт? Бул мезгилге чейин бул суроонун үстүнөн ойлондум беле?» «өзүн таануунун кандай булактарын билем?» «Эгерде ушул нукта жолумду уласам, он жылдан кийин кандай адам болушум мүмкүн?» Ушул нукта жеке өзүңүзгө таандык факты-маалыматтарды мүмкүн болушунча көбүрөөк келтириңиз. Далилдер бизге көп нерсени айтат. Мүмкүн болушунча бейтарап позицияны ээлеп, объективдүү болушуңуз өтө маанилүү. Ак шляпаны кийип, фактыларга, цифраларга жакшы эле токтолдук окшойт. Эми кызыл шляпаны кийип, жандүйнөгө үңүлөлү.

Кызыл шляпа: Эмоциялар. «Менин ички сезимдерим эмне дейт?» «өзүмө, башкаларга карата кандай сезимдерге ээмин?» «Ички туюмум эмне дейт?» «Ички сезимдеримди тышка чыгара аламбы?» «Беш-он жылдан кийинки жашоом тууралуу кандай сезимдерге, алдын ала туюуларга ээмин?» «өзүмдү кандай адам катары сезем?» «Мен өзү сезимталмынбы?» «өзүм жалгыз калганда мени кандай ойлор, сезимдер каптайт?» «Менин жүрүм-турумумда жасалмалуулук басымдуулук кылабы же табигыйлыкпы? » «Эртең менен көзүмдү ачканда өзүмдү кандай сезем? А жатардачы?»

Кара шляпа: Ойлор, өзүнө-өзү баа берүү. «Деги эле мен өзүм кандай адаммын?» «Кандай кемчиликтерим бар?» «Жөн эле корстон болуп басып жүргөн жокмунбу?» «Менин жүрүм-турумумду бир же бир нече күн бою көзөмөлгө алган толук бейтарап бирөө мага кандай баа берер эле?» «Мен өсүп-өнүгүү жолундамынбы? Же тескерисинчеби? Муну эмне менен түшүндүрө алам?» «Мен өзүмдөгү кайсы сапаттарды жагымсыз сапаттарга кошор элем?» (Тизмелеңиз). Кемчиликтеримдин тизмесин чыгарайын. (Кемчиликтериңизди жазыңыз.)

Сары шляпа: Менин кандай артыкчылыктарым бар? Баары жакшы болот. Анткени, адам катары мен төмөнкүдөй жакшы сапаттарга ээмин: (өзүңүздөгү жакшы сапаттардын тизмесин чыгарыңыз. Эгерде муну өзүңүз жасай албасаңыз, анда сизди жакындан тааныган адамдардан сураныңыз.) Менин жандүйнөмдү байыткан төмөнкүдөй мыкты сапаттарга ээ болгум келет. (Алар кайсылар, тизмелеңиз.) Менин ишим жайында. Аны буга чейинки жетишкендиктерим менен тастыктай алам. (Тизмелеп же баяндап жазсаңыз болот.)

Жашыл шляпа: «Мен өзүмдү таанууда кандай чыгармачылыктын үлгүлөрүн колдоно алам?» «Мен өзүм жөнүндө, келечегим тууралуу кандай идеяларга ээмин?» «Кандай ишмердүүлүктөр менин максатыма туура келет?» «Кандай альтернативаларга ээмин?» «Жаңы идеялардыжаратуу үчүн эмнеге муктаждыгым бар?» «Мен үчүн идеалдуу адамдын бейнеси кандай?»

Көк шляпа: «Буга чейинки ой жүгүртүүм боюнча мен эмнеге жетиштим?» «Деги эле мен өзүмө карата акыйкат мамиле жасай алдымбы?» «Мындан ары кандай кадамдарды жасоо максатка ылайык келет?» «Бул ой жорумдарды дагы эффективдүү колдонуунун жолдорун таба аламбы?» «Кандай тыянактарды чыгара алам?» «Мындан кийинки кадамдарым кандай болмокчу?» Ушул иш-чарадан алган тыянактарга ылайык өзүмө карата төмөндөгүдөй программа иштеп чыгам:

Алты шляпалуу ойлонуу методу төмөндөгү артыкчылыктарга ээ:

* Альтернативаларды көрүү, идеяларды жаратуу;

* Шаблондуу чечимдердин чегинен чыгуу;

* Адамдар ортосундагы байланышты жакшыртуу;

* Натыйжалуу жумушчу топторду түзүү;

* Жалпы ишмердүүлүктү координациялоо, жөнгө салуу;

* Зарыл учурларда чыгармачыл инсан болуу ж. б.

Биз бул жерде сиздин өзүңүздү таанууга жардамчы боло турган суроолордун топтомун түзүүгө аракет кылдык. Алган тыянактарыңызга жараша кандай кадамдарды жасаарың ыз эми сиздин чыгармачылыгың ызга, өзүңүзгө койгон талапка байланыштуу. Чоң максаттар гана адамды шыктандырып, ичкеридеги мүмкүнчүлүктөрүнүн ачылышына өбөлгө түзөт. Курсакты тойгузуп, жатып-туруп жүрө берүү курт-кумурсканын, чымын - чиркейдин деле колунан келет. Аң-сезимдүү ар бир адамдын жекече мүдөөсү болууга тийиш. Ал мүдөө өзүн-өзү таануудан башталат. Сизге ийгилик каалайбыз!

Доктор Эдвард де Боно

- орус, жапон, кытай, араб ж. б. отузга жакын тилге которулган 32 китептин автору, буга дейре дүйнөнүн элүүдөн ашык өлкөсүндө сынчыл ойлом, адамдын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жаатында семинарларды өтүүгө чакырылып турган, атагы дүйнөгө тараган чыгаан адис. Эдвард де Боно ойлонууну билим берүү мекемелеринде сабак катары окутуу зарыл экендигин белгилейт. Ойлонуу Европадагы айрым окуу жайларда милдеттүү окутула турган предмет катары киргизилип, миллиондогон адамдар мунун пайдасын көрүшүүдө. Анын ойлонуу технологиялары боюнча IBM, Exxson, Du Pont сыяктуу дүйнө чарпында иш жүргүзгөн гигант ишканалардын кызматкерлери окуудан өтүшкөн.

Шляпалардын чечмеленишине көңүл буралы:

Ак шляпа. Цифралар жана фактылар. Маалыматтар. Суроолор. Толук бейтараптык жана объективдүүлүк. Кандай маалыматтарга ээбиз? Дагы кандай маалымат бизге зарыл?

Кызыл шляпа. Эмоциялар бийлиги. Интуиция, сезимдер жана алдын ала сезүүлөр. Сезимдерди негиздөө талап кылынбайт. Бул тууралуу менде кандай сезимдер пайда болот?

Кара шляпа. Этияттык. Ойлоо. Баалоо. Чынбы? Иштеше алабы? Күмөн саноо. Кемчиликтери эмнеде? Бул жерде эмнеси туура эмес?

Сары шляпа. Артыкчылыктары. Позитивдүү ой корутундуларын куруу. Негиздөө. Эмне себептен муну жасаш керек? Артыкчылыктары кайсылар? Эмне үчүн муну жасоого мүмкүн? Эмне үчүн бул иштеп кетет?

Жашыл шляпа. Чыгармачылык. Ар түрдүү идеялар. Жаңы идеялар. Сунуштар. Болушу ыктымал болгон чечимдер, аракеттер, кадамдар. Кандай альтернативалар бар?

Көк шляпа. Ой жүгүртүүнү уюштуруу. Ой жүгүртүү жөнүндө ой жүгүртүү. Биз эмнеге жетиштик? Мындан ары эмне кылуу керек?

Категория: Всем учителям
11.01.2020 18:17


Рекомендуем курсы ПК и ПП