СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Айлана-чөйрөбүздө болуп жаткан ар кандай кубулуштарды өзүбүздүн сезүү органдарыбыз менен туябыз. Сезүү органдарыбызга көз,мурун,кулак,тил,тери кирет.Биз беш сезүү органыбыздын бири-мурун. Биздин мурдугубуздагы жыт кабыл алгычтары анча деле чоң эмес. Болгону топчудай келген эки тешикче. Жыттаган заттын молекулалары сезгич түкчөлөргө тийип,мээге баруучу нерв кабалдарын (сигналдарын) козгойт. Бирок бул схемагана болуп эсептелет. Ал эми жыт билүүнүн биртоло изилденип бүтө элек.
Тилибизде көп сандаган майда бүдүрчөлөр көрүнөт. Булар даам билгич бүдүрчөлөр. Даам билүү бүдүрү – каралжын жана агыш келген эки түрдүү ондогон клеткалардан турат. Даамды каралжын клеткалар кабыл алат. Аларды бир учунан нерв булагы чыгат. Нерв булалары мээге даам жөнүндөгү маалыматты жөнөтөт. Даам сезүү органынан келген кабарды мээ кантип айырмалап билери окумуштуулар үчүн азырынча чечиле элек маселе боюнча калууда.
Кулак –угуу органы. Ал сырткы, ортоңку жана ички кулактан турат.
Сырткы кулакка кулак калканы, сырткы уктургуч тутүк кирет.
Кулак калканы айлана-чөйрөбүздөгү үндөрдү чогултууга кызмат өтөйт.
Сырткы кулакты куйгучка салыштырууга болот. Кулак көңдөйүндө чогулган үн угу түтүгү аркылуу тарсылдак жаргагына багытталат. Тарсылдак жука кабыкча болгондуктан үн толкундары келип урулганда, ал кыймылга келет. Тарсылдак жарганагынан кийин ортоңку кулак жайгашкан. Андан үч майда сөөкчө: балкача, дөшүчө жана үзөңгүчө бар. Үн тарсылдак жаргагына келип тиет да, балкачага берилет. Балкачадан дөшүчө аркылуу үзөңгүчөгө жетет. Үзөңгүчө ортоңку жана сырткы кулакты бириктирип турган сүйрү тешиктин жаргагы менен байланышат. Ички кулак бири-бири менен өз ара бириккен каналдардын жана көңдөйлордүн татаал системасынан турат. ал лабиринт деп аталат.Лабиринттин бир бөлүгү 2,5 оромдон түзүлгөн спираль сымал буралган үлүлгө окшош. Сүйрү тешиктин жаргагынын термелиши каналдардагы сюуктукка өтөт.Ал эми суюктуктун термелиши негизги жаргакка өтөт. Анда импульс пайда болуп, ал агуу нерви боюнча баш мээнин чыкый бөлүгүнө жетет.
Адамдын денеси каптап турган тери, жалпы массанын 1\20 бөлүгүн түзөт.
Курчап турган чөйрө менен организимдин байланышынын көбү тери бѳлүгү аркылуу журөт.
Териде, айрыкча колдун манжаларында, алаканда, эринде таманда нерв учтары бар.
Булар абдан сезгич келишет.Дененин ар кайсы бөлүгүндө температура бирдей эмес.