СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до 10.06.2025
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Апа деген сөз үч гана тамгадан турганы менен ушул сөздүн ичинде канчалаган асыл ойлор, кереметтер камтылып турат. Апа-бул үй бүлөнүн куту, күч-кубаты, периштеси, кайгы-кубанычын тең бөлүшкөн мээримдүү, боорукер, акылдуу, сүйкүмдүү асыл зат. Баланын эң биринчи тарбиячысы, жол көрсөтүүчүсү, акыл насаат айткычы бул-жалгыз гана апа. Апаларыбыздын ар бир мүнөт сайын согуп жаткан жүрөгү таза абадан дем алган сайын «балам» деп гана турат.
Кимдер гана 9 ай сай-сөөгү сыздап төрөгөн апасы жөнүндө жакшы кептерди айтып мактанбасын ээ. Бул ааламды көрүүгө мүмкүнчүлүк берген алтын апакем жөнүндө кыскача айта кетпесем болбос. Анда кеп башынан болсун окурманым. Менин апам Салиева Буажар 1966-жылы 20-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл өкмөтүнүн Аримжан айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан мээнеткеч, ыймандуу, ай чырайлуу дегеле койчу канча сөз айтсам да аздык кылат. Апамдын салган жоолугу, кызыл-тазыл көйнөгү, нан жыттанган жыты апамдан алыс жүрсөм да дайыма көз алдыма тартылат. Апамдын бизге берген мээрими чексиз. Биз үчүн түндү-түн дебей, күндү-күн дебеди. Оорусак кошо ооруп, күлсөк кошо күлүп, бешикте жаткан баласына да, там-туң баскан баласына да, курсактагы баласына да мээримин күн сыяктуу тегиз чачыратып, баарыбызга кам көрүүгө алы-күчү жетти. Апам жан дүйнөмдүн ээси. Көп ийгиликтерди, жетишкендиктерди багындыруумда апамдын кошкон салымы чоң. Жылдар өтүп мектепти аяктап, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Журналистика жана маалымат системасы факультетине өттүм. Апамдан алыстаган күндөр учурда башымдан өтүп, жашоомдо өкүм сүрүп жаткан кези. Жан дүйнөм жаргылчактай тегеренип ордун таппай турганда кеңешин берип, кайсыл жакты карасам көзүмдүн кареги менен тең айланып, ооруганда, кыйналганда, жүдөгөндө эч качан таштабасын билдим.
Акыл эс кирип калса да апакемди эстегенде эч нерсеге табитим тартпай, эч нерсеге көңүл чаппай айылымды көздөй сапар тарткым келет. Окуудан тажап, чарчап, кыйналып калган кезде апам менен байланышканымда:
-Балам кандайсың, ден соолугун кандай? Окууларын жакшыбы, кыйналган жоксунбу? Курсагыңды кара кылбай эле, убагында тамактанып жатасыңбы? Эмне салып жиберели, өзүңдү этият кыл балам — деген алтынга тете сөздөрүн уккандай кубанганымдан көзүмдөн жылуу жаштар токтоосуз куюлат.
Апаларды урматтоо, барктоо, сыйлоо биздин ыйык милдеттерибиздин бири. Кээ бир таш боор адамдар ата-энесин сыздатып, кантип карылар үйүнө алып барып ташташат? Кантип жүрөгү чыдайт?- деген суроолор баарыбызды ойлондурбай койбойт болуш керек. Энелерибиз ажалы жетип, ичээр суусу, татаар тузу түгөнгөн күнү чыныгы дүйнөгө сапар кылат. Аларды көзү тирүүсүндө барктап калалы! Бизден алыстап акыретке кете электе аларга жакындайлы! Бейиш эненин таман астында экенин унутпайлы. Апаларыбыздын «балам» деп соккон жүрөгү эч убакта оорубасын жана токтобосун. Периште апаларыбыз жөнүндө канча жазсамда калем менен бүтүрө албаймын. Апаке бизге берген ак сүтүңүз,мээримиңиз, жакшылыктарыңыз, мени деп агарган ар бир тал ак чачыңыз үчүн ыраазымын жана өмүр бою карызмын. Мен сизди чексиз жакшы көрөм. Жараткандан байлык же бийлик эмес ден соолуктуу болушуңузду атам экөөңүздөр дайым төрүбүздө гана орун алып абышка- кемпир болушуңуздарды тилеп келем. Жакшы жагымды көрсөтүп, жаман жагымды жашырган асыл апасыз. Бул жашоону тартуу кылган, бакыт тартуулаган апаке сизге рахмат!
© 2020, Тагай кызы Жумагул .. 1774