СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аралыктан окутууга карата ой-пикир

Нажмите, чтобы узнать подробности

Азыркы мезгилде саясатта,экономикада,коомдо ааламдашуу жүрүп жаткан учурда билим берүү системасында,окуу процессинде да,мурда калыптанбаган,жаңы көз караштар менен жаңыча мамиле жасоону коом,кырдаал талап кылууда.

Агартуучулардын алдына инсанга багытталган билим-маалыматтардын негизинде окутуу керек деген чоң милдеттенме пайда болду. Ошону менен катар адам менен жаратылыштын ортосундагы экологиялык балансты,тазалыкты.байланыштарды сактоодо жоопкерчиликти сезген,гумандуу,сабаттуу инсанды тарбиялоо керектигин ар бир мугалим тушундүк.

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мугалимдер дистанттык турдө билим берип калдык. Илгертен эле кыргыз элинде"ийри олтуруп,түз кеңеш" деген асыл сөз бар. Мына ошол сөз бүгүн түз маанисинде колдонулуп,биргелешип иштөөнүн зарылчылыгы келип чыкты. Мугалимдер тажрыйбаларын жөн гана бөлүшпөстөн,техниканы өздөштүрүүгө белсенип киришишти. "Мегаком","Билайн" операторлору сунуштаган тиркемелерди толук колдонушту. Өз алдынча программалар менен иштеп көндүк. Айрыкча мага жакканы multiurok,zoom программасы болду. Мултиурокто мен тесттерди түзүп, окуучулар менен кайтарым байланыш түзүүдө кенири колдонуп жатам. Окуучуларга да өтө жакты. Өз убагында билим сапатынын проценттери чыгып, дагы да алдыга умтулуу зарылдыгын тушунуп, окууга көнүл бургандар көбөйдү. Айрыкча 11-класстын окуучулары тесттке даярданууну мыкты өздөштүрүштү. Өз алдынча мултиурокко кирип башка тесттерди да пайдаланып жатышат. Башка окуучуларга да сунуштайт элем.

Ошентсе да ар бир иштин күнгөй-тескейи болот эмеспи.Санарип мугалим болуп кетүү оңойго турбады. Мугалим калкынын гумандуу экендигин бүгүнкү күн дагы бир жолу далилдеди. Мугалимдер тундүк түштүк болуп бөлүнбөй эле бирге аракет жасап, республика боюнча тажрыйба алмашууга өтүштү. Информатик мугалимдердин эмгеги аябай чоң болду. Техниканы пайдалануунун жолдорун үйрөтүп жатышты. Ошондой эле ыраазычылыкты Асылбек Мадалиевге айтсак болот. Ал өзунүн кыска видеороликтеринде бизге көп нерсени үйрөттү. Бул жөнундө "Кут билим" газетасына да кыздар ыраазычылык билдирип жазышкан экен. Мен ошолорго толугу менен кошулам.Учурда мугалимдер ата-энелер,окуучулар менен кайтарым байланыш жасап,көңүлдөрүн көтөрүп,рухий жактан ишенимдин үрөнүн себүүнү өз колдоруна алышты. Өз ара гумандуулук жана жалпы адамзаттык бүгүнкү проблема дүйнө элдерин байланыштырды. Планетадагы бардык адамзат бири-бирин угууга үйрөндү. Мына ушул уктуруучулардын алдынкы сабында мугалим турат. Мугалимге миң таазим!

26.04.2020 07:37


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!