СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата. Тынчтык Алтымышев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дүйнөмдү түгөл кылып бөлөп турчу,

Аркамдан аска сымал жөлөп турчу,

Барыма барбалаңдап жетине албай,

Жогума түк кейибей төлөп турчу.

Ээ балам, бирөөнүкүн алба дечү,

Элиңдин назарынан калба дечү,

Азгырык ар нерселер жолдо болот,

Шойкомдуу чакырыкка барба дечү.

Жүрөктү дайым таза карма дечү,

Жолдоштун мыктыларын танда дечү,

Жашоодо оош-кыйыш күндөр болот,

Жарышкан мезгилди кууп, чамда дечү.

Жалган сөз - чоң ырысты кесет дечү,

Жаман сөз жүрөктөрдү эзет дечү,

Абийирди акча мүлктөн бийик коюп,

Чындыкты айт, чындык баарын жеңет дечү…

Алсызга ылдый карап күлбө дечү,

Акыйкат сөздү гана сүйлө дечү,

Бирөөнүн ак эмгегин жебегиниң,

Бүлүнтүп, соо турганга тийбе дечү…

Карыны, жашты дагы сыйла дечү,

Көр оокатты ашыкча жыйба дечү.

Эл менен эл болосуң, жалгыз эмес,

Жакынды жамандыкка кыйба дечү…

Турмушту жыл мурунтан туяар эле,

Туйганын кулагыма куяар эле.

Эрте кеч Жаратканга тилек айтып,

Жалбарып жакшылыкты сураар эле…

01.04.2025 11:22