СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аталардын эрдиктерин даңктайбыз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аталардын эрдиктерин даңктайбыз

Дүйнөдө ар дайым тынчтык орносун. Тынчтык!. Тынчтык!. Тынчтык!. Бул сөздө көптөгөн маанилер жатат. Мында өткөн тарыхыбыз бар, келечегибиз бар. Бул сөздө чоң аталарыбыздын кечээ өткөн согушта чачылган кандары камтылган, бүгүн да жер жүзүндө өлүм күтүп аткан адамдын көз жашы жатат. Бул сөзгө соңку дүйнөлүк согушта курман болгон өлкөбүздүн адамдарынын өмүрү камтылган.

Бул каргашалуу согуш өзүнүн маани маңызы, кучагына алган аймагы, катышкан өлкөлөрдүн, адамдардын саны, адамзатка тийгизген кесепеттери, курмандыктары, бир нече жылды өз ичине камтыган убактысы менен өзгөчөлөнгөн мүшкүлдүү, өтө олуттуу тарыхый окуя катары баарыбыздын эсибизде калды.

Ата мекен үчүн жан аябай салгылашып курман болгон аталарыбыздын эрдиктерине таазим кылабыз! Канчалаган кооз шаарлар, айыл-кыштактар талкаланып, урандыга айланган. Адамдардын жылдар бою мээнеттенип курган курулуштары заматта жок болду. Совет элинде согуштун азабы менен кайгысын башынан кечирбеген үй-бүлө жокко эсе. Бул согушта канчалаган энелер жарынан, балдарынан айрылып кан какшабады! Канчалаган жаш жеткинчектер кичинекейинен жетим калып, балалык бактысынан ажырады. Канчалаган асыл максаттар ишке ашпай калды.

Бул согуш алып келген кайгы-азаптын, бактысыздыктын, жерлерибиздин талкаланып бүлгүнгө учурашы зор болгон. Согуштагы мына ушул жүрөктү эзген орду толгус армандын кайтарымы- Улуу Жеңиш болгон. Бул Жеңиштин улуулугу-анын баасынын өтө кымбатка тургандыгында.

Мен-кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!

Мен-кыргызмын, баба наркын сактаган!

Ата Журтка жасасам деп бир эмгек

Ар күн сайын “Чоң казатка” аттанам-деп ыр саптарында айтылгандай биз кийинки муундар ата-бабаларыбыз алып келген Жеңишти, алардын эли-жери үчүн жасаган эрдиктерин эч качан унутпайбыз.

Кыргыз накылы айтат: “Баланы ата күтөт, тукумум узарсын деп, баланы эне күтөт, учугум узарсын”-деген таамай айтылган нускалуу сөзгө ылайык биз өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын эрдиктерин даңктайбыз. Эч убакта Жер кыймылы токтобосун, Жер үстүндө тирүүлүк болсун, Бешигибиз тынч термеле берсин!

05.05.2020 15:26