СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Атом физикасы - физиканын атомдун түзүлүшүн, касиетин жана андагы элементардык процесстерди изилдеп үйрөтүүчү бөлүмү. 19-кылымдын акыры жана 20-кылымдын башында физикада бир нече илимий ачылыштар болгон. А.Беккерель радиоактивдуулук кубулушун (1896), англиялык физик Ж. Томсон электронду (1897) ачкан. П. Кюри жана М. Склодовская-Кюри радиоактивдүүлүк кубулушун терең изилдеп, атом бир нече элементардык бөлүкчөлөрдөн турарын, башкача айтканда структурасы татаал экенин далилдешкен. Бул ачылыштардан жана изилдөөлөрдөн кийин, атом заряддалган бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүчү системасы деп каралып, атом моделинин структуралык үлгүсү түзүлгөн. Бул илимий ачылыштар атом физикасынын өнүгүшүнө түрткү болду. Англиялык физик Э. Резерфорддун 1911-жылы атом ядросун аныкташы атом физикасынын өнүгүшүндөгү эң маанилүү этап болгон. Резерфорд планеталык атом моделин сунуш кылган. Бул боюнча атом борборунда оң заряддуу оор ядро жана ядронун тегерегинде кандайдыр орбиталар боюнча кыймылдоочу терс заряддуу жеңил электрондор жайгашкан. Резерфорд бул моделди оор элементтердин атомдорунун таасиринен a-бөлүкчөлөрдүн чачыроо бурчунун чоңдуктарына негиздеген. Бирок, бул модель турактуу нур чыгарышын, нурлануу спектри сызыктуу экенин жана фотоэлектр кубулушун түшүндүрө алган эмес. Немец физиги М. Планктын квант теориясы гана заттын атомдору электр-магниттик энергияны айрым порциялар (жарык кванты) менен чыгарарын жана анын Е энергиясы чыгарылган нурдун жыштыгына n түз пропорциялаш экенин далилдеди: E=hn, h - Планк турактуулугу. Атомдун түзүлүшү жөнүндөгү квант теориясына даниялык физик Н. Бор 2 постулатты айтуу менен эң маанилүү салым киргизген.
© 2020, Салимова Айнура Ыманкуловна 397