СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ажыбек баатырдын өлүмү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бир жылы боз кыроо мезгилинде,бир аш болгон экен. Ашка келген аксакалдар ыйгарым чоң үйгө киргизилип табак тартылат. Эл эт жеп болгон кезде төмөнкү табактагы бирөө далыны колуна кармап, айнегин карап калганда, төр жакта олтурган Артык бакшы деген карыя далыны карап чочуп кетип:"Иним, далыны тез отко салчы"дегенче өзү талып жатып калат. Эл аны таштап кете албай, жардам олтурушат. Бир кыйладан кийин эсине келгенде буулугуп-кыйналып: "Капырай, Артыктын жаны не секирет мынчалык" деп өзү менен өзү сүйлөшөт. Эл аксакалдарынын бирөө"Олуям, эмне көрүп эмне билдиңиз, элинизди кабардар кылыңыз" дейт. Артык үшкүрүп, кеп баштап:"Ушу быйыл Какшаалдын башы ылдый бир кара сел өтүп, көп кишилер бул селден аман калбай бирге кетти. Кайран Ажыбек баатыр дагы бирге кетти, мен дагы бирге кетем го!" деп кебин токтотот. Эл унчукпай кайгырганда болуп аста-аста таркалып кетет. Айткандай, ошол жылы кыш мезгилинде эл арасында тумоо- бучкак жайылып, кара чычкан оорусу көп болуп, кыйла кишилерге кошулуп Артык бакшы дагы өлөт экен. Ажыбек баатыр дагы ооруп, кара чычкан болуп жатып калат экен. Алгач ирет Ажыбек баатыр "Мен же кылычтан же найзанын учунан өлбөй, кантип эле ушул кемпир өлчү кара чыкпастан өлөйүн" деп сүйлөчү экен. Кийинчерээк ажылдашып калганда, тууган-уругун, эли-журтун чакыртыптыр. Ажыбектин балдары Абыл,Асан,Абдраман, агалары Жабагы, Сымайыл,инилери Арыстанбек, Турдуке, Жакып,Ашымдардын бардыгы келиптир. Анда Ажыбек:"Мен бул оорудан сакайбайт окшоймун. Менде үч арман калды. Бири,Чоко кара Бердиш менен Кашкар, Тегирметирлерге кетип бара жатсам Жакенин кожо Кашкар шаарын өзүмө каратам деп, бир нече көп кыргыздарды баштап келип, урушуп аларды кыдырып жеңилип качкан экен..

27.02.2020 18:29