СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Ата - эне бул дүйнөгө бейкапар келген ымыркайга жол көрсөтүүчү болуп саналат. Ошондуктан ата - энелер баланын жашоосуна жаман из калтырбоо үчүн ар дайым мыкты жол көрсөтүүчү болууга аракеттениши керек. Өзүбүз туура эмес иштерди жасап туруп,балдарыбыздан жакшы иштерди жасоону талап кылуу болбогон кеп.
Баланы багып өстүрүүдө,баарынан мурда,балага татыктуу тарбия берүү маселесине олуттуу көңүл буруу керек.Үй - бүлөдөгү балага тарбия берүүдөгү кайдыгерлигибизден улам эртеңки күнү көчөбүздү кандай адамдар толтурары тууралуу ойлондукпу?.
Тарбия өзүнчө бир сулуулук болуп саналат. Адам баласы сабатсыз болсо да,тарбиялуу болсо,адамдардын сүймөнчүгүнө ээ болот. Андыктан адам баласы бүт нерсеге таалим алуу менен жетет. Баланын таалим - тарбия алышына жана адамдык сапаттарынын калыптанышына үй - бүлө жоопкерчиликтүү.