СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланын укуктары жонундо конвенция.

Нажмите, чтобы узнать подробности

1989-жылы 20-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 44/25 резолюциясы бириктирилип, кабыл алынып, кол коюга жана ратификацияланууга жол берилген. Күчкө кирүүсү: 49-статьяга ылайык 1990-жылы сентябрда. Башкы Ассамблея, өздөрүнун мурдагы резолюцияларына таянып, өзгөчө 1978-жылы декабрдан баштап 33/166 резолюциясы жана 43/112 1988-жылдын 8-декабрь айында, ошондой эле Комиссия резолюциясынын адам мүнөзү боюнча Экономикалык жана Социалдык Совети Баланын укуктары жөнүндө конвенция суроону эске алып, ошону менен бирге 1989-жылдын 8-март айынан баштап 1989/57 резолюциясы Адамдын укуктары боюнча комиссиясы Баланын укуктары Конвенциянын проектин Башкы Ассамблеясы, Экономикалык жана Социалдык Совет аркылуу жиберүүгө токтом чыгарды, 1989/79 резолюциясын Экономикалык жана Социалдык Совети 1989-жылдын 24-майынан баштап, кайрадан аныктап, балдардын укуктары өзгөчө коргоону талап кылаарын жана бүткүл дүйнөдөгү балдардын абалын үзгүлтүксүз жакшыртууга, ошондой эле алардын коркунучсуздукта, тынчтык шарттарында өнүгүүсүн жана тарбиялануусун кайрадан аныктап, дүйнө жүзүнүн көптөгөн райондорунда балдардын абалы адекваттуу эмес социалдык шарттардын негизинде, стихиялык балаа, куралдуу конфликттер, эксплуатациялар, сабаттуу эместүүлүк, ачкачылык жана оорулар, улуттук жана эл аралык шарттарда оор учурда тургандыгына терең тынчсызданып, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду жана балдардын жыргалчылыгынын жогорулашына жана алардын өсүүсүнө түрткү берип жаткан Бириккен Улуттар Уюму негизги ролдо экендигин моюнга алып, баланын укуктарын коргоодо эл аралык Баланын укуктары жөнүндө конвенция позитивдүү кошумча болооруна жана алардын жыргалчылыгын камсыз кылууда Бириккен Улуттар Уюму адамдын укуктарынын областында өзүнүн жетишкендиктери менен тууроого татыктуу мисал экендигине көзүбүз жетти, 1989-жылы Балдардын укуктарынын декларациясынын отуз жылдыгын жана Эл аралык балдардын жылынын он жылдыгын эске алып, 1. Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын проектин ишке ашыргандыгы үчүн адамдын укуктары боюнча иштеген Комиссияга урматтап кадырлоосун билдирет; 2. Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга азыркы ратификацияланган резолюцияларынын токтомуна ачык маанилүү сунуштарды кабыл алмакчы; 3. Бардык мамлекеттик бөлумдөрду биринчи кезекте Конвенцияны карап чыгып ратификациялап кол коюп кошулууга чакырат жана жакын арада анын күчүнө кирип иштешине ишенишет; 4. Конвенция тууралу маалыматты таратуу боюнча колдон келген мүмкүнчүлүк, каражаттардын бардыгын камсыз кылууну Башкы Секретардан өтүнүшөт; 5. Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери жана уюмдары ошондой эле башкаруу бийликтери жана мамлекеттик эмес уюмдар Конвенция жөнүндөгү маалыматтарды жайылтуу иштерин жандандыруудагы бирдиктүү аракеттер, аны тереңирээк түшунүүгө шарт түзөт. 6. Башкы Ассамблеянын кырк бешинчи сессиясында Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын абалы тууралуу докладында билдирүүсүн Башкы секретардан өтүнөт. 7. Башкы Секретардан өзүнүн кырк бешинчи сессиясындагы докладынын «Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу» деген аталышын карап чыгуусуна токтом кылат. 61-пленумдук жыйналыш, 1989-жылы 20-ноябрда.

Баланын укуктары жөнүндө конвенция

Преамбула

Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган принциптерге ылайык, коомдун бардык мүчөлөрүнө таандык кадыр-баркты, теңчиликти жана ажырагыс укуктарды таануу жер жүзүндө эркиндикти, акыйкаттыкты жана тынчтыкты камсыз кылуунун негизи деп эсептеп,

Бириккен Улуттардын элдери Уставда адамдын негизги укуктарына, адам инсанынын кадыр- баркына жана дөөлөтүнө өз ишенчиликтерин ырастаган кеңири эркиндиктин тушунда социалдык прогресске жана жашоо шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө чечкиндүү экендиктерин көңүлгө алып,

Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Адам укуктары жөнүндө эл аралык пактыларда, ар бир адам аларда көрсөтүлгөн бардык укуктарга жана эркиндиктерге расасы, өңүнүн түсү, жынысы, тили, дини, саясий же башка ынанымдары, улуттук же социалдык теги, мүлктүк абалы, туулушу же башка жагдайлары сыяктуу белгилер боюнча эч кандай айырмасыз ээ болууга тийиш зкендигин жарыялагандыгын жана макул тапкандыгын таанып,

Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында балдар өзгөчө камкордукка жана жардамга укуктуу экендигин жарыялагандыгын эскертип, коомдун негизги уюткусу жана анын бардык мүчөлөрөнүн жана айрыкча балдардын өсүшү жана жыргалчылыгы үчүн табигый чөйрөсү катары үй-бүлө коомдун чектеринде ал өз милдеттерин толук көтөрө алыш үчүн зарыл болгон коргоого жана көмөк көрсөтүүгө эгедер болууга тийиш экендигине ынанып, баланын инсан катары толук жана телегейи тегиз өнүгүшү үчүн ал үй-бүлөнүн камкордугунда, бактынын, сүйүүнүн жана түшүнүүнүн кучагында өсүшү зарыл экендигин таанып, бала коомдук турмушта өз алдынча жашоого толук даяр болушу керек жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган идеалдардын рухунда, айрыкча тынчтыктын, кадыр-барктын, сабырдуулуктун, эркиндиктин, теңдиктин жана тилектештиктин рухунда тарбияланууга тийиш деп эсептеп,

баланы мындай өзгөчө коргоонун зарылдыгы 1924-жылдагы Баланын укуктарынын Женева Декларациясында жана 1959-жылы 20-ноябрда Башкы Ассамблея кабыл алган Баланын укуктарынын декларациясында каралгандыгын жана Адам укуктарынын жалпы декларациясында, Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 2З-жана 24-статьяларда), Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 10-статьяда), ошондой эле балдардын жыргалчылыгынын маселелери боюнча иш жүргүзгөн адистештирилген мекемелердин жана эл аралык уюмдардын уставдарында жана тиешелүү документтеринде таанылгандыгын эске алып,

баланын укуктарынын декларациясында көрсөтүлгөндөй «өзүнүн мүчө боюнун жана акылынын жетиле электигине байланыштуу бала атайын коргоого жана кам көрүүгө, анын ичинде туулганга чейин да, туулгандан кийин да тиешелүү укуктук коргоого муктаж» экендигин эске алып,

балдарды коргоого жана алардын жыргалчылыгына, айрыкча балдарды улуттук жана эл аралык деңгээлде тарбиялоого берүүгө жана аларды асырап алууга тиешеси бар Социалдык жана укуктук принциптер жөнүндө декларациянын, жашы жете элек балдарга карата сот акыйкаттыгын аткарууга тиешеси бар Бириккен Улуттар Уюмунун минималдуу стандарттык эрежелеринин («Пекин эрежелери»), өзгөчө жагдайларда жана куралдуу чыр-чатактардын мезгилинде аялдарды жана балдарды коргоо жөнүндө декларациянын жоболоруна таянып,

дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өтө оор шарттарда жашаган балдар бар экендигин жана мындай балдар өзгөчө көңүл бурууга муктаж экендигин таанып, баланы коргоо жана аны ар тараптан өнүктүүру үчүн ар бир элдин каада-салтынын жана маданий дөөлөттөрүнүн маанилүү экендигин тиешелүү турдө эске алып,

ар бир өлкөдөгү, асыресе, өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү балдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн таанып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:

1-БӨЛҮК

1-статья

Эгерде, ар бир 18 жаш куракка толо элек адам баласы, өзүнө карата колдонулуучу мыйзам боюнча эрезеге эрте жетпесе, ал ушул Конвенцияда бала катары таанылат.

2-статья

1. Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн юрисдикциясынын чектеринде болгон ар бир баланын ушул Конвенцияда каралган бардык укуктарынын эч кандай басмырлоосуз, расасына, өңүнүн түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук, этностук же социалдык тегине, мүлктүк абалына, баланын, ден соолугунун абалына жана туулушуна анын ата-энесине же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө же кандайдыр-бир башка жагдайларга карабастан урматташат жана камсыз кылышат.

2. Катышкан мамлекеттер баланын, анын ата-энесинин, мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн статусунун, ишинин, көз караштарынын же ынанымдарынын негизинде баланы басмырлоонун же жазалоонун бардык түрлөрүнөн коргоону камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.

З-статья

1. Балдарга карата бардык аракеттерде, алар социалдык жактан камсыз кылуу маселелери жагында иш жүргүзгөн мамлекеттик же жекече мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруу органдары тарабынан колдонулгандыгына карабастан биринчи кезекте баланын таламдарын эң мыкты камсыздоого көңүл бурулат.

2. Катышкан мамлекеттер баланын жыргалчылыгы үчүн зарыл болгон коргоону жана камкордукту камсыз кылууга милдеттенишет, мында бала үчүн мыйзам боюнча жоопкерчиликте болгон анын ата- энесинин, көзөмөлчүлөрүнүн же башка адамдардын укуктары жана милдеттери эске алынат жана ушул максатта тиешелүү бардык мыйзамдык жана административдик чараларды көрүшөт.

З. Катышкан мамлекеттер балдар жөнүндө кам көрүүгө же аларды коргоого жооптуу болгон мекемелер, кызматтар жана органдар компетентүү органдар тарабынан белгиленген нормаларга жооп беришин, атап айтканда коопсуздук жана саламаттыкты сактоо жагында, аларда иштегендердин саны жана алардын жарактуулугу жагында жооп беришин, ошондой эле компетентүү көзөмөлду камсыз кылышат.

4-статья

Катышкан мамлекеттер ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон мыйзамдык, административдик жана башка чараларды көрүшөт. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жагында катышкан мамлекеттер мындай чараларды өздөрүндө болгон ресурстардын максималдуу чектеринде, зарыл учурда эл аралык кызматташтыктын чектеринде көрүшөт.

5-статья

Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда жергиликтүү каада-салтта каралгандай кеңири үй-бүлөнун же жамагат мүчөлөрүнүн, көзөмөлчүлөрдүн же мыйзам боюнча бала үчүн жоопкерчиликте болгон, ал ар тарабынан ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзөгө ашырууда балага тиешелүү таалим-тарбия берүүгө жана аны баланын өсүп жаткан жөндөмдүүлүгүнө ылайык жасоого мыйзам боюнча жооптуу болгон башка адамдардын жоопкерчилигин, укуктарын жана милдеттерин урматтайт.

6-статья 1. Катышкан мамлекеттер ар бир бала жашоо үчүн ажырагыс укукка эгедер экендигин тааныйт.

2. Катышкан мамлекеттер баланын жан сакташын жана мыкты өнүгүшүн мүмкүн болгон даражада камсыз кылат.

7-статья

1. Бала туулгандан кийин дароо катталат жана туулган учурдан тартып ысым алууга жана граждандыкка ээ болууга, ошондой эле мүмкүн болушунча өз ата-энесин билүүгө жана алардын кам көрүшүнө укуктуу болот.

2. Катышкан мамлекеттер бул укуктардын улуттук мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылышын жана алардын милдеттенмелеринин бул жагындагы тиешелүү эл аралык документтерге, атап айтканда баланын граждандыгы жок болгон учурга ылайык аткарылышын камсыз кылышат.

8-статья

1. Катышкан мамлекеттер мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербестен, баланын жекече өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде граждандыгын, ысымын жана үй-бүлөлүк байланыштарын сактоorо болгон мыйзамда каралган укугун урматтоого милдеттенет.

2. Эгерде бала өзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүнүн бир бөлүгүнөн же бардык элементтеринен мыйзамсыз түрдө ажыратылса, катышкан мамлекеттер ага зарыл жардам көрсөтүүнү жана анын жекече өзгөчөлүгүн тезинен калыбына келтирүү үчүн зарыл жардам көрсөтүүнү жана коргоону камсыз кылат.

9-статья

1. Катышкан мамлекеттер соттун чечими боюнча компетенттүү органдар колдонуудагы мыйзамдарга жана жол-жоболорго ылайык баланын жогорку таламдарында аны ата-энесинен ажыратуу зарыл деп аныктагандан башка учурларда, өзүнүн ата-энеси каалабаса, алардан баланын ажыратылбашын камсыз кылат. Мындай аныктама тигил же бул айкын учурда зарыл болуп калышы мүмкүн, мисалы ата-энеси балага катаал мамиле жасаса, же ал жөнүндө кам көрбөсө же ата-энеси бөлөк жашаса жана баланын жашаган жери тууралуу чечим кабыл алуу зарыл болсо, ушундай аныктама чыгарылат.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык ар кандай териштирүүнүн жүрүшүндө ишке тиешеси бар бардык тараптарга териштирүүгө катышууга жана өзүнүн көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

З. Катышкан мамлекеттер мунун өзү баланын жогорку таламдарына карама каршы келгенден башка учурларда, ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыратылган баланын ата-энесинин экөө менен тең такай негизде u1078 жеке мамиледе жана тикелей байланышта болуу укугун урматтайт.

4. Мындай ажыратуу катышкан мамлекет тарабынан кабыл алынган кандайдыр бир чечимге байланыштуу болгондо, мисалы баланын ата-энесинин бири же экөө тең камакка алынганда, түрмөгө отургузулганда, айдап жиберилгенде, депортацияланганда же өлгөндө (ал адам мамлекеттин карамагында болгон мезгилде ар кандай себеп боюнча өлүмгө дуушар болгондо) катышкан мындай мамлекет баланын ата-энесине, балага же бул зарыл болсо, эгерде мындай маалымат берүү баланын жашоосуна зыян келтирбесе, үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө алардын өтүнүчү боюнча үй-бүлөнүн жок болгон мүчөсү (мүчөлөрү) тууралуу зарыл маалымат берет. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин өзүнөн-өзү тиешелүү адамга (адамдарга) терс натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылат.

10-статья

1. Катышкан мамлекеттердин 9- статьянын 1-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык баланын же анын ата-энесинин үй-бүлөнү бириктирүү максатында катышкан мамлекетке келүү же андан кетүү максатында берген арызы катышкан мамлекеттер тарабынан оңунан гумандуу жана тез аранын ичинде каралууга тийиш. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин арызберүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жагымсыз натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылышат.

2. Ата-энеси ар кандай мамлекетте жашаган бала өзгөчө жагдайлар болгондон башка учурларда, ата- энесинин экөө менен тең туруктуу негизде жеке мамилелерде жана тикелей байланыштарда болууга укуктуу. Ушул максатта жана катышкан мамлекеттердин 9-статьянын 2-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык катышкан мамлекеттер баланын жана анын ата-энесинин ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өзүнүн өлкөсүнөн кетүүгө жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө болгон укугун урматташат. Ар кандай өлкөдөн кетүү укугуна карата мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамда белгиленген u1078 жана зарыл болгон жана ушул Конвенция тарабынан таанылган башка укуктарга ылайык келген чектөөлөр гана колдонулат.

11-статья

1. Катышкан мамлекеттер балдардын мыйзамсыз түрдө чет өлкөгө жер которушуна жана кайтпай калышына каршы күрөшүү үчүн чараларды көрөт.

2. Бул максатта катышкан мамлекеттер кош тapaптyy же көп тараптуу макулдашууларды түзүүгө же колдонуудагы макулдашууларга кошулууга көмөк көрсөтүшөт.

12-статья

1. Катышкан мамлекеттер өзүнүн жеке көз караштарын билдирүүгө жөндөмдүү болгон баланын өзүнө тиешелүү болгoн бардык маселелер боюнча бул көз караштарды эркин билдирүү укугун камсыз кылат, мындан тышкары баланын көз караштарына анын курагына жана жетилгендигине ылайык тиешелүү көңүл бурулат.

2. Бул максатта балага, атап айтканда тиешелүү ар кандай соттук же административдик териштирүүнүн жүрүшүндө аны угууга мүмкүнчүлүк берилет, же болбосо түздөн-түз, же болбосо өкүлү аркылуу же тиешелүү орган аркылуу улуттук мыйзамдардын процессуалдык нормаларында каралган тартипте кайрылууга мүмкүнчүлүк берилет.

1З-статья

1. Бала өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу; анын бул укугуна ар кандай түрдөгу маалыматтарды жана идеяларды чек арага карабастан ооз эки, кат жүзүндө же басылган түрдө, искусство чыгармалары түрүндө же баланын тандап алышы боюнча башка каражаттардын жардамы менен эркин издеп табуу,алуу жана берүү кирет.

2. Бул укукту жүзөгө ашырууга айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн, бирок алар:

а) башка адамдардын укуктарын жана беделин урматтоо үчүн;

b) же мамлекеттин коопсуздугун же коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп- ахлактуулугун коргоо үчүн мыйзамда каралган жана зарыл чектөөлөр гана болушу мүмкүн.

14-статья

1. Катышкан мамлекеттер баланын ой-пикиринин, ар-намысынын жана дининин эркин болуу укугун урматташат.

2. Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда мыйзамдуу көзөмөлчүлөрдун баланын укуктарын жүзөгө ашырууда баланын өнүгүп жаткан жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык ыкмалар менен жетекчилик кылууга болгон укуктарын u1078 жана милдеттерин урматташат.

3. Баланын дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигине мыйзамдарда белгиленген жана мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын адеп-ахлактуулугун жана ден-соолугун коргоо же башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөр гана колдонулушу мүмкүн. 15-статья

1. Катышкан мамлекеттер баланын эркин ассоциациялашууга жана жөнөкөй топторго эркин катышууга болгон укугун таанышат.

2. Бул укукту жүзөгө ашырууга карата мыйзамга ылайык жана демократиялык коомдо мамлекеттик коопсуздуктун же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин таламдары, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун коргоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөрдөн башка эч кандай чектөөлөр колдонулушу мүмкүн эмес.

16-статья

1. Бир да бала өзүнүн жеке турмушун, үй-бүлөлүк турмушун жүзөгө ашырууга, турак жайынын кол тийгистигине же кат-кабарлардын жашырындуулугуна болгон укугун зомбулук менен бузуунун же мыйзамсыз кийлигишүүнүн же анын ар-намысына жана беделине мыйзамсыз шек келтирүүнүн объектиси болушу мүмкүн эмес.

2. Бала мындай кийлигишүүдөн же шек келтирүүдөн мыйзам тарабынан корголууга укуктуу.

2З-статья

1. Катышкан мамлекеттер акыл-эси же мүчө бою жагынан кемчилдиги бар бала анын u1082 кадыр-баркын камсыз кыла турган, анын өзүнө ишенимине көмөк көрсөтуп жана анын коомдун турмушуна активдуу катышуусун жениилдете турган толук кандуу жана татыктуу турмуштун шарттарында жашоогo тийиш экендигин таанышат.

2. Катышкан мамлекеттер кемчилдиги бар балага өзгөчө камкордук көрүүнө таанышат жана мындай укугу бар балага тиешелүү ресурстар болгон жана ал жөнүндө кам көрүүгө жооптуу адам болгон шартта, ал жөнүндө өтүнүч берилгенде жана ал баланын абалына, бала жөнүндө камкордукту камсыз кылуучу анын ата-энесинин же башка адамдардын абалына ылайык келгенде буга мүмкүнчүлүк берүүнү колдошот жана камсыз кылышат.

З. Кемчилдиги бар баланын өзгөчө муктаждыгын таануу катарында ушул статьянын экинчи пунктуна ылайык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жараша баланын ата-энесинин же бала жөнүндө камкордукту камсыз кылуучу башка адамдардын финансылык ресурстарын эске алуу менен акысыз берилет жана кемчилдиги бар баланын билим берүү, кесиптик даярдоо, медициналык тейлөө, ден соолугун калыбына келтирүү, эмгектенүүгө даярдоого жана эс алуу каражаттарына натыйжалуу мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылууну максат кылып коёт жана мунун өзү мүмкүнчүлүгүнө жараша баланы социалдык турмушка кыйла толук тартууга жана баланын инсанынын, анын ичинде маданий жана руханий өнүгүшүнө жетишүүнү камсыз кылууга алып келүүгө тийиш.

4. Катышкан мамлекеттер кемчилдиги бар балдарды профилактикалык саламаттык сактоо, медициналык, психологиялык жана функционалдык дарылоо жагындагы тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде реабилитациялоонун, жалпы билим берүүнүн жана кесиптик даярдоонун ыкмалары жөнүндө маалыматарды алмашуу жагындагы эл аралык кызматташтыкка, ошондой эле мындай маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө, мунун өзү менен катышкан мамлекеттердин бул жагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана билимдерин жакшыртууга жана тажрыйбасын кенейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө көмөк көрсөтүшөт. Ушуга байланыштуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Ушул Конвенциянын англис, араб, испан, кытай, орус жана француз тилиндеги бирдей кучке ээ болгон түп нускалары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилет. Ушуларды күбөлөндүрүп, өздөрүнүн тиешелүү өкмөттөрү тарабынан белгилүү даражада ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Конвенцияга кол коюшту.

25.03.2020 10:03


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!