СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Психологдор балдардын жашына карабай, аларга оор тие турган сөздөрдүн тизмегин сунуш кылат.
1.Сенин колуңан эч нерсе келбейт, алып кел өзүм жасайм!
Окумуштуулардын айтымында, мындай сөз балдарга ийгиликсиздик алып келет. Бала өзүн акылсыз сезип, өзүнө ишенбестик жаралат. Чоңдор урушат деген коркунуч пайда болот.
2.Каалаганыңды ал дагы тынч отур!
Айрым ата-энелер балдардын муну, тигини алып бер деген сөздөрүн көтөрө албайт. Бул шартта балдардын көпчүлүгү ыйлоону адатка айлантып, көздөгөн максатына жетет. Ата-энелер алардын ыйлоосуна чейин эле алардын талаптарын аткарып койсо, курч абал жаралбайт.
3.Дагы да мындайды байкасам, менден таяк жейсиң!
Ар дайым таяк жеп чоңойгон бала коркок, жалтанчаак болуп калат. Айрым ата-энелер балдарын бир гана уруп, сабоо менен жазалайт. Бул туура эмес. Мындай учурда бала өз оюн так айта албай, коркок болуп чоңоёт.
4.Мен сага дароо токтот дедим го!
Балаңыз менен мындай сөздөр менен маектешүү болбойт. Анткени ар бир бала ката кетирет. Дал ошол катачылык кетирип жатып, анан үйрөнүп, тажрыйба жолуна түшөт. Эгерде сиз балаңызга аны токтот, муну жасаба деген сөздөрдү балаңызга айта берсеңиз, анда балаңызда өзүнө ишенбестик сезим пайда болот