СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдарга насаат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алтымышевдин ырынан:

Ээ балам, бирөөнүкүн албай жүргүн,

Элиңдин назарынан калбай жүргүн,

Азгырык ар нерселер жолдо болот,

Шойкомдуу чакырыкка барбай жүргүн.

Жүрөгүңдү дайыма таза кармап,

Жолдоштун мыктыларын тандай билгин,

Жашоодо оош-кыйыш күндөр болот,

Жарышкан мезгилди кууп, чамдай билгин.

Жалган сөз - чоң ырысты кесээрин бил,

Жаман сөз жүрөктөрдү эзээрин бил,

Абийирди акча мүлктөн бийик коюп,

Чындыкты айт, чындык баарын жеңээрин бил.

Алсызга ылдый карап күлбөй жүргүн,

Акыйкат сөздү гана сүйлөп жүргүн.

Бирөөнүн ак эмгегин жебегиниң,

Бүлүнтүп, соо турганга тийбегиниң.

Карыны, жашты дагы сыйлап жүргүн,

Көр оокатты ашыкча жыйбай жүргүн.

Эл менен эл болосуң, жалгыз эмес,

Жакынды жамандыкка кыйбай жүргүн.

Турмушту жыл мурунтан туя билгин,

Туйганың кулагыңа куя билгин.

Эрте кеч Жаратканга тилек айтып,

Жалбарып жакшылыкты сурап жүргүн.

08.04.2025 07:08