СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баскынчыны даңазалообу?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Амирбек Азам уулунун бул макаласын көпчүлүк, ошонун ичинде мугалимдер окуп койсун дедим. Ноокаттык эл агартуунун алдыңкысы Абдрахман Айдосов «Араб халифатынын белгилүү улуу кол башчысы, ислам динин Борбордук Азияга таркатуучу» Кутейбанын жеңиштерин санап, бирок ал Мавераннахрдагы аскердик жортуулда басып алган шаарларынын элине кандай зулум мамиле кылганына, аларды баш ийдириш үчүн эмне айла-амалдарды колдонгонуна токтолбойт. Бирок Кутейбанын колбашчылык ийгилигин бул эки сап сүйлөм менен баса белгилеп көрсөтөт:

«705-715-жылдары Кутейбанын кол башчылыгында вассалдык укук менен халифатка тѳрт мамлекет кирди, экѳѳ жок кылынды. Жаңы кошулган аймак 600 чарчы чакырым аймакты түзүп, адам саны 1 миллиондон ашты».

Ушундан көрүнүп тургандай, исламды баскынчылык жол менен жайылтуу халифаттын жерин кеңейтүү, каршылык көрсөткөн шаарларды бүлүнтүп, багындыруу менен коштолгон.

Ал эми өз жерин, өз маданиятын жана өз үрп-адаттарын баскынчылардан коргоо - жергиликтүү калк үчүн эч качан кылмыш болбогонун баса белгилөө абзел.

Мунун баары эми - өткөн тарых. Аны оңдоп да, түзөтүп да, кайра бурмалап жазып да болбойт. Бул фактылар - мамлекеттик саясатта дин кандай максатта колдонулуп жүргөнүнө бир мисал.

Борбор Азияны кылычтын мизи менен багындырган аскер башчы Кутейбаныкы деген күмбөздү кайра курууга, айыл өкмөтүнүн башчысы Нодирбек Розалиевдин маалыматы боюнча, жалпысынан 1,5 миллион сом сарпталган. Анын 700 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен чегерилген. Бюджеттен дагы 100 миң сом бөлүнүшү каралыптыр.

Арийне, Жаңы-Ноокаттагы Кутейбаныкы деген күмбөз түрдүү оюн-зооктор өткөрүлүп турчу жайга туристтерди тартыш үчүн да кайра курулгандыр. Бирок тарбия жагычы? Бул күмбөз чынында да Кутейба ибн Муслимге таандык экени тарыхчылар тарабынан даана тастыкталдыбы? Бул маселе боюнча деги тарыхчылардын пикирлерин сурашты бекен?

Күмбөзгө келип, дуба окуп, бата кылган адамдарга Кутейба тууралуу кандай аңгеме айтылат? Анын кандай «эрдиктери» даңкталат? Бизге Кутейбадай Ата Журтубузга сырттан кирип келген баскынчы баатырлар үлгү болушу керекпи?

Айтмакчы, Кутейба ибн Муслим Фергана өрөөнүнүн эгемендик үчүн күрөшкөн калайыгынын колдоосуна ээ болгон эмес жана 715-жылы араб баскынчыларынын ички кутумунун убагында өлтүрүлгөн. Ал Фергана өрөөнүнүн кайсы жеринде өлгөнү да эч так эмес.

Ушул жагын Ноокат районунун жетекчилери менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн депутаттары ойлоду бекен же алар үчүн эч тастыкталбаган жоромолдорго гана таянган фолк-хисторинин маалыматы баалуубу?

13.10.2021 11:49


Рекомендуем курсы ПК и ПП