СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргызстанда билим берүү тармагына тезинен көңүл бурулбаса, кесепети абдан оор болот. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курган маегинде Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин ректору Камила Шаршекеева билдирди. Ошол билдирүүдөн үзүндү (толук вариантын azattyk.kg сайтында):
- Кыргызстанда билим берүү тармагындагы эң башкы маселе - бул коррупция. Мен бул жөнүндө көптөн бери айтып келем. Биздин көйгөйлөрдүн кульминациясы болгон коррупцияны жок кылбасак, өлкөнүн өнүгүшүнө бут тоскон кыйынчылыктар, тоскоолдуктар көп болот.
Мисалы, эгер кайсы бир окуу жайда саналуу гана студентке акчага баа коюп берсе, өзүн сыйлаган бир да жумуш берүүчү ал университетке же мектепке ишенбей калат. Балким ал окуу жайда аз гана окуучу бааны сатып алышы мүмкүн, бирок анын кесепети жалпы мекемеге тиет.
Коррупциялашкан мугалимдер коррупциялашкан жаш муунду тарбиялап жатат. Эгер сиз менден “академиялык көз караштан билим берүүнүн маселеси эмне” деп сурасаңыз, ага “тилекке каршы, биз азыркыга чейин туура окууну окута албай келебиз” деп жооп берем. Башкача айтканда, өмүр бою билим алуу үчүн керектүү жөндөмдөргө үйрөтпөй келебиз. Өмүр бою дегеним адам жашоосунун аягына чейин окушу керек. Биз болсо билим деп бат эле эскирип калчу факт, маалыматтарды беребиз. Ошондуктан, компетенттүү жана практикага негизделген билим берүүгө тезинен өтүшүбүз керек. Бул мамлекет үчүн абдан маанилүү кадам.
- Коррупция эч качан өзүнөн өзү жок болбойт. Аны менен күрөшүү керек, жазалаш керек. Албетте, мугалимдердин айлык акысы өңдүү маселелерге көңүл буруу керек. Мен кечээ эле кайсы бир мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кыргыз тилчи мугалимдердин айлыгы эки эсеге кыскарды деген жаңылыкты окуп калдым. Анын натыйжасында алар 2500 сом гана маяна алат экен. Ал мугалим 2500 сомго кантип үй-бүлөсүн багат? Бул өтө кейиштүү көрүнүш.
Азыр биз мугалимдердин кадыр-баркын тезинен көтөрбөсөк болбойт. Мисалы, Балтика жээгиндеги өлкөлөрдүн ичинен Эстония мугалимдерге абдан жакшы шарт түзүү менен бул кесиптин баркын көтөрдү. Азыр жаштардын баары мугалим болууга умтулуп жатышат. Биз дагы ошондой радикалдуу кадамдарга барышыбыз абзел. Өткөндө Орусиянын жетекчилеринин бири “өкмөттөгү эң башкы министр - бул билим берүү министри” деп айтканын угуп калдым. Чынында эле ошондой болуш керек. Анткени, экономика болобу, маданият болобу баары билим берүүгө көз каранды.
Эгер биз коррупция менен кошо студенттерге бир нерсени жаттатып, тоту куш сымал кайталаганды гана үйрөтүп, бийликке болобу же башкаларынабы суроо берүүнү же өз укугун билип, сынчыл ой жүгүрткөндү окутпасак, мунун да кесепетин тартабыз. Анткени, бир нерсени жаттатуу менен гана биз эч качан креативдүү адамдарды, креативдүү муунду тарбиялай албайбыз. Ал эми креативдүү адамдарсыз цивилдүү, өнүккөн коомду куруу кыйын. Билим берүү тармагындагы кризистин кесепети бизди катастрофалык абалга кептейт.
© 2020, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 324