СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим булагы ачык билим беруу ресурстарынын мультимедиялык комплекси

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Билим булагы» ачык билим берүү ресурстарынын мультимедиялык комплексинин (АБРМК) максаты жана милдеттери «Билим булагы» АБРМК 5-9-класстардын мугалимдери жана окуучулары үчүн кошумча табигый илимдер (математика, физика, химия, биология, география), социалдык-гуманитардык илимдер (тарых, англис тили, кыргыз адабияты жана дүйнөлүк адабият) боюнча окутуу материалдары менен электрондук каражаттар аркылуу кенен пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого арналган. «Билим булагы» АБРМКнын максаты Окуучуларга мектептеги предметтерди өздөштүрүүгө окуучуларга мотивация жаратуу, өзөктүү жана предметтик компетентүүлүктөрдү жакшыртуу, билим берүү процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, сабакка даярданууда мугалим жана окуучулардын кошумча материалдарды издөөсүн жеңилдетүүгө арналган. Милдеттери • Кыргыз Республикасынын мектептери үчүн 5-9 класстарынын жаңы предметтик стандарттарынын талаптарына ылайык окуучулардын билим алуу керектөөлөрүнө, кызыгууларына жооп берүүчү мугалимдердин жана окуучулардын билим берүү траекториясын калыптандыруугу шарт түзүү; • окуучуларды аталган предметтер боюнча окуу көйгөйлөрүн өз алдынча, чечүүгө, долбоордук жана изилдөөчүлүк ишмердикке тартуу; • окуучуларга МК-технологияларын ар түрдүү чыгармачылык иштерди уюштуруу, иштеп чыгууда колдонууга мүмкүнчүлүк берүү; • мугалимдерге сабакка даярдануу учурунда «Билим булагы» АБРМКда сунушталган МК-технологияларын колдонууга көмөк берүү; • аталган предметтерди өздөштүрүүдө окуучулардын таанып билүү кызыгууларына түрткү берүү. АБРМК материалдарын берүүнүн принциптери жана формалары АБРМК долбоорунун негизине төмөнкү принциптер алынды. 1. Билимди толук сунуштоо принциби: окуу материалынын мазмуну белгиленген предметтердин заманбап өнүгүү деңгээлине жана маалымат технологияларына жооп берүүсү. 2. Окуу материалынын мазмунун фундаменталдуу жана практикалык баалуулугун айкалыштыруу принциби: кадыресе окуу маалыматтарынын электрондук архиви эмес, өз ара байланышкан жана бири бирин толуктап турган маалыматтар. 3. Окуучулардын чыгармачылык ишмердиктеги тажрыйбаларын калыптандырууга багытталган принцип: предмет боюнча гипертексттерди колдонууну камтыган заманбап маалымат технологияларына негизденген негизги теориялык материалдар менен камсыздоо, мындан тышкары өз алдынча практикалык тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү, усулдук көрсмөтмөлөр, электрондук китепканалар, аудио-видеоматериалдар, интернет-сайттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү. 4. Репродуктивдик элементтер менен изденүүгө негизделген окутуунун тиби менен тең салмактоо принциби. 5. Окуучулардын маалыматтын көлөмүн өздөштүрүүсүнө ылайык мазмунду структуралаштыруу принциби. АБРМКнын мазмунун долбоорлоо принциби окуу материалдарын сунуштоо принциптери менен тыгыз байланышкан, аларга төмөнкүлөр кирет. 1. Окуу материалдарын сунуштоо формаларынын көп түрдүүлүгү принциби: АБРМК окутуу жана таанытуучулук эле функцияны аткарбастан, пайдалануучунун кызыгуусун жаратат б.а.АБРМК мультимедиялык презентацияларды сунуштайт, мындан тышкары иллюстративдик жана анимациялык (видео) материалддарга бай. 2. Окуу материалдарын окуучулардын таанып билүүдөгү психологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрүнө ылайык сунуштоо принциби. 3. Окуу материалдарын сунуштоонун эмоционалдык жагымдуулугу менен анын таанытуучулук милдетин: стандарттын талабына ылайык азыркы илимий жыйынтыктар тууралуу маалымат берип, тиги же бул тармактагы илимий жетишкендиктерди көрсөтөт ж.б., айкалышытруу принциби. Жыйынтыгында АБРМК төмөнкүдөй сапаттарга ээ болот: • ыкчам; • жеткиликтүү; • ачык; • 5-9-класстардын окуучуларынын кызыгууларына жана билим берүү керектөөлөрүнө ылайык келүү; • Заманбап илимий билимдердин өнүгүү деңгээлине ылайык келүү. АБРМК салттуу окуу куралдары аркылуу берүүгө мүмкүн болбогон материалдарды сунуштоонун дидактикалык схемаларын жана формаларын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. АБРМК өзүнө инфографика, сүрөт түрүндөгү иллюстрациялар колдонулган текст түрүндөгү материалдарды камтыйт, мисалдар, баа берүүчү маалыматтар кошо берилет, слайддарды жана видеофрагменттерди көрүүгө, тажрыйбаларды мультимедия аркылуу көрсөтүү, интерактивдүү тесттер, сунушталган адабияттары менен кошо берилген. «Билим булагын» колдонуунун күтүлүүчү натыйжалары Окуучулар жана мугалим • өзүнүн жеке билим алуу траекториясын калыптандырып, материалдарды издейт; • жеке жана топтук долбоорлорду даярдоо үчүн материалдарды тандап алат, иреттештирет; • зарыл маалыматты бөлүп алуу үчүн таблицаларды, схемаларды пайдаланат; • сунушталган схемаларды, таблицаларды, үлгүлөрдү, алгоритмдерди жана форматтарды чыгармачылык иштер үчүн технология катары пайдаланат; • ар кандай тапшырмаларды аткарууда маалыматтын графикалык жактан уюштурулушуна чечмелөө жасайт, аны текст аркылуу берет; • тандалып алынган маалыматтардын негизинде структуралык-логикалык схемалар же таяныч конспектилерди түзөт; • тандалып алынган маалыматтардын негизинде жеке өзүнүн презентацияларын, чыгармачылык иштерин (жеке жана топто) сабак үчүн, сабактан тышкарык иш чаралар үчүн да, анын ичинде интеллектуалдык иш-чаралар үчүн да даярдайт; • материалдарды үй тапшырмасын аткарууда пайдаланат; • көрсөтмө курал катары колдонот; • коюлган максатка жараша «Билим булагы» сайтынын так технологиясын үйрөнөт ; • өз ара баалоо жана өзүн өзү баалоо үчүн колдонот. I. Билим берүү процессин «Билим булагы» менен уюштуруу «Билим булагы» – бул окуу мазмунун сунуштоонун билим берүүчү маалымат- коммуникациялык технологияларынын комплекси. «Билим булагы» – бул окуучулардын жана педагогдордун өз алдынча билим алуусунун натыйжалуу ыкмасы. «Билим булагы» – бул ата-энелерди жана билим берүү ишмердигиндеги башка коомчулукту тартуунун куралы. «Билим булагы» билим берүү чөйрөсүн заманбап таанып билүү технологиялары менен байытат, аны жандуу, кыймылдуу, турмуштук кырдаалдарга ылайыктуу кылат. Мындай чөйрө окуучуларга да, мугалимдерге да окутуу жана үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.

12.01.2020 08:28


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!