СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

БИМдин буйругу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомун ишке ашыруу жөнүндө КР БИМдин буйругу

1. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке жана аткарууга кабыл алышсын.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

  • бакалаврларды даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүү программалары үчүн жалпы гуманитардык циклдин милдеттүү дисциплиналарынын тизмеси жана сыйымдуулугу 1-тиркемеге ылайык;
  • кесиптик орто билим берүү программалары үчүн жалпы гуманитардык циклдин милдеттүү дисциплиналарынын тизмеси жана сыйымдуулугу 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинин жана ушул буйруктун 2-пунктунун талаптары төмөнкүлөрдү иштеп чыгууда милдеттүү эмес экендиги белгиленсин:

  • өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан бекитилүүчү билим берүү стандарттарын;
  • кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименталдык билим берүү стандарттарын.

4. Жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу-методикалык бирикмелеринин жана орто кесиптик билим берүүнүн окуу-методикалык кеңештеринин төрагалары бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары боюнча жана адистиктер боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана аларды 2024-жылдын 20-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө беришсин.

5. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан ЖКБ, ОКБ билим берүү уюмдарынын жетекчилери:

  • мамлекеттик билим берүү стандарттары бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык 2024-2025-окуу жылынан тартып билим берүү программаларын ишке ашырууга өтүү максатында даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча билим берүү программаларын өз алдынча иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
  • тийиштүү профилдеги башталгыч кесиптик билими же мурунку билиминин натыйжаларын таанууну эске алуу менен орто кесиптик билими бар адамдарга тездетилген программалар боюнча орто кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук беришсин;

тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими же мурунку билиминин натыйжаларын таанууну эске алуу менен жогорку кесиптик билими бар адамдарга тездетилген программалар боюнча жогорку кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук беришсин.

Категория: Завучу
28.11.2024 09:16