СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бир чака алма

Нажмите, чтобы узнать подробности

БИР ЧАКА АЛМА Бир киши бакчасы бар кооз, жаңы, чоң үй сатып алат. Жанындагы эски үйдө кызганчаак кошуна жашачу. Ал жаңы кошунанын көңүлүн ооруткусу келип, анын эшигинин алдына таштандысын таштап кетип, же дагы башка жаман нерселер жасап турчу. Бир күнү жаңы кошуна эрте менен жакшы маанайда уйкудан туруп, үйүнүн алдына чыкса, бир чака жугунду турат. Ал чаканын ичиндегисин төгүп, чаканы жылтырата жууп, ичине бакчасындагы алмалардын чоң-чоң, бышкандарынан толтура терип кызганчаак кошунасына барат. Эшигинин кагылганын уккан кызганчаак кошуна: “Акыры тажаткан экенмин, э?!”, - деп табалап жылмаят. Азыр чыр болот деген үмүттө эшигин ачса, кошунасы бир чака алма сунат да: -Ким эмнеге бай болсо, ошонусу менен бөлүшөт, - дейт. P.S: Ниети жакшы, тилеги таза, ою калыс жакшы адам сылык сүйлөп, жакшы мамилеси менен бөлүшөт. Ниети бузук, арам ойлуу киши ушак сүйлөп, жалаа жаап, көөдөнүндөгү көөдөй кара орой, суук сөздөрү, куйту мамилеси менен бөлүшөт. Бир саамга ойлонуп көрүңүзчү Сиз эмнеге бай экенсиз? (Жакындарыныздын жан дүйнөсүнө азык болсун. Бөлүшкөндү унутпаныз!)

15.04.2020 08:56