СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Биринчи байлык — ден соолук
Бир кишинин ооругусу келбегени айтпаса да түшүнүктүү. Анткени ооруганда жаныбыз кыйналганы аз келгенсип, көп көйгөйлөр жаралышы же бир топ акча кетиши мүмкүн. Андан тышкары, жумушка же мектепке бара албай, же үй-бүлөбүзгө кам көрө албай калабыз. Ал эле эмес, башка бирөөнүн бизге кам көрүшүнө муктаж болуп калышыбыз ыктымал.
Бир китепте: «Дарыланууга караганда алдын алуу жакшы»,— деп жазылган. Бирок кандай кылсак да айрым оорулардан кача албайбыз. Ошентсе да оорубуз өтүшүп кетпеши үчүн жана айрым ооруларды алдын алуу үчүн көп нерсе кылсак болот. Келгиле анда, саламаттыгыбызды жакшыртууга шарт түзгөн беш кеңешке токтололу.
1 ТАЗАЛЫКТЫ САКТАГЫЛА
Мейо клиникасы кеңеш кылгандай, кол жуу «ооруга чалдыкпоонун жана оорунун жайылышын токтотуунун эң жакшы жолу» болуп саналат. Кир колубуз менен көзүбүздү, бети-башыбызды, оозу-мурдубузду кармаласак, сасык тумоо сыяктуу ооруларга оңой эле чалдыгышыбыз мүмкүн. Ошондуктан андай ооруларды жуктурбаш үчүн колду дайыма жууп туруу зарыл. Тазалыкты сактоо мындан да коркунучтуу дарттардын, маселен, жыл сайын 5 жашка чейинки 2 000 000дон ашуун баланын өмүрүн алып кетип жаткан өпкөнүн сезгенишинин жана ичеги инфекцияларынын жайылышына да бөгөт коёт. Кол жууп туруу атүгүл Эбола сыяктуу илдеттин тарашынын ыктымалдыгын азайта алат.
Башкалар да, өзүбүз да чың ден соолукта болушубуз үчүн колду жууп туруу аябагандай маанилүү. Колду төмөнкү жагдайларда сөзсүз жууш керек.
Колду жөн эле жууп койбой, туура жуушубуз кажет. Изилдөөлөрдөн жалпы эл колдонгон дааратканага баргандан кийин көптөр колун такыр эле жуубай турганы же жууса да чала жууй турганы анык болгон. Анда колду кантип жууш керек?
Эгер ушул жөнөкөй эле нерселерди эске алсак, көп оорудан сырткары болуп, өмүрүбүздү сактап кала алабыз.
2 ТАЗА СУУ КОЛДОНГУЛА
Айрым өлкөлөрдө көптөр үчүн өз үй-бүлөсүн таза суу менен камсыз кылуу — чоң түйшүк. Бирок таза сууга болгон муктаждык ар бир эле өлкөдө пайда болушу мүмкүн. Мисалы, сел каптоодон, катуу бороон-чапкындан, суу түтүктөрүнүн жарылуусунан же дагы башка кырсыктан улам жалпы эл колдонгон суу булганып калышы ыктымал. Эгер суунун башаты таза эмес болсо же суу туура эмес сакталса, анда мителер пайда болушу, ошондой эле ал аркылуу холера, ич өткөк, ич келте, гепатит, жана башка инфекциялар жугушу мүмкүн. Бир эсептөөлөргө ылайык, таза эмес суу ичкендиктен жылына 1,7 миллиард киши ичеги инфекцияларын жуктуруп алат.
Оорубуз өтүшүп кетпеши үчүн жана айрым ооруларды алдын алуу үчүн көп нерсе кылсак болот
Холера оорусу көп учурда оорулуу кишинин заңындагы бактериялар менен булганган суу же тамак-аш аркылуу жугат. Ушундай же дагы башка жол менен булганып калган сууну колдонуп жабыркап калбаш үчүн, ал тургай табигый кырсыктан кийин да, эмне кылсаңар болот?
3 ТУУРА ТАМАКТАНГЫЛА
Туура тамактанбай туруп чың ден соолукта боло албайбыз, ал эми туура тамактаныш үчүн пайдалуу жана түрдүү азыктардан турган рацион түзүп алышыбыз керек. Тузду, майды жана шекерди канчалык колдонорубузга жана тамакты канчалык өлчөмдө жеп жатканыбызга көңүл бурганыбыз маанилүү. Рационуңарга жашылча-жемиштерди кошкула жана тамакты түрлөп жегиле. Дан өсүмдүктөрүн, күрүч сатып аларда сыртындагы жазуусун окуп көрүп, анын рафинаддалбаганын (тазартылбаганын), ал эми нан, кесме алганда кесек тартылган ундан жасалганын тандагыла. Анткени алар тазартылган дандан жасалгандарга караганда азык заттарга жана клетчаткага бай келет. Ошондой эле организмди протеин менен камсыз кылыш үчүн аз өлчөмдө малдын кара кесек этин, канаттуулардын этин жеп туруу керек. Мүмкүн болсо, жумасына бир же эки жолу балык жеп тургула. Айрым жерлерде тамак жасаганда протеинге бай жашылчаларды колдонушат.
Кум шекерди, суюк эмес майларды көп колдонуу ашыкча салмактуулукка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан таттуу суусундуктардын ордуна суу ичкиле. Таттуу-паттуунун ордуна жемиштерди көп жегиле. Колбасанын, эттин майын, нанга сүйкөп жеген майды, майлуу сырды, майлуу токочторду азыраак жегиле. Тамак жасаганда суюк эмес майларды колдонгондун ордуна суу майларын колдонгула.
Тузду өтө көп колдонуу кан басымын жогорулашы мүмкүн. Эгер кан басымыңар жогору болсо, тамак-аш сатып алып жатканда сыртындагы жазуусун жакшылап окуп, тузу азыраагын алгыла. Тамактын даамын чыгарыш үчүн туздун ордуна чөп-чар жана татымалдарды колдонгула.
Тамакты канча жегениңер кандай тамак жегениңердей эле маанилүү. Ошондуктан ашыра тоюп алуудан сак болгула.
Тамактанууга байланыштуу дагы бир көйгөй — тамактан уулануу. Туура даярдалбаса жана тийиштүү түрдө сакталбаса, кандай тамак болбосун, бат эле бузулуп, ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн. Жыл сайын ар бир алтынчы америкалык киши тамактан ууланат. Алардын көбү айыгып кеткени менен, айрымдары өлүмгө дуушар болушат. Ууланып калбаш үчүн эмне кылса болот?
4 КӨБҮРӨӨК КЫЙМЫЛДАГЫЛА
Ден соолукта болуш үчүн куракка жараша жетиштүү кыймылдап туруу керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөр антишпейт. Көнүгүүлөрдүн кандай пайдасы бар? Эгер жетиштүү кыймылдасаңар:
Ал эми жетиштүү кыймылдабасаңар:
Кандай көнүгүүлөрдү жасаарыңар курагыңар менен ден соолугуңардан көз каранды. Ошондуктан көнүгүүлөрдүн жаңы түрүн жасаарда доктур менен кеңешип көргөнүңөр акылдуулукка жатат. Ар кандай сунуштарга ылайык, балдарга жана өспүрүмдөргө өтө жеңил эмесинен тартып оор көнүгүүлөргө чейин күнүнө, бери дегенде, 60 мүнөт жасоо сунуш кылынат. Ал эми чоңдорго жумасына өтө жеңил эмес көнүгүүлөрдү 150 мүнөт же оор көнүгүүлөрдү 75 мүнөт жасоо сунушталат.
Жетиштүү кыймылдаш үчүн спорттун силерге жаккан түрүнтандагыла же кыймыл-аракетти талап кылган көңүлүңөргө жаккан башка иштерди кылгыла. Мисалы, баскетбол, теннис, футбол ойносоңор, ылдам бассаңар, велосипед тепсеңер, сууда сүзсөңөр, чуркасаңар, багбанчылык менен алектенсеңер, отун жарсаңар же башка аэробикалык көнүгүүлөрдү жасасаңар болот. Кайсынысы силерге ылайыктуу экенин кантип аныктаса болот? Кайсы бир көнүгүүнү жасап жатканда тердей турган болсоңор, өтө жеңил эмес көнүгүүгө, ал эми тердегенден тышкары, энтигип калсаңар, оор көнүгүүгө кирип калат
5 УЙКУНУ КАНДЫРГЫЛА
Ар кимдин уйкуга болгон муктаждыгы ар кандай. Ымыркайлардын көбү күнүнө 16—18 саатка чейин укташат, наристелер 14 сааттай, мектепке бара элек балдар 11, 12 сааттай укташат. Ал эми мектеп жашындагы балдар, эң аз дегенде, 10 саат, өспүрүмдөр 9 же 10 саат, чоңдор 7, 8 саат укташы керек.
Жетиштүү эс алууга маани бербей койбошубуз керек. Анткени, адистердин айтымында, жетиштүү уктоо
Жетиштүү уктабасак, салмагыбыз көбөйүп, депрессия болушубуз, жүрөгүбүз оорушу, кант диабетине чалдыгышыбыз жана кырсыкка учурашыбыз мүмкүн. Ошондуктан жетиштүү эс алышыбыз керек.
Уйкуңар канбай жүрсө, эмне кылсаңар болот?
ДЕН СООЛУККА КАМ КӨРГҮЛӨ!
Ден соолугуңарга силерден көз каранды болбогон нерселер: экономикалык абал, тамак-аш, суу, тазалоочу каражаттардын болушу же болбошу жана башка нерселер таасир этет. Кандай болбосун, макаладагы кеңештердин айрымдарын болсо да колдонууга аракеттенгиле. Байыркы учурда жашаган бир акылман: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— деген (
Ыйык Жазманы окугандар бир да адам ооруп жатам дебей турган заман келерине бекем ишенишет (
© 2020, Арапбаева Токтайым Сабыржановна 661