СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биздин мектепте жанылык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ким маалыматты көп билсе,

Ал дүйнөнү тааныган болот.

Окутууда интерактивдик досканы пайдалануу зарылдыгы

Азыркы учурда жаштарга билим берүүнүн мазмуну модернизациялоого дуушар болууда. XXI кылым маалымат технология кылымы. Балдар кичинесинен эле маалымат алуунун заманбап жолдоруна көнүшүүдө. Жаңы муун мобилдик телефондордун жана компьютерлердин заманында өсүшүүдө. Бул шартка эч нерсе кыла албайбыз, себеби окуучулар үчүн маалыматтарды ушундай жолдор менен кабыл алуу ыңгайлуу. Ошондуктан, окутууда мугалимдер жаңы технологияларды колдонуу зарылдыгы келип чыгууда.

Мектеп жашоосундагы классикалык символикалар эскирип, алардын ордуна жаңы маалымат технологиялары колдонулууда. Маалымат технологияларды колдонууда окутуунун ыкмалары жакшыртууга багытталат, стандарттык окутуу усулдарын өзгөртөт. Мындай технологиялардын бири - интерактивдүү досканы пайдалануу.

Интерактивдүү доска – окуутудагы баалуу курал, мында кадимки досканын жана компьютердин мүмкүнчүлүктөрү айкалыштырылган. Мугалим интерактивдүү досканы колдонууда, стандарттык эмес көрсөтмө образдарды түзүүгө мүмкүнчүлүгүн берет. Сабакты кызыктуу өтүүгө жардам берген визуалдык ресурс болгондуктан, окуучулардын билим сапаты жогорулайт.

Ысык-Көл областындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин 2013-жылдын 25-декабрындагы №802/1 буйругунун негизинде “ Кыргыз Республикасынын инновациялык мектеби” статусуна ээ болгон. Бул программа боюнча мектепке 3 комплект InterWrite DualBoard интерактивдүү доскалар, компьютерлер жана 2 класс-кабинетке эмеректер берилди.

Интерактивдүү досканы бардык предметтерде кеңири колдонууга болот. Аны колдонуу боюнча бир катар семинар-тренингдер, мастер-класстар уюштурулуп, тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Эң негизгиси – интерактивдүү досканы колдонуу окуучулардын сабак учурунда предметтик маалымдуулугунун жогорулашына шарт түзүлөт жана предметке болгон кызыгуусу артат. Ошону менен бирге мугалимдин чыгармачылыгынын арттуусуна жана ишин жеңилдетүугө өбөлгө болот.

InterWrite DualBoard интерактивдүү досканын программалык камсыздалышы интерактивдик тапшырмаларды иштеп чыгууда кыйынчылык туудурбайт.

Интерактивдүү досканы колдонуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • Интерактивдүү досканы кадимки доскадай колдонуп, натыйжасын сактоого, принтерден басып чыгарууга
  • Экранга киргизилген графикалык маалыматтарды (сүрөт, таблица, схема) белгилеп жазууга
  • Интерактивдүү доска аркылуу Интернет тармагында предметтер боюнча материалдарды, сайттарды көрсөтүүгө
  • Мугалимдин өздүк сайтында жүктөлгөн тест, тапшырмалар менен окуучулардын иштөөсу
  • Документ, таблица жана сүрөттөлүштөрдүн үстүнөн бирдиктүү иштөөгө
  • Компьютерди интерактивдүү доска аркылуу колдонууга
  • Класста иштелген материалды сактап, кийинки сабакта колдонууга
  • Сакталган класстык ишти келбей же жетишпей калган окуучуларга колдонууга
  • Окуучунун ишин класска демонстрациялоого
  • Мультимедиялык программаларды демонстрациялоого
  • Доскага ар кандай геометриялык фигураларды чийип, ченеп, өзгөртүүгө
  • Убакытты үнөмдөө үчүн сүрөт, схема, таблицаларды даярдап сабакта пайдаланууга
  • Даярдалган аннимациялык презентация, демонстрацияларды көрсөтүп, үстүнөн иштөөгө
  • Электрондук китептер, сакталган файлдар менен иштөөгө
  • Эгерде компьютердик класста локалдык тармак коюлган болсо, каалаган окуучунун ишин көрсөтүүгө ж.б. иштерди аткарууга болот.

Интерактивдүү досканы сабактарда колдонууда 20%-90% ке чейин сабактын натыйжалуулугуна жетиштирүүгө болот.

Сырдыбаева А.С.-

Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-

интернатынын информатика мугалими

17.01.2020 22:15