СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 20.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Боз уй жонундо маалымат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Боз үй — айрым көчмөн элдердин байыртан урунуп келе жаткан турак жайы. Тарыхта боз үйдүн түздүктө жашагандарга сүйрөмө, тоолуктарга жүктөмө түрү кеңири тараган. Жүктөмө боз үй кыргыз элинин жашоо шартына ылайыкталган, ал революцияга чейинки кыргыз элинин негизги турак жайы болгон. Малчылардын жайлоодогу турак үйү катары, ошондой эле бардык салт-салтанаттарында тигилет. Боз үйдө жаңы турмуштун үй тиричилик буюмдары (электр меш, газ плита, стол, керебет, телекөрсөткүч, радио кабылдагыч, магнитофон ж. б.) кеңири колдонулууда. Боз үйдүн эң мыктысы — өргөө. Өргөөгө чыгдан тартылбайт, от жагылбайт. Боз үй негизинен боз үйдүн жасалышы, боз үйдүн тигилиши, боз үйдүн ичи, боз үйдүн жасалгалары, боз үйдүн чечилиши, боз үйдү сактоодон турат. Боз үйдүн жасалышы. Боз үй негизинен жыгач, өро кийиз (тутуу), чий, боо-чуудан турат. Жыгачына — түндүк, уук, кереге, босого-таяк, каалга жана бакан; өрө кийизге (тутууга) — үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик; боо-чууга түндүк жабуу боосу, жел боо, канат боо, үзүк боо, туурдук боо, кырчоо, эшик боо, уук тизгич жана кереге чалгыч ж. б.; чийге канат чий, чыгдан, эшик, чыны кап ж. б. кирет. Боз үйдүн жыгачы талдан жасалат. Кереге, түндүк чамгарагына эчки тал, кара тал, сары тал, турпан тал, ошондой эле теректин бака терек, көчөт терек, ак терек өңдүү түрлөрү да колдонулат. Уук, кереге, түндүк, босого-таяк карагай, ичке балаты — алай арчасы жана кайыңдан жасалат. Боз үйдүн жыгачы жазында, тал-теректин боюна суу жүгүрө электе (март, апрель) кыйылып, шамал тийбес көлөкө жерге үстүн чөп менен жаап кургатылат. Боз үйдүн жыгачын матоо — боз үйдүн жыгачын алуудагы негизги процесс. Матоодогу негизги ыкма — кызытуу. Кызытуунун эки түрдүү ыкмасы бар. Койдун таза сары кыгын кырдап төгүп, ал тегиз кызып чыккандан кийин жаңы кыкты нымдап үстүнө дагы төгөт. Чоктонгон отко жетпестен бери жагы ысыйт, аны кок деп атайт. Ага талды сойлотот. Буу сыртка чыгып кетпес үчүн күрөктүн сырты менен кыктын үстүн таптаи ту-рат. 15—20 минда жыгач ойдогудай жашыйт. Экинчиси, жылкы менен кой-эчкинин кыгын аралаштырып, узата төгүп, суу сээп, таптап койсо, 1—1,5 күндө кык өзү эле кызыйт. Ага сойлотулган тал 1—1,5 саатта, куураган тал 3—4 саатта матоого жарайт. Андан кийин талды уста сол капталына салып, кучкач ээрдин кошунундай эки ачакей тес деп аталуучу жөнөкөй станокко аштап, салмак менен басканда, тал каалагандай ийилет. Уук учун, кереге көздөрүн көзөөчү курал үшкү делет. Саптуу, эки жагы миздүү тарткы деп аталган курал менен уук, керегенин билегине сай түшүрүлөт. Түндүк — боз үйдүн төбөсүндөгү жарык кирүүчү жана түтүн чыгуучу тегерек жыгачы. Түндүк алкак, чамгарак жана чегир же бастырмадан турат. Уук, кереге жасоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү арбын. Мыкты түндүкчүлөр түндүктү кара жыгачтан жасашкан. Анткени кара жыгач катуу келип, ийилиши кыйын, бирок ал салмактуу болуп, көпкө чыдайт. Көпчүлүк жыгаччылар оңой ийилгенине карап түндүктү кайыңдан жасашат. Көпчүлүк усталар адегенде аарчып, тегиздеп, кыкка бир жума көөмп жана жыгачтын түрүнө, жоондугуна жараша корго жашытышат, азыр бууга кармап, сууга кайнатышат. Жыгач жашыган соң, аны ийүү үчүн жерге жарым айлана кылып кагылган казыктардын арасына кынаптап, орнотуп кургатат (жатак алдырат). Бир нече күндөн кийин казыктардан чыгарса, жарым айлана (жаа) калыбын сактап калат. Түндүк үчүн 2 жаа жасалат. Жасалган 2 жааны аштап, темир шакекче, экиден 4 бурама менен карматат. Мурда аны шири менен, кийин бөрктөп бекитет. Ошентип, түндүк тегерек формага келтирилет. Ал түндүктүн алкагы деп аталат. Анын чоңдугу үйдүн кеңдигине жараша болот. Азыр жашыган жыгачты чоң темир дөңгөлөктөргө бекитип кургатат. Алкак даяр болгондо дөңгөлөктөн чыгарып, ага талдан чамгарак салат. Анан алкактын сыртынан ичин көздөй канча баш уук болсо, ошончо көз ысытылган шиш же кол бурчу менен көзөлөт. Уук айланма болбосун үчүн көздөрүн төрт бурчтуу көзөйт. Түндүк шамалга айланбай, бири-бирине тирешип кыймылдабас үчүн беш көзү оңго, бешөө солго бурай көзөлөт. Түндүк кезөнөгүнүн аралыгы 4 смден болот. Түндүк көздөрүнөн ууктун учу чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө койсо да болот. Түндүктүн чамгарагы үчтөн 6 же төрттөн 8 болуп маталат. Алардын кайчылашкан жерине бөрктүү мык кагат. Чамгарактын узундугу 120—150 см, жоондугу 7—8 см, ийилгендеги бийиктиги 30—50 см, алкагынын диаметри 110—120 см болот. Акырында чамгарактын 4 жерине 4 чегир же бастырма бастырылат. Алкактын жана чамгарактардын ички бетине кооздук үчүн түрлөнтүп, оюм-чийим салат. Алкактын аштап бекиткен жерине жел боолорду өткөзүү үчүн эки тогоо тагылат. Уук — түндүк менен керегени бириктирүүчү чабак жыгачтар. Уук көбүнчө тал, ба-латы ж. б-дан жасалат. Уук жасалуучу талды бүрдөй электе кыйып, аарчып, баш-аягын тегиздейт. Кереге байланчу жоон жагынын 50 смдей бөлүгүн жонуп, тегиздеп, алакан (билек) салынат. Анын эни 3,5 см. Ага үч-төрт сай (кобул) тартат да, алаканды тезге салып ичин көздөй бир аз ийип матайт. Матардын алдында кыкка, корго салып жашытып алат. Ийилген учунан 4—5 см аралыкта көзөп, ага уук боо өткөрөт. Түндүккө сайылуучу ичке жагы 4 кыр түрүндө учталат. Акырында жошолойт. Учталган учу менен билектин ортосу жумуру боюнча калат. Жумуру бөлүгү менен кобулдун кошулган жерине көрчөгө түшүрүлөт. Негизги ууктан башка 4 эшик уук болот. Алар негизги ууктан 15—20 смге кыска. Анткени баш босого керегеден 15—20 см узун келип, эшик ууктар ага бекитилет. Ууктун узундугу болжол менен 250—300 см, диаметри 2,5—3 см. Кереге башынын саны-на жараша бир боз үйгө 40—100 уук керек. Kepeге — боз үйдүн уук бекитилүүчү таяныч жыгач жасалгасы. Диаметри 2,5—3,5 см, узундугу 230—300 см, баш аягы бирдей жумуру (56—60 даана) саканактардан (таякчалардан) жасалат. Эчки тал, сары талдын кабыгы аарчылып, көлөкөгө кургатылат. Таякчаларды жашытып, теске салып, 15—20 см баш жагын сыртына, орто жерин ичине каратып ийип, матайт. Саканактардын ар бири 14—18 см аралыкта бири-бири менен кайчылаштыра көзөлөт, ага көк өткөрүлүп, эки жагын түйүп бекитет. Көктүн ордуна мык менен чегелеп бекитсе да болот. Керегенин көктөлүп бириккен жери темгек деп да аталат. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан пайда болгон 4 жагы бирдей көзчөлөрдүн чоңураагы жел көз, кичирээги тор көз деп аталат. Жел көз керегеде 12—15ке, тор көз керегеде 15—18ге чейин темгек болот. Кереге оңой жазылып, жыйылыш үчүн ар бир төрт темгектен кийин бирден (көзөлбөй, көктөлбөй) «азат» калтырылат. Керегенин баштары боз үйдүн чоңдугуна жараша болот. Керегелер көктөлүп бүткөндөн кийин, баштарын санап канатка бөлөт. Боз үйдө кереге төрттөн он эки канатка чейин жетет. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18—20 көздүү, бийиктиги боюнча 6—10 көздүү болот. Кереге канатка бөлүнгөндө эки жактарында кыска саканактар калат. Алар «жетим» же «сыңар» саканак делет. Боз үйдү тиккенде ошол саканактар бир бирине жатып, дал келген жери канат боо менен орой чалып байланат. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 мдей, эни 75 смдей болот. Жазганда жапыздап эни 2—2,5 мге жетет. Керегенин уук байланчу жогорку ачакейлери — керегенин башы, төмөнкү бөлүгү керегенин аягы деп аталат. Kepeгени мурда жошо менен боёсо, азыр сырдап, лактайт. Керегенин жайылышынан боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат. Босого. Боз үйдүн эшигинин эки жан-жагында жазылыгы 8—15 см, калыңдыгы 4—6 см, бийиктиги кереге бою эки босого таягы болот. Алардын төмөнкү учу аяк же жер босогонун четиндеги төрт чарчы көзөнөгүнө, жогорку учу баш босогонун тешигине ашталат. Аяк босого менен баш босогонун узундугу 1 м чамалуу, калыңдыгы 6—8 см, эни босого таяк менен бирдей. Баш босогонун так ортосунун үстүрөөк жагында эшик боо байланчу көзөнөгү болот. Боз үйдүн эшиги материалына жараша сыртына кийиз капталган чий эшик, каалга же эргилчек. Булардын ичинен чий эшик кеңири тараган. Эшик ачылып жабылганда, эшиктин этегиндеги чий тез сынып кетпегидей анын беш катарын көк менен ороп согот. Эшикти согуп ортолоп келгенде, дагы 5—6 көк оролгон чий согулат. Ал белсөө деп аталат. Анын үстүнөн кабатталып дагы чий согулат, баш босогого жеткенде түндүккө чейин- кисин чырмап согот. Ал эшиктин көнчөгү деп аталат. Көнчөктү түндүккө тастар жип менен байлайт. Баш босогодон жер босогого чейинки бөлүгүнө ийрек салынган эшик тыш капталат. Чий эшиктин тышын кийиз менен кабаттап, көбөлөп, шырыл коёт. Эшик тыштын эки жанына ичке сызма боо тагып, чий эшик боолору менен байланат, сырт жагынан боз үйдүн кырчоосуна туташ «тастар» боо тагылат. Эшик чийге чыгдан, «канат чий» ж. б. чий буюмдарына таандык көркөм көчөттөрдү түшүрсө да болот. Боз үйгө ичин көздөй эки жакка ачылма эки кичинекей каалга жасаса да болот. Алардын баш-аяккы четтериндеги узундугу 5—6 см келген ашык-машыктын милдетин аткаруучу жумуру казыкчалары баш босого менен аяк босогонун ич жагынан эки четиндеги жазылыгы 4—6 см, узундугу 8—12 см келген курбучадагы тегерек тешиктерге киргизилет. Босого оймо-чийме менен кооздолуп, түрдүү түстөгү боёк, жошо менен боёлот. Каалгасы жок үйгө эргилчек жасалат. Анын узундугу 110—120 см, жоонураак эки таякчага, аралыгын 15—20 смден коюп, 6—7 таякчаны туурасынан аштайт. Аны оң жактагы босогого үч жеринен байлап бекитет. Сыртынан кийиз эшик жабылат. Бакан, ача бакан, түндүк бакан — үй тиричилигинде айрыкча боз үйдү тигүүдо колдонулуучу жоондугу билектей, узундугу 3—5 м, бир учу ачакей, экинчи учу мукур учталган жыгач. Ал боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө, үзүктү, түндүк жабууну, эшик чийди салууга, эшик боону түндүктөн өткөрүүгө, жаанда от жакканда түндүк жабуунун бир бурчун тирөөгө, кар жааганда үйдүн үстүндөгү карды ичинен түрткүлөп түшүрүүгө, шамалда бел баканды туура коюп ууктарды тирөөгө, кийиз жасаганда, чий согууга, ормөк курууга ж. б. жумуштарга колдонулат. Өрө кийиз. Үзүк — боз үйдүн ууктарынын үстүнөн жабылуучу калың кийиз. Боз үйдө алдыңкы жана арткы үзүк болот. Ал тең капталдуу трапеция формасында жасалат. Үзүк койдун күзгү кылчык жүнүнөн уютулат, мындай кийиз тез кирип, бышык болот. Үзүктөрдүн аягынын узундугу болжол менен 750—850 см, башыныкы 190—210 см, ортосунуку 250—300 см. Суу тийгенде чети түйрүлбөсүн үчүн үзүктүн чети кыл же жүндөн атайы эшилген жээк менен жээктелет. Үзүктүн этегине кооздук үчүн эни 15—20 см ак жана кызыл кийизден оюу түшүрүп, чачы тагылат. Ал төтөгө деп аталат. Үзүктүн төрт жерине «куш тырмак», «аюу таман» ж. б. чоң оюуларды жабмштырып, үзүктүн эки жаньша эни 10—15 см кызыл жана ак кийизден оюу түшүрүп, ал үзүктүн жан оюусу деп аталат же жээкти кызыл жана ак жүндөн эшип жээктейт. Эни 20 смдей ак кийиз менен кызыл кийиздин оюму милтеленип, үзүккө бекитилген этеги тегерете чачыланат. Ал «кылдырооч» деп аталат. Үзүктүн капталдарыиа үчтөн алты боо тагып, үзүктү уук, керегелерге байлап бекитет. Боз үйгө туурдук каланып бүткөндөн соң, адегенде алдыңкы үзүк, андан кийин арткысы жабылат. Туурдук — боз үйдүн кереге жабуусу. Кийизи үзүктөн жукараак болот. Туурасы 2—2,5 мдей, узундугу 4,5—5,5 мдей үйгө 4—5, жети — тогуз канат үйгө 6—7 туурдук жабылат. Туурдуктун жзэги кара менен ак, кээде кызыл менен ак жиптер оң-сол эшилип, жээктелет. Койдун жүнүнөн жасалган жээк суу тийгенде кирип, туурдуктун жээги бырышып калгандыктан, айрым жерлерде топоздун жүнүнөн эшилген жип менен жээктелет. Туурдуктун терме боолору кадалган эки башкы бурчу уукка бекитилет. Капталдарына эшилген боо кадалат. Боолордун учун кооздоп чачыласа да болот. Туурдуктардын сырткы этегин, эни 30—40 сладей кызыл жана ак кийизди оймолоп кооздойт. Түштүктө (Алайда) туурдуктун башына оюлган кийизди «тутуу баш» деп улап тигет. Бул жабык баш сыяктуу эле боз үйгө көрк берет. Түндүк жабуу — боз үйдүн түндүгүн жабуучу кийиз. Аны калыңыраак кийизден, түндүктүн чоңдугуна жараша төрт бурч (болжол менен 2×2 мдей) кесип, үзүк, туурдук сыяктуу жээктелет. Анын төрт бурчуна тагылган төрт боонун үчөө кырчоого байланып, эшик жактагы тастар жиби бош коюлат, ал аркылуу түндүк ачылып, жабылып турат. Түндүк жабуу тирелгенде тешилбес үчүн тастар жип кадалган бурчунун ич жагына тумарча кийиз капталып тигилет. Чий. Сабагы түз, жылмакай, катуусу колдонулат. Чий август айынын экинчи жарымында бышат. Аны өтө катырбай, жумшак кезинде белге салып жулуп, боолап, көлөкөдө кургатат. Согор алдында анын кабыгын аарчып, баш-аягын тегиздейт, бул акталган чий аталат. Чийди ак бойдон же оюу салып чырмап эки түрдүү согот. Чийден: канат чий, чыгдан, эшик, чыны кап, казан капкак, азыр терезе жапкыч, сумка ж. б. көптөгөн кооздук буюмдары жасалат. Чийди согордо бышык болсун үчүн «кара ооздойт» (чыбыктайт). Ал үчүн ар бир чийдин баш-аягынан 15 смдейин кара жүн же жип менен бекем ороп (Чүй, Талас өрөөндөрүндө), көбүнчө жоонураак бош ийрилген кара же күрөң жүн жип менен адегенде солдон оңго, анын үстүнөн экинчи жолу оңдон солго карай арасын ачык оройт. Ороп бүткөндө чий тордолгон сыяктуу болуп, учтары сынбайт. Ошол эле канат чийден жасалган чыгдандардын эки жагын «кара ооздош» үчүн 10—12 чийди экиден бир жуп кармап, кара жүн же жип менен башынан аягына чейин оройт. Чийди чырмоо үчүн алардын акталып, баш-аягы тегизделип, «кара ооздолуп» бүткөндөрүн бирден жерге тизип (5—6 жуп чийден бөлөгүн), жоон темене, ичке шибеге менен чийге салынуучу оймонун контурун чегип түшүрөт. Андан кийин көк, кызыл түскө боёлуп, ичке келептеп түйдөктөлгөн жүн менен чегилген контур боюнча ар бир чийди ороп чыгат. Бардыгы оролуп даяр болгондон кийин, ошол боюнча тизип алып, четинен сого баштайт. Чийди эң жөнөкөй колдон жасалган «станокто» согушат. Ал «станок» төмөнкүдөй: эки мамыча 1,5 мдей аралыкта орнотулуп, үстүнө 1 мдей бийиктикте туура жыгач бекитилет, 10—12 жеринен аралыгын 12—14 смден муунакталат. Ошондо жип жылышпайт. Чыйратылган жоон жүн жиптин эки учуна таш байланып, туура жыгачтагы муунактардын үстүнө ортосунан арта салынып коюлат.

Адегенде «кара ооздолгон» беш-алты жуп чийдин ар бирин бирден станоктун үстүнө туура коюп, таш байланган жиптерди оңун солго, солун оңго өткөрөт. Чий бир сыйра жип менен буулуп бүткөндөн кийин, анын үстүнө экинчи жуп, анан үчүнчү, төртүнчү, бешинчиси коюлуп буула берет. Ошол беш-алты жуп чий буулуп бүткөн соң чийдин капталындагы «кара оозу» бүтөт. Андан ары «кара оозунун» үстүнө чырмалган чийлерден бирден коюп бууп отуруп, согуп бүтөрдө дагы беш жуп «кара ооздолгон» жуп чийлерди бууп, ошону менен чий же чыгдан согулуп бүтөт. Чийдин баш-аягынан жип шыпырылып чыгып кетпес үчүн ийрек баетырат же чийдин бир аз дөңгөсүн калтырып бекитет. Боз үйгө калоочу чырмалган чийдин жазылыгы 6—8 м, бийиктиги 135—140 см болот. Чий токулуучу жипти кой-эчкинин жүнүн аралаштырып ийрип, сол чыйратат. Чырмалган чийди негизинен боз үйдүн керегесине калайт, эшигин жана чыгдан жасайт. Эшик жасалуучу чийди көк менен соксо бышык болуп, көпкө чыдайт. Чыгдан, ашкана чий — боз үйдүн эпчи жаккы бөлүгүн тосуу үчүн чийден жасалган калканч. Анын ичинде идиш-аяк коюлуп, тамак-аш сакталат. Аны чий соккондой эле со-гот. Ал канат чийден кичирээк, узуну 1,5—3 м, бийиктиги — 120—150 см. Чыгдан чий чырмалбай актай жана чырмалып жасалат. Чырмалган чыгдан, канат чийден ага түшүрүлгөн оймосу менен айырмаланат. Ага «омуртка», «сыңар мүйүз», «таңдай» ж. б. оймо түшүрүлөт. Чыгдандын баш-аягы, эки капталы бир сөөмдөн (10—15 см) кийиз, тукаба, кээде таар же жөнөкөй калың кездеме менен көбөөлөнөт. Баш жагындагы көбөөгө сайма сайып чачы тагат. Чачыга мончок өткөзсө да болот. Капталына үчтөн алты боо тагат. Алар уук менен керегеге байланат. Азыр чыгданды ак чийден согуп, өзүнчө чийбаркытка «болгар крести» менен сайма сайып, аны чийдин бетине жабыштыра тигип, чекелерин көбөөлөп, башына фабрикада жасалган жибек чачыларды башкы көбөгө улай тигишет. Мындай чыгдан кооз болгону менен чырмалган чыгданга жетпейт. Боо-чууга баш чалгыч, уук тизгич, тегирич, кереге таңуу, эшик, туурдук, үзүк, жел боолор, канат боо, тастар жип, түндүк жабуунун боосу, кырчоо кирет. Буларды жүнгө кыл кошуп колго эшип, жибин ийрип өрмөктө согот. Бел кырчоо — боз үйдүн туурдугун белинен тегерете курчаган жоондугу ар кандай узун жип. Кылды же жүндү тарап, түйдөктөп кол менен каттап, аркан, чылбыр сынары эшилүүчү жиптерди оңго чыйратат. Толгоосу солго имерилет. Үч адам толгойт, бирөө эшилип жаткан арканды түрөт. Баш чалгыч, уук тизгич, үзүк, туурдук, жел боолордун, тастар жип, кырчоонун эни 5—6 слгден ашат. Аларды көбүнчө өрмөктө терип, эки түрдүү согот. Түр салбай актай да түр салып, көбүнчө кызыл менен көк, сары менен күрөң жиптерден терип, бир беттүү жана эки беттүү согулат. Аркак — жумшак, эриши чыйрак ийрилет. Жиптин саны аларга салынуучу оймонун түрүнө жана алардын энине жараша болот. Мис., «тай таман» оймосуна 15—20 жип, «кырк шак» оймосу үчүн 60тан ашык жип алынат. Тегирич, кылдырач, кереге таңгычтар бир жүздүү терме менен эндүү, уук тизгич, кереге чалгыч, туурдук боо, жел боо, саканак таңгычтар эки жүздүү терме менен оң-сол согулат. Жабык баш боо — боз үйдүн жабык башынын кереге менен уукка байлануучу жуп боосу. Аны үзүк боо, туурдук боо сыяктуу 27 тал жиптен согот. Жел боо (түндүк боо) — түндүктүн эки жагына тагылуучу терме боо. Түндүк көтөрүүдө аны түндүк бакан менен кошо кармайт, көбүнчө уук-керегеге кыстарып коёт. Боонун оң-тетири тарабы көрүнүп тургандыктан, аны эки жүздүү терме кылып согот. Жөнөкөй сызмадан да жасайт. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Бул да эки жүздүү термедей согулат же сызмадан жасалат. Саканак таңгыч — жайылган керегелердин бири-бирине ашталган саканактарын бириктирип бекитүүчү сызма. Эни уук тизгичтей, бир же эки жүздүү терме же жөнөкөй сызма түрүндө согулат. Уук тизгич (тизгич) — боо-чуунун эң ичкеси. Сайылган ууктар жылып кетпегендей билегине кыркалай имере оролот. Буга жети гана тал жип чалынып, ууктан оң-тетири та-рабы көрүнүп тургандыктан, көбүнчө эки жүздүү терме менен согулат. Ага «бадам» көчөтүн берүү үчүн алты кызыл жипти алат да, экинчисине көктөн ошончону илет. Экин-чисине кайра кызылдан төртөө алынат. Анан көктөн үчтү, кызылдан үчтү келтирип, кайра кызылдан бирди «секиртет». Анан көктөн экөө, кызылдан үчөө, кайра көктөн үчөө, кызылдан үчөө түшөт, көктөн төртөө келгенде кызылдан илинбейт, көктөн кайра бешөө түшөт. Ошентип «жарым бадам» пайда болот. Мында эки четиндеги эни талдан 4 кара жип терилбей, ошол бойдон түшөт. Боз үй жасалып бүткөндөн кийинки жалпы көлөмү керегенин канатынын санына жараша 4 : 12 канат же болбосо 40 : 120 баштуу делет. Боз үйдүн орточо диаметри 5 м, коломтодон түндүккө чейинки бийиктиги 4 : 8 м болот. Боз үйдүн тигилиши. Аны адатта аялдар тигет, эркектер түндүк көтөрүүгө жана уук жабууга гана жардамдашат. Үй конуштун шартына карай орун тандап, сууга жакын, жол тарапты беттеп, шамалдан ыктоо, түз жерге тигилет. Оболу төр керегесин жайып канаттары оңго жана солго керилет. Андан кийин калган керегелер жайылып, бири-бирине ашталып, саканак ортолору атайын сызма же эшме жип менен таңгыч аркылуу арчындалып, бекем тартылат. Канат керегелердин бир жак учу босого таякка бекитилет. Тегерете канат керегелер жайылгандан кийин, кереге чалгыч салынып, эки жагындагы жел боолорун бакан менен кошо түндүктүн так ортосундагы чамгарагынан бакандын ачасына аштай бир киши кармап, үйдүн так ортосуна туруп, түндүктү көтөрөт. Түндүктүн көзчөлөрүнө ар кай жеринен туш-туштан уук сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат. Ууктун учтары түндүктүн көзчөлөрүнө буралып, имериле сайылса, үй өчөйүм, сыны бузулуп, бөйрөктүү болбой шоңшоюп калат. Ошондуктан уук баштары менен кереге учтарын түздөп, уукту ар бир кереге башына аштай байлайт. Эгер уукту бир тарабына көбүрөөк тизсе, түндүк ошол жагына көтөрүңкү болуп калат. Муну «түндүк чыгып кетти» дейт. Бул учурда түндүк чыгып кеткен жактын карама-каршы тарабындагы керегенин бооруна жел боону алып барып, катуу тартып байлайт

15.01.2020 13:37


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!